bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 15
Matthew 15
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 16 →
1
Ошол убакта Иерусалимден мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Ыйсага келип:
2
«Эмне үчүн Сенин шакирттериң ата-бабалардын салтын бузуп жатышат? Алар тамактанардын алдында кол жуу салтын аткарышпайт», – дешти.
3
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Анда эмне үчүн өзүңөр салттарыңардын айынан Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар?
4
Кудай мындай деп осуят кылган: “Ата-энеңди сыйла”, “Ким атасына же энесине тил тийгизсе, ал өлүм жазасына тартылсын”.
5
Силер болсо: “Эгерде ким атасына же энесине: "Сенин менден алчу нерсеңдин баары Кудайга багышталган", – десе,
6
ал адам атасына же энесине сый көрсөтпөй койсо да болот”, – дейсиңер. Ошентип, силер өз салттарыңар үчүн Кудайдын осуятын четке кагып койдуңар.
7
Эки жүздүүлөр! Ышайа силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылган:
8
“Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жүрөгү Менден алыс.
9
Алардын Мени урматтаганы – бекер, анткени алардын үйрөткөнү – адамдык эрежелер”».
10
Анан элди жанына чакырып, аларга мындай деди: «Жакшылап угуп, түшүнүп алгыла.
11
Адамды оозуна кирген нерсе арам кылбайт, оозунан чыккан нерсе арам кылат».
12
Ошондо шакирттери келип, Ага: «Билесиңби, фарисейлер бул сөздү укканда кыжырданышты», – дешти.
13
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк түп-тамыры менен жок кылынат.
14
Аларды жайына койгула. Алар – сокурлардын сокур жол башчылары. Сокурду сокур жетелесе, экөө тең аңга түшөт».
15
Петир Ага: «Бул үлгү-насаат аңгемеңди бизге түшүндүрүп берчи!» – деди.
16
Ошондо Ыйса: «Силер да алиге чейин түшүнө элексиңерби?
17
Оозго кирген нерсенин баары ашказанга келип, анан тышка чыгып кетерин билбейсиңерби?
18
Ооздон чыкканы жүрөктөн чыгат, адамды арам кылган мына ушу.
19
Анткени жаман ойлор, киши өлтүрүү, нике бузуу, ойноштук кылуу, уурулук, жалаа жабуу, ушак жүрөктө пайда болот.
20
Мына ушулар адамды арам кылат. Ал эми кол жуу расмисин аткарбай тамактануу адамды арам кылбайт».
21
Ыйса ал жерден чыгып, Тир жана Сидон аймактарына келди.
22
Ошол аймактардан канаандык бир аял чыгып, Ыйсага: «Мага ырайым кылчы, Теңир, Дөөттүн Уулу! Кызым жин оорусунан катуу кыйналып жатат», – деп кыйкырды.
23
Бирок Ыйса аялга жооп берген жок. Ошондо шакирттери Ага жакын келип: «Аркабыздан калбай кыйкырып келе жатат, аны кетирип жиберчи», – дешти.
24
Ыйса болсо: «Мен Ысрайыл элинин гана жоголгон койлоруна жиберилгем», – деп жооп берди.
25
Аял жакын келип, Анын алдына чөгөлөп: «Теңир! Мага жардам бере көр», – деп өтүндү.
26
Ыйса ага: «Балдардын нанын тартып алып, иттерге ыргыткан жакшы эмес», – деди.
27
Аял Ага: «Ооба, ошондой, Теңир! Бирок иттер да кожоюндарынын үстөлүнөн түшкөн күкүмдөрдү жешет эмеспи», – деди.
28
Ыйса аялга: «Оо аял! Ишенимиң зор экен, тилегениңдей болсун», – деп жооп берди. Ошондо анын кызы дароо айыгып калды.
29
Ыйса ал жерден кетип, Галилея көлү тарапка келди. Бир тоого чыгып отурду.
30
Ошондо Анын жанына көп эл келди. Алар чолок, сокур, дудук, майып жана башка оорулуу адамдарды Ыйсанын алдына алып келишти. Ыйса аларды айыктырды.
31
Дудуктар сүйлөп, буту баспагандар басып, сокурлар көрүп калышты. Муну көргөн эл таң калып, Ысрайылдын Кудайын даңктады.
32
Ыйса шакирттерин жанына чакырып алып, мындай деди: «Элди аяп жатам. Үч күндөн бери жанымда жүрүшөт, жегенге эч нерселери жок. Ачка кетиргим келбей турат, жолдо алсырап калышат го».
33
Шакирттери Ага: «Ушундай ээн жерде ушунча эл тоё турган нанды кайдан табабыз?» – дешти.
34
Ыйса алардан: «Канча наныңар бар?» – деп сурады. «Жети наныбыз, бир аз майда балыгыбыз бар», – дешти алар.
35
Ошондо Ал элге жерге отурууну буйруду.
36
Анан жети нан менен балыктарды алды да, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди. Нандарды сындырып, шакирттерине берди, алар болсо элге таратышты.
37
Бардыгы тоё жешти. Артып калган нандарды чогултканда, жети себет толду.
38
Аялдар менен бала-бакыраны эсептебегенде, тамактангандардын саны төрт миң эле.
39
Элди таратып жибергенден кийин, Ыйса кайыкка түшүп, Магдала аймагына келди.
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 16 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28