bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Deuteronomy 8
Deuteronomy 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 9 →
1
Теңир ата-бабаларыңарга убада кылган жерге барып, аны ээлеп, тирүү калышыңар үчүн жана укумдап-тукумдап көбөйүшүңөр үчүн, мен бүгүн силерге берип жаткан осуяттардын баарын аткарууга аракет кылгыла.
2
Кудай-Теңириң сени чөлдө алып жүргөндөгү бүт жолуңду эсиңден чыгарба. Анын осуяттарын сактарыңды же сактабарыңды, жүрөгүңдө эмне бар экенин билиш үчүн, сени сынаш үчүн, сени жоошутуу үчүн алып жүргөнүнө кырк жыл болду.
3
Ал сага адам нан менен гана эмес, Теңирдин оозунан чыккан сөз менен жашарын көрсөтүш үчүн, сени жоошутту, ачкачылык менен алсыратты жана сен билбеген, сенин ата-бабаларың билбеген манна менен азыктантты.
4
Ошол кырк жылдын ичинде кийимиң жыртылган жок, бутуң шишиген жок.
5
Атасы баласын үйрөткөндөй, Кудай-Теңириң сени үйрөтүп жатканын эсиңден чыгарба.
6
Ошондуктан Кудай-Теңириңдин жолу менен жүр, Андан корк, Анын осуяттарын аткар.
7
Анткени Кудай-Теңириң сени өрөөндөрү менен тоолорунан дарыялар, булактар жана көлдөр агып чыккан,
8
буудай, арпа, жүзүм, анар жана анжыр дарактары, зайтун дарактары өскөн, бал аккан жерге алып бара жатат.
9
Ал жерде сен нанды тойгончо жеп, эч нерседен кем болбойсуң, ал жердин таштары – темир, ал жердин тоолорунан жез кенин аласың.
10
Жеп-ичип тойгонуңда, сага берген асыл жери үчүн Кудай-Теңириңе алкыш айт.
11
Байкагын, бүгүн мен сага берип жаткан Анын осуяттарын, мыйзамдарын, көрсөтмөлөрүн аткарбай койбо, Кудай-Теңириңди унутуп калба.
12
Жеп-ичип тойгонуңда жана заңгыраган үйлөрдү салып жашап жатканыңда,
13
бодо малың менен майда малың, алтының менен күмүшүң көбөйгөндө, сенде бардыгы жетиштүү болгондо,
14
байкагын, жүрөгүң текеберденип кетпесин, сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Кудай-Теңириңди унутуп калба.
15
Ал сени уулуу жылан, кара курт жашаган коркунучтуу ээн кара чөл менен, бир тамчы суусу жок жерлер менен алып өткөн. Ал сага аска таштан суу чыгарып берген.
16
Акырында сага жакшылык кылыш үчүн, сени жоошутуш үчүн, сыноодон өткөрүш үчүн, сени ошол чөлдө ата-бабаң билбеген манна менен азыктанткан.
17
Ичиңден: “Ушул байлыкты өз колум менен, өз күчүм менен таптым”, – деп айтпа,
18
Кудай-Теңириңди эсиңден чыгарба, сенин ата-бабаларыңа ант берип түзгөн Өзүнүн келишимин аткарыш үчүн, байлык тапканга күч-кубатты сага Ал берип жатат.
19
Эгерде сен Кудай-Теңириңди унутуп, башка кудайларды ээрчип кетсең, аларга табынып, кызмат кылсаң, мен азыр эле айтып коёюн: сен кырылып жок болосуң.
20
Кудай-Теңириңдин үнүн укпаганың үчүн, Теңир сенин алдыңда жок кылып жаткан элдерге окшоп, сен да жок болосуң.
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34