bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 27
Matthew 27
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 28 →
1
Эртең менен бардык башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар чогулуп, Ыйсаны өлүм жазасына тартуу үчүн, кеңешме өткөрүштү.
2
Алар Аны байлап алып, башкаруучу Понтий Пилатка алып барышты.
3
Ыйсага чыккынчылык кылган Жүйүт Анын айыпталганын көргөндө өкүнүп, отуз күмүш тыйынды башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдарга кайта алып келди да:
4
«Күнөөсүз кандын төгүлүшүнө себепкер болуп, күнөө кетирдим», – деди. Алар: «Биздин ишибиз эмне! Өзүң бил», – деп коюшту.
5
Жүйүт күмүш тыйындарды ийбадатканага ыргытып жиберип, ал жерден чыкты да, барып, асынып өлдү.
6
Башкы ыйык кызмат кылуучулар тыйындарды жыйнап алып: «Бул – кандын наркы. Муну ийбадаткананын казынасына салууга болбойт», – дешти.
7
Өз ара акылдашышты да, бөтөн жерликтердин сөөгүн коюу үчүн, ал тыйынга карапачынын жерин сатып алышты.
8
Ошондон улам ал жер бүгүнкү күнгө чейин «Кандуу талаа» деп аталат.
9
Ошондо Жеремия пайгамбардын «Алар ысрайылдыктардын Аны баалаган баасын – отуз күмүш тыйынды алып,
10
Теңир мага айткандай, карапачынын жерин сатып алышты» деп айткан сөзү аткарылды.
11
Ыйса башкаруучунун алдында турду. Пилат Андан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады. «Өзүң айтып турасың», – деди Ыйса.
12
Айыптап жаткан башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдарга Ыйса такыр жооп берген жок.
13
Ошондо Пилат Ага мындай деди: «Сага каршы кандай күбөлөндүрүүлөрдү айтып жатышканын угуп жатасыңбы?»
14
Бирок Ыйса анын бир да сөзүнө жооп берген жок. Пилат буга аябай таң калды.
15
Пасах майрамы сайын эл каалаган бир туткунду боштондукка чыгарууну башкаруучу адат кылып алган эле.
16
Ошол учурда түрмөдө Барабба деген, атагы чыккан бир туткун бар болчу.
17
Баары чогулганда, Пилат мындай деди: «Кимди бошотушумду каалайсыңар, Бараббаныбы же Машайак аталган Ыйсаныбы?»
18
Анткени Аны көрө албастыктан улам кармап беришкенин Пилат билчү.
19
Пилат сот тагында отурганда, аялынан «Ал адил Адамга тие көрбө, анткени мен түндө түшүмдө Ал үчүн аябай кыйналып чыктым» деген кабар келди.
20
Ошол учурда башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар: «Бараббаны сурагыла, Ыйса өлүм жазасына тартылсын», – деп, элди көндүрүп жатышты.
21
Пилат алардан: «Экөөнүн кимисин бошотуп берүүмдү каалайсыңар?» – деп сурады. «Бараббаны», – дешти алар.
22
«Анда Машайак аталган Ыйсаны эмне кылайын?» деген Пилатка баары бир ооздон: «Ал айкаш жыгачка кадалсын!» – деп жооп беришти.
23
Башкаруучу: «Ал кандай жаман иш кылды эле?» – десе, алар: «Кадалсын!» – деп, ого бетер катуу кыйкырышты.
24
Эч нерсе жардам бербестигин, тескерисинче, ызы-чуу күчөп баратканын көргөн Пилат суу алып, элдин алдында колун жууду да, мындай деди: «Бул адил Адамдын каны үчүн Мен күнөөлүү эмесмин. Өзүңөр билгиле».
25
Элдин баары: «Анын каны биздин жана биздин балдарыбыздын мойнунда болсун», – деп жооп беришти.
26
Ошондо Пилат аларга Бараббаны бошотуп берди. Ыйсаны болсо камчы менен сабаткандан кийин, айкаш жыгачка кадатуу үчүн, аскерлердин колуна тапшырды.
27
Башкаруучунун аскерлери Ыйсаны падыша сарайына алып келишти да, бүт аскер бөлүгүн Анын тегерегине чогултушту.
28
Ыйсанын кийимин чечип алып, падышалар кийүүчү кочкул кызыл чапан кийгизишти.
29
Тикенектен таажы өрүп, башына кийгизип, оң колуна таяк карматышты да, алдына тизе бүгүп: «Салам, жүйүттөрдүн Падышасы!» – деп келекелешти.
30
Ага түкүрүштү, чыбык менен башка чапкылашты.
31
Келекелешкенден кийин, Андан падышалар кийүүчү кочкул кызыл чапанды чечип алып, Өз кийимин кийгизишти. Анан Аны айкаш жыгачка кадоо үчүн алып жөнөштү.
32
Жолдо алар киренеялык Шымон деген адамды учуратып, Ыйсанын айкаш жыгачын мажбурлап көтөртүп коюшту.
33
Ошентип, алар Голгофа деген жерге келишти. Эврей тилиндеги бул сөз «Баш сөөгү» деп которулат.
