bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Deuteronomy 16
Deuteronomy 16
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 17 →
1
Абыт айын эсиңден чыгарба, ушул айда Кудай-Теңириңе арнап Пасах майрамын өткөр, себеби Кудай-Теңириң сени Мисирден Абыт айында, түн ичинде алып чыккан.
2
Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде Кудай-Теңириңе арнап, Пасах курмандыгына бодо же майда малдан сой.
3
Аны ачыган нерсе менен жебе, аны “оор күндүн наны” деп аталган ачыткысыз нан менен жети күн же, анткени сен Мисир жеринен шашылыш чыккансың, Мисир жеринен чыккан күндү өмүрүң өткөнчө эсиңден чыгарба.
4
Жети күн бою сенин жериңде эч кимдин үйүндө ачыган нерсе болбосун, биринчи күнү кечинде алып келген курмандыгыңдын этинен эртең мененкиге калбасын.
5
Теңириң берген жерде жашап жатканыңда, Пасах курмандыгын өзүң каалаган жерде сойбо.
6
Пасах курмандыгын күн батканда, Мисирден кайсы убакта чыксаң, так ошол убакта, Кудай-Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде гана сой.
7
Аны бышырып, Кудай-Теңириң тандап алган жерде же, эртеси үйүңө кайтып кел.
8
Алты күн бою ачыткысыз нан же, ал эми жетинчи күндү Кудай-Теңириңе арнап майрамда. Эч кандай жумуш кылба.
9
Түшүм жыйнай баштаган күндөн тартып жети жума эсепте.
10
Анан Кудай-Теңириңе арнап Жети күндүк майрам өткөр. Кудай-Теңириңдин бергенине жараша, Ага өз каалооң менен бер.
11
Кудай-Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде балаң, кызың, кулуң, күңүң менен, силер менен жашаган лебилер менен, араңарда жашаган келгиндер, жетимдер, жесирлер менен бирге көңүл ачкыла.
12
Мисирде кул болгонуңду эсиңден чыгарба жана бул мыйзамдарды аткар.
13
Эгиниңди жыйнап, жүзүмүңдүн ширесин алганда, жети күн Алачыктар майрамын өткөр.
14
Бул майрамда балаң, кызың, кулуң, күңүң, сени менен жашаган лебилер, келгиндер, жетимдер, жесирлер менен бирге көңүл ач.
15
Кудай-Теңириң Өзү тандап алган жерде Кудайыңа арнап жети күн майрам өткөр, ошондо сенин ала турган түшүмүңө, бардык иштериңе Кудай-Теңириң батасын берет, сен болсо көңүл ачасың.
16
Жылына үч жолу эркек аттуунун баары Кудай-Теңириң Өзү тандап алган жерге келиши керек. Ачыткысыз нан майрамында, Жумалар майрамында жана Алачыктар майрамында Теңирдин алдына эч ким куру кол келбесин.
17
Ар кимиңер Кудай-Теңириңердин берген батасына жараша алып келгиле.
18
Элге адилет өкүм чыгарып турушу үчүн, Кудай-Теңир берген жерлерге ар бир уруудан башкаруучулар менен көзөмөлдөөчүлөрдү дайында.
19
Мыйзамды бурмалаба, адамдын жүзүнө караба, пара алба, анткени пара акылдуулардын көзүн тунартат, адилеттүүлөрдүн ишин бурмалайт.
20
Адилет болууга, адилет болууга умтул, ошондо Кудай-Теңириң берип жаткан жерди ээлеп жашайсың.
21
Кудай-Теңириңе арнап курган курмандык чалынуучу жайдын жанына мазар теректерди отургузба.
22
Кудай-Теңириң жек көргөн мамыларды орнотпо.
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 17 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34