bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 1
Matthew 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 2 →
1
Ыйса Машайактын санжырасы: Ал – Дөөттүн Уулу, Ал – Ыбрайымдын Уулу.
2
Ыбрайымдан Ыскак, Ыскактан Жакып, Жакыптан Жүйүт жана дагы башка балдар төрөлгөн.
3
Жүйүт менен Тамардан Перес менен Зерак төрөлгөн. Перестен Хесрон, Хесрондон Рам төрөлгөн.
4
Рамдан Аминадап, Аминадаптан Нахшон, Нахшондон Салмон төрөлгөн.
5
Салмон менен Рахаптан Бууз төрөлгөн. Бууз менен Руттан Обейт төрөлгөн. Обейттен Жышай төрөлгөн.
6
Жышайдан Дөөт падыша төрөлгөн. Дөөттөн Сулайман төрөлгөн. Сулаймандын энеси мурун Урийдин аялы болчу.
7
Сулаймандан Рехабам, Рехабамдан Абиям, Абиямдан Аса,
8
Асадан Жошапат, Жошапаттан Жорам, Жорамдан Узия,
9
Узиядан Жотам, Жотамдан Ахаз, Ахаздан Хиския,
10
Хискиядан Менаше, Менашеден Амон, Амондон Жошия төрөлгөн.
11
Бабыл өлкөсүнө туткундалып бара жатканда, Жошиядан Жайаким, Жайакимден Жайахин жана дагы башка балдар төрөлгөн.
12
Бабыл өлкөсүнө туткундалып баргандан кийин, Жайахинден Шалем төрөлгөн. Шалемден Зоробабыл,
13
Зоробабылдан Абыйут, Абыйуттан Элийаким, Элийакимден Адзор,
14
Адзордон Садок, Садоктон Аким, Акимден Элийут,
15
Элийуттан Элазар, Элазардан Матан, Матандан Жакып төрөлгөн.
16
Жакыптан Мариямдын күйөөсү Жусуп төрөлгөн. Мариямдан Машайак деп аталган Ыйса төрөлдү.
17
Ошентип, Ыбрайымдан Дөөткө чейин бардыгы болуп он төрт муун, Дөөттөн Бабыл туткундугу убагына чейин он төрт муун, Бабыл туткундугу убагынан Машайак төрөлгөнгө чейин он төрт муун.
18
Ыйса Машайактын төрөлүшү мындай болду: Анын энеси Мариям Жусуп менен убадалашып койгон. Бирок алардын никеси кыйыла электе эле, Мариямдын Ыйык Рухтан кош бойлуу болгону белгилүү болду.
19
Анын болочок күйөөсү Жусуп адил адам болгондуктан, Мариямды эл алдында уятка калтыргысы келген жок. Ошондуктан ал Мариям менен бекиткен убадасын жашыруун бузууну ойлоду.
20
Ушундай ойго келген кезде, Теңирдин периштеси ага түшүндө көрүнүп, мындай деди: «Жусуп, Дөөттүн уулу! Мариямды аялдыкка алуудан коркпо, анткени анын боюна бүткөн бала Ыйык Рухтан.
21
Ал Уул төрөйт, Анын ысымын Ыйса деп койгун. Анткени Ал Өз элин күнөөлөрүнөн куткарат».
22
Булардын баары Теңирдин Ышайа пайгамбар аркылуу «Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, анын ысымын Эмануел деп коюшат» деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн болду. Бул ысым «Кудай биз менен» деп которулат.
24
Жусуп ойгонгондон кийин, Теңирдин периштеси буйругандай кылды. Ал Мариямды аялдыкка алды.
25
Бирок Мариям Уулун төрөгүчө, Жусуп ага жакындаган жок. Уул төрөлгөндө, Жусуп Анын ысымын Ыйса деп койду.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28