bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Deuteronomy 20
Deuteronomy 20
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 21 →
1
Душманга каршы согушка чыкканыңда, алардын аттары менен майдан арабалары, эли сеникинен алда канча көп экенин көргөнүңдө, алардан коркпо, анткени сени Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириң сени менен.
2
Согушка кирериңерде, ыйык кызмат кылуучу келип, элге кайрылып, мындай десин:
3
“Кулак сал, Ысрайыл! Силер бүгүн душмандарыңар менен согушасыңар. Жүрөгүңөр опколжубасын, тынчсызданбагыла, коркпогула.
4
Анткени Кудай-Теңириңер силердин душмандарыңар менен салгылашыш үчүн, силерди сакташ үчүн, силер менен бара жатат”.
5
Көзөмөлдөөчүлөрүңөр болсо элге мындай деп айтышсын: “Ким үй салып, ага кире элек болсо, ал үйүнө кайтсын, себеби ал согушта өлүп калса, башка бирөө кирип алат.
6
Ким жүзүмзар отургузуп, анын түшүмүн жыйнай элек болсо, ал үйүнө кайтсын, себеби ал согушта өлүп калса, башка бирөө анын түшүмүн жыйнап алат.
7
Ким убадалашып коюп үйлөнө элек болсо, согушта өлүп калбашы үчүн, колуктусун башка бирөө алып албашы үчүн, үйүнө кайтсын”.
8
Көзөмөлдөөчүлөр элге дагы мындай деп айтышсын: “Ким коркок, суу жүрөк болсо, ал бир туугандарын майтарылтпаш үчүн, үйүнө кайтсын”.
9
Көзөмөлдөөчүлөр булардын баарын элге айтып бүткөндөн кийин, элге аскер башчыларды дайындашы керек.
10
Шаарды басып алганы жакындаганыңда, ага тынчтык сунуш кыл.
11
Эгерде ал сени менен тынчтык келишимин түзүүгө макул болуп, сага дарбазасын ачып берсе, анда шаарда жашаган бардык эл сага салык төлөп, кызмат кылсын.
12
Эгерде ал тынчтык келишимин түзүүгө макул болбой, сени менен согуша турган болсо, анда шаарды курча.
13
Кудай-Теңириң аны сенин колуңа салып бергенде, ал жердеги эркек аттуунун баарын кылычтап кырып сал.
14
Кудай-Теңириң колуңа салып берген душманыңдын шаарындагы аялдарды, балдарды, малды, болгон дүнүйөсүн алып пайдалан.
15
Ал элдерге караштуу эмес, сенден өтө алыс жайгашкан шаарларды да так ушундай кыл.
16
Ал эми Кудай-Теңириң сенин энчиңе берип жаткан мына бул элдердин шаарларында жашаган адамдардын бирин да тирүү калтырба.
17
Кудай-Теңириң буйругандай, хеттиктерди, аморлуктарды, канаандыктарды, перездиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды кырып сал.
18
Алар силерди өз кудайларына табынуу учурунда кылган жийиркеничтүү иштерине үйрөтпөшү үчүн, Кудай-Теңириңердин алдында күнөө кылбашыңар үчүн, аларды кырып салгыла.
19
Эгерде бир шаарды басып алыш үчүн, курчоодо көпкө кармап турсаң, анда жемиши желе турган дарактарына тийбе, аларды кыйба, анткени талаадагы дарактар сенден качып жашынгыдай, адам эмес.
20
Өзүң билген, жемиши жегенге жарабаган дарактарды гана кыйып, кулатсаң болот. Алардан сени менен салгылашып жаткан шаарларга каршы чептерди курсаң болот.
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34