bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Deuteronomy 27
Deuteronomy 27
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 28 →
1
Муса Ысрайыл аксакалдары менен бирге элге кайрылып, мындай деди: «Мен бүгүн силерге берип жаткан осуяттардын бардыгын аткаргыла.
2
Кудай-Теңириңер берип жаткан жерге Иордан аркылуу өткөн күнү чоң-чоң таштарды коюп, акиташ менен актагыла.
3
Кудай-Теңириң сенин ата-бабаларыңа убада кылган, сүт менен бал аккан жерге кириш үчүн, Иордан суусунан өткөн күнү ал таштарга ушул мыйзамдарды жазып кой.
4
Иордандан өткөндөн кийин, мен бүгүн силерге буйругандай, ал таштарды Эйбал тоосуна коюп, акиташ менен актагыла.
5
Ошол жерге Кудай-Теңириңе арнап, темирдин учун тийгизбей, таштан курмандык чалынуучу жай кур.
6
Кудай-Теңириңерге курмандык чалынуучу жайды бүтүн таштардан кургула. Анан Кудай-Теңириңерге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалгыла.
7
Ошол жерге тынчтык курмандыктарын алып келип жеп, Кудай-Теңириңердин алдында көңүл ачкыла.
8
Андан кийин ал таштарга ушул мыйзамдын бардык сөздөрүн даана кылып жазып койгула».
9
Анан Муса менен ыйык кызмат кылуучу лебилер бүткүл Ысрайыл элине мындай деп айтышты: «Көңүл буруп, кулак сал, Ысрайыл, бүгүн сен Кудай-Теңирдин Өз эли болдуң.
10
Ошондуктан Кудай-Теңириңдин сөзүнө кулак салып, мен бүгүн берип жаткан Анын осуяттары менен буйруктарын аткар».
11
Ошол күнү Муса элге мындай деп буйрук берди:
12
«Иордандан өткөндөн кийин, мына бул уруулар элге бата берип туруш үчүн, Гаризим тоосуна чыгып турушу керек: Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар, Жусуп жана Бенжемин.
13
Ал эми мына бул уруулар каргаш үчүн Эйбал тоосуна чыгып турушу керек: Рубейин, Гат, Ашыр, Забулун, Дан жана Напталы.
14
Лебилер катуу үн менен бүт ысрайылдыктарга мындай деп айтышсын:
15
“Оюп же куюп буркан жасап, аны жашыруун жерге катып койгон кишиге каргыш тийсин! Анткени сүрөтчүнүн колунан чыккан чыгарма Теңирдин алдында жийиркеничтүү”. Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.
16
“Атасына же энесине тил тийгизгенге каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.
17
“Жакынынын чек арасын бузганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.
18
“Сокурду жолдон адаштырганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.
19
“Келгинге, жетимге жана жесирге адилетсиз өкүм чыгарганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.
20
“Атасынын аялы менен бир төшөккө жатканга каргыш, анткени ал атасынын төшөгүн ачты”. Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.
21
“Жаныбар менен жатканга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.
22
“Өз карындашы же эжеси менен, атасынын же энесинин кызы менен жатканга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.
23
“Кайын энеси менен жатканга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.
24
“Өз жакынын жашыруун өлтүргөнгө каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.
25
“Айыпсыз адамды өлтүрүш үчүн акы алганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.
26
“Бул мыйзамды аткарбаганга, бул мыйзам боюнча жашабаганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 28 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34