bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Deuteronomy 13
Deuteronomy 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 14 →
1
Эгерде силердин араңардан пайгамбар же түш жоругуч чыгып, силерге жышаан же керемет көрсөтө турган болсо,
2
ал айткан жышаан же керемет аткарылса, анан ал: “Жүр, сен билбеген башка кудайларга барабыз, ошолорго табынабыз”, – дей турган болсо,
3
анда ал пайгамбардын же ал түш жоругуч адамдын сөздөрүн укпа, анткени Кудай-Теңириңер Өзүн чын жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен сүйөр-сүйбөсүңөрдү билиш үчүн, силерди ушул аркылуу сынап жатат.
4
Кудай-Теңириңердин жолу менен жүргүлө, Андан корккула. Анын осуяттарын аткаргыла, Анын үнүн уккула, Ага кызмат кылгыла, Ага жабышкыла.
5
Силерди Мисир жеринен алып чыгып, кулчулуктан куткарган Кудай-Теңириңерден четтөөгө үндөгөнү үчүн, Кудай-Теңириң осуяттаган жолдон чыгарууга аракет кылганы үчүн, ал пайгамбарды же түш жоругучту өлүм жазасына тартуу керек. Өз ичиңдеги жамандыкты ушинтип жок кыл.
6
Эгерде сени бир тууганың, энеңдин уулу, же уулуң, же кызың, же жаныңда жаткан аялың, же жаныңдай көргөн жан досуң: “Жүр, сен да, ата-бабаларың да билбеген башка кудайларга табынабыз”, – деп,
7
сенин тегерегиңдеги, жакын же алыс жашаган, жердин бир четинен экинчи четине чейин жашаган элдердин кудайларына жашыруун азгырса,
8
анда ага макул болбо, анын сөзүн укпа. Аны кечирбе, аяба, жашырып койбо.
9
Аны өлтүрүп сал. Аны өлтүрүүгө баарынан мурун сен кол көтөрүшүң керек, андан кийин бүт эл кол көтөрсүн.
10
Аны таш бараңга алып өлтүр, анткени ал сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Кудай-Теңириңден алыстатууга аракет кылды.
11
Муну бүткүл Ысрайыл эли угуп, коркуп калат да, ошондон кийин сенин ичиңде андай жамандыкты кылбай калат.
12
Эгерде Кудай-Теңириң сага жашаганга берип жаткан шаарлардын биринен,
13
сенин элиңдин ичинен бузулган адамдар чыгып, шаардын тургундарын азгырып: “Жүргүлө, силер билбеген башка кудайларга табынабыз”, – дегенин уксаң,
14
анда издеп, иликтеп, жакшылап сура. Эгерде бул жийиркеничтүү иш араңарда чыны менен болсо,
15
анда ал шаардын тургундарын кылычтап кырып сал, малын, эмнеси болсо, ошонун бардыгын жок кыл.
16
Бардык олжону аянттын ортосуна чогулт, шаарды бардык олжо менен кошо Кудай-Теңириңе арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык катары өрттөп сал. Ал шаар түбөлүккө урандыга айлансын, эч качан кайрадан курулбасын.
17
Каргышка калган нерселерден эч нерсе алба, ошондо Теңир Өзүнүн каарын токтотуп, ата-бабаларыңа убада кылгандай, сага ырайым кылып, укумдатып-тукумдатып көбөйтөт.
18
Эгерде Кудай-Теңириңди уксаң, мен бүгүн сага берип жаткан осуяттардын бардыгын аткарсаң, Теңирге жаккан иштерди кылсаң, Ал ушул айткандарын аткарат.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34