bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Deuteronomy 22
Deuteronomy 22
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 23 →
1
Бир тууганыңдын жоголуп кеткен өгүзүн же коюн таап алсаң, аны таштап салбай, бир тууганыңа кайтарып бер.
2
Эгерде малдын ээси алыс жашаса, же анын ким экенин билбесең, анда ал малды өз үйүңө алып кел. Малдын ээси өзү издеп келгиче, үйүңдө кармап тур, анан кайтарып бер.
3
Жакыныңдын жоготуп алган эшегин таап алсаң да, кийимин таап алсаң да, буюмун таап алсаң да, ошондой кыл. Бул айтылгандан четтебе.
4
Жакыныңдын эшеги же өгүзү жолдо жыгылып калганын көрсөң, таштап кетпе, ага аларды тургузууга жардам бер.
5
Аял эркектин, эркек аялдын кийимин кийбеши керек, анткени ушундай кылган ар бир адам Кудай-Теңириңдин алдында жийиркеничтүү.
6
Эгерде жолдон даракка же жерге салынган канаттуунун уясын көрсөң, ал уяда энеси балапандарын же жумурткаларын басып жатса, анда энесин балапандары менен кошо алба.
7
Өзүңө жакшы болушу үчүн, өмүрүң узун болушу үчүн, энесин коё берип, балапандарын ал.
8
Кимдир бирөө үйүңдүн үстүнөн кулап түшпөшү үчүн, айыптуу болуп калбашың үчүн, үй кура турган болсоң, үйүңдүн үстүнө тегерете тосмо жасап кой.
9
Жүзүмзарыңа эки түрдүү үрөн сеппе, болбосо сепкен үрөнүңдүн түшүмү да, алган жүзүмүң да ыйык болуп калат.
10
Өгүз менен эшекти кошуп жер айдаба.
11
Жүн менен зыгыр буласы аралаш токулган кездемеден кийим кийбе.
12
Yстүңө жамына турган жамынчыңдын төрт бурчуна чачы жасап ал.
13
Ким аял алып, ага жакындагандан кийин, аны жек көрүп калса,
14
анан: “Мен үйлөнүп, ага жакындаганда, кыздыгы жок болуп чыкты”, – деп, жалган жерден айыптап, жаман сөз таратса,
15
анда кыздын атасы менен энеси шаар аксакалдарына, дарбаза алдына кызды алып келсин да, кызынын кыздык белгисин далилдесин.
16
Кыздын атасы шаар аксакалдарына: “Мен кызымды бул кишиге аялдыкка бергем, ал азыр кызымды жек көрүп калды.
17
Аны жаманатты кылып: «Мен сенин кызыңдын кыздыгын көргөн жокмун», – деп жатат. Бирок менин кызымдын кыздык белгиси мына”, – деп, кызынын кыздык белгиси калган кийимин шаар аксакалдарынын алдына жайсын.
18
Ошондо шаардын аксакалдары күйөөсүн алып келип жазага тартсын.
19
Ал Ысрайыл кызын жаманатты кылып, ушак таратканы үчүн, анын мойнуна жүз шекел күмүш салышсын, күмүштү кыздын атасына беришсин. Кызы анын аялы болуп кала берсин. Ал өмүр бою аны менен ажыраша албайт.
20
Эгерде анын айтканы чындык болуп, кыздын кыздыгы жок болуп чыкса,
21
анда кызды атасынын үйүнө алып барышсын, аны шаардын эли таш бараңга алып өлтүрсүн, анткени ал атасынын төрүндө ойноштук кылып, Ысрайыл элинин арасында жийиркеничтүү иш кылды. Өз элиңдин ичинен жамандыкты ушинтип жок кыл.
22
Эгерде күйөөсү бар аял менен жаткан бирөө кармалса, анда экөө тең: аял менен жаткан эркек да, эркек менен жаткан аял да өлтүрүлсүн. Ысрайыл элинин ичинен жамандыкты ушинтип жок кыл.
23
Бойго жеткен кыз жигити менен убадалашып койгондон кийин, шаардан бирөө жолугуп калып, аны менен жатса,
24
анда экөөнү тең ошол шаардын дарбазасынын алдына алып келип, таш бараңга алып өлтүрүшсүн. Кызды кыйкырып жардамга чакырбаганы үчүн, эркекти жакынынын аялын булгагандыгы үчүн өлтүрүшсүн. Өз элиңдин ичиндеги жамандыкты ушинтип жок кыл.
25
Эгерде кимдир бирөө убадалашып койгон кызга талаадан жолугуп калып, аны кармап алып зордуктап койсо, анда аны зордуктап койгон эркек гана өлүм жазасына тартылсын.
26
Кызга болсо тийбегиле, анын өлүмгө тете күнөөсү жок. Эгерде аны өлүм жазасына тартсаңар, анда бул өз жакынына кол көтөрүп өлтүргөнгө барабар болуп калат.
27
Анткени ал убадалашып койгон кызга ээн талаадан жолугуп калган, кыз жардам сурап кыйкырса да, куткара турган эч ким болгон эмес.
28
Эгерде кимдир бирөө убадалашпаган кызга жолугуп калып, аны зордуктап жатканда, үстүнөн бирөөлөр чыгып калса,
29
анда аны менен жаткан эркек кыздын атасына элүү шекел күмүш берсин. Ал аны аялдыкка алсын, анткени аны зордуктап койду. Ал аны менен өмүр бою ажыраша албайт.
30
Эч ким атасынын аялын албасын, атасынын төшөгүн ачпасын.
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 23 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34