bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Deuteronomy 17
Deuteronomy 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 18 →
1
Кудай-Теңириңе кемчилиги бар, же болбосо бир жаман нерсеси бар малды, өгүз болобу, кой болобу, курмандыкка алып келбегиле, анткени бул Кудай-Теңириң үчүн жийиркеничтүү.
2
Эгерде Кудай-Теңириң берип жаткан жерлердин биринде силердин араңардан эркек же аял Кудай-Теңириңдин келишимин бузуп, Ага жакпаган ишти кыла турган болсо,
3
же мен тыюу салган башка кудайларды ээрчип, ага табына турган болсо, же күнгө, же айга, же асман күчтөрүнө таазим кыла турган болсо,
4
сага ушинтип айтып келишсе, ушундайды уксаң, анда оболу жакшылап иликте. Эгерде Ысрайылда ушундай жийиркеничтүү иштин болгону чын болсо,
5
анда ушундай жийиркеничтүү ишти кылган эркекти же аялды дарбазанын алдына алып чыгып, таш бараңга алып өлтүр.
6
Ал эки же үч күбөнүн сөзү менен өлүм жазасына тартылууга тийиш. Өлүм жазасына бир күбөнүн сөзү менен тартылбасын.
7
Аны өлтүрүүгө күбөлөр биринчи кол көтөрүшсүн, анан бардык эл кол көтөрүшү керек. Өз ичиңдеги жийиркеничтүү ишти мына ушинтип жок кыл.
8
Бирөөнү бирөө өлтүрүп койгондо, бирөө менен бирөө чатакташа кеткенде, бирөөнү бирөө сабап, денесине зыян келтиргенде, ал ишти чечүү сен үчүн кыйын болсо, дарбазаңдын алдында пикир келишпестик болсо, анда Кудай-Теңириң тандап алган жерге барып,
9
ошол убактагы ыйык кызмат кылуучу лебилерге жана башкаруучуларга кайрыл, алар сага эмне кылууну айтып беришет.
10
Теңир тандап алган жерде алар кандай айтса, ошондой кыл, алар кандай буйрук берсе, ошонун баарын аткарууга аракет кыл.
11
Алар үйрөткөн мыйзам боюнча, алар берген көрсөтмө боюнча кыл, алардын айтканынан оңго да, солго да бурулба.
12
Ким Кудай-Теңириңдин алдында кызмат кылып жаткан ыйык кызмат кылуучуну же башкаруучуну текеберденип укпай койсо, ал өлүшү керек. Ысрайыл элиндеги жамандыкты ушинтип жой.
13
Муну бардык эл угуп, коркуп калат. Ошондон кийин текеберденбей калышат.
14
Кудай-Теңириң берип жаткан жерге барып, аны ээлеп, ага отурукташканыңда: “Тегерегимде жашаган башка элдер сыяктуу эле өзүмө падыша коём”, – дей турган болсоң,
15
анда өзүңө Кудай-Теңириң тандаган падышаны кой, падышаны бир туугандарыңдын арасынан танда. Падышаны сенин бир тууганың болбогон, бөтөн жерликтен койбо.
16
Бирок ал падыша өзүнө жылкы көбөйтүп албасын, өзүнө жылкы көбөйтүш үчүн, элди Мисирге жибербесин, анткени Теңир силерге: “Мындан ары ал жол менен баспагыла”, – деген.
17
Ал падыша көп аял алып жүрөгү бузулбасын. Алтын-күмүштү ашык жыйнабасын.
18
Ал падышачылык тактыга отурганда, ыйык кызмат кылуучу лебилердин китебинен мыйзамдарды көчүрүп алсын.
19
Ал китеп анын колунда болсун, өмүрү өткөнчө окусун. Кудай-Теңиринен коркууга үйрөнсүн, ошол мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдүн бардыгын аткарууга аракеттенсин.
20
Өзүн бир туугандарынан жогору койбосун. Мыйзамдан оңго да, солго да бурулбасын, ошондо ал өзү да, анын уулдары да Ысрайылда көп жыл падышачылык кылышат.
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34