34
Ага өт кошулган шарап беришти. Ал анын даамын татып көрүп, ичпей койду.
35
Аны айкаш жыгачка кадап коюшкандан кийин, кийимдери үчүн өкчөмө таш ыргытып, өз ара бөлүп алышты.
36
Андан кийин ошол жерге отуруп, Аны күзөтүштү.
37
Баш жагына «Бул – жүйүттөрдүн Падышасы Ыйса» деп жазылган, Анын айыбын көрсөткөн тактайчаны илип коюшту.
38
Ыйсанын жанына эки кылмышкер да айкаш жыгачка кадалды: бири Анын оң жагына, бири сол жагына.
39
Ал жерден өтүп бара жаткандар баштарын чайкап:
40
«Ии, ийбадаткананы бузуп, үч күндө Тургузуучу! Эгерде Кудайдын Уулу болсоң, куткар Өзүңдү! Түш айкаш жыгачтан!» – деп, тилдеп жатышты.
41
Башкы ыйык кызмат кылуучулар да мыйзам окутуучулар жана аксакалдар менен бирге Аны мындай деп шылдыңдашты:
42
«Башкаларды куткарды, Өзүн болсо куткара албайт! Эгерде Ал Ысрайылдын Падышасы болсо, айкаш жыгачтан түшсүн, ошондо биз Ага ишенели.
43
Ал Кудайдан үмүттөнчү эмес беле. Эгерде Ал Кудайга жакса, Кудай Аны куткарып алсын. Анткени Ал: “Кудайдын Уулумун”, – дебеди беле».
44
Анын жанындагы айкаш жыгачтарга кадалган кылмышкерлер да Аны тилдеп жатышты.
45
Алтынчы сааттан тогузунчу саатка чейин бүт жерди караңгылык басып турду.
46
Тогузунчу саат чамасында Ыйса: «Эли, Эли, лама шабактани?» – деп, катуу кыйкырды. Бул «Кудайым ай, Кудайым ай! Мени эмнеге жалгыз калтырдың?» деп которулат.
47
Ал жерде тургандардын кээ бирөөлөрү муну укканда: «Ал Илиясты чакырып жатат», – дешти.
48
Алардын бири дароо жүгүрүп барып, соргуч алып келди. Аны ачуу ичимдикке малып, таяктын учуна илип, Ыйсанын оозуна жакындатты.
49
Кээ бирөөлөр болсо: «Коё тур, Илияс келип, Аны куткарар бекен, көрөлү», – деп жатышты.
50
Ыйса дагы бир ирет үнүн катуу чыгарып, жан берди.
51
Ошол учурда ийбадаткананын көшөгөсү жогорудан ылдый айрылып, экиге бөлүнүп калды. Жер титиреп, аскалар жарылды.
52
Мүрзөлөр ачылып, ыйык маркумдар тирилишти.
53
Алар мүрзөлөрүнөн чыгып, Ыйса тирилгенден кийин, ыйык шаарга кирип, көп адамдарга көрүнүштү.
54
Жүз башы менен бирге Ыйсаны күзөткөн аскерлер жер титирөөнү, болуп жаткан окуяларды көрүшкөндө, үрөйлөрү учуп: «Бул чын эле Кудайдын Уулу болчу», – дешти.
55
Ал жерде Галилеядан бери Ыйсага кызмат кылып ээрчип келген аялдар да бар эле. Алар алыстан карап турушту.
56
Алардын арасында магдалалык Мариям, Жакып менен Жусуптун энеси Мариям жана Зебедей уулдарынын энеси бар болчу.
57
Кеч киргенде, ариматаялык Жусуп деген бир бай адам келди. Ал да Ыйсанын шакирттеринен эле.
58
Ал Пилатка келип, Ыйсанын сөөгүн сурады. Пилат сөөктү берүүнү буйруду.
59
Жусуп сөөктү алып, таза болотнай менен кепиндеди.
60
Анан ал аны асканын бооруна оюлган өзүнүн жаңы мүрзөсүнө алып барып койду. Мүрзөнүн оозун бир чоң ташты тоголотуп келип жапты да, кетип калды.
61
Магдалалык Мариям менен дагы бир Мариям ошол жерде, мүрзөнүн маңдайында отурушкан.
62
Эртеси, ишемби күнү башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Пилаттын алдына чогулуп, мындай дешти:
63
«Мырза! Жанагы алдамчынын тирүү кезинде: “Үч күндөн кийин тирилем”, – дегени эсибизге түшүп жатат.
64
Ошондуктан мүрзөнү үч күн кайтарууга буйрук бер. Шакирттери түн жамынып келип, сөөгүн уурдап кетип, элге: “Ал өлүп, кайра тирилди”, – деп айтышпасын. Ошондо бул акыркы калп мурункудан да жаман болот».
65
Пилат аларга: «Сакчыларды алгыла да, барып, каалаганыңардай кайтарып алгыла», – деп койду.
66
Алар барып, ташка мөөр басышты да, мүрзөнүн жанына сакчыларды коюшту.
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 28 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28