bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 17
Matthew 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 18 →
1
Алты күн өткөндөн кийин, Ыйса Петирди, Жакыпты жана анын бир тууганы Жаканды ээрчитип, бир бийик тоого чыкты.
2
Ошол жерде алардын көз алдында Ыйсанын көрүнүшү өзгөрүлдү: Анын жүзү күндөй жаркырап, кийими аппак болуп калды.
3
Анан аларга Ыйса менен сүйлөшүп жаткан Муса менен Илияс көрүндү.
4
Ошондо Петир Ыйсага мындай деди: «Теңир! Бул жерде болгонубуз жакшы экен. Эгерде кааласаң, бул жерге үч алачык тургузалы: Сага бирди, Мусага бирди, Илияска бирди».
5
Петир сүйлөп жаткан учурда, жаркыраган бир булут аларды каптап калды. Анан булут ичинен «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын. Аны уккула!» деген үн чыкты.
6
Муну укканда, шакирттер коркуп кетишип, жүзтөмөндөп жыгылышты.
7
Ыйса аларга жакын келип, колун тийгизип: «Тургула, коркпогула!» – деди.
8
Алар баштарын көтөрүп, Ыйсадан башка эч кимди көрүшкөн жок.
9
Тоодон түшүп келе жатышканда, Ыйса аларга: «Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин, бул көрүнүш жөнүндө эч кимге айтпагыла», – деди.
10
Шакирттери Андан: «Эмне үчүн мыйзам окутуучулар: “Илияс пайгамбар Машайактан мурун келиши керек”, – деп айтышат?» – деп сурашты.
11
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Туура, адегенде Илияс келип, бардык нерсени өз ордуна коюшу керек.
12
Бирок силерге айтып коёюн, Илияс келген. Бирок аны таанышпай, ага ойлоруна келгендей мамиле кылышты. Ошол сыяктуу эле Адам Уулу да алардын колунан азап чегет».
13
Ошондо шакирттер Анын чөмүлдүрүүчү Жакан жөнүндө айтып жатканын түшүнүштү.
14
Алар элдин арасына келишкенде, бир адам Ыйсанын алдына келип, чөгөлөп:
15
«Теңир! Менин уулума ырайым кыла көр! Анын элирмеси бар, аябай кыйналат. Бирде отко, бирде сууга боюн таштап жиберет.
16
Аны Сенин шакирттериңе алып келсем, алар айыктыра албай коюшту», – деди.
17
Ошондо Ыйса: «Оо ишенимсиз, бузулган муун! Качанга чейин силер менен болом? Качанга чейин силерге чыдайм? Баланы бул жерге, Мага алып келгиле», – деди.
18
Ыйса буйрук берери менен, баладан жин чыгып кетти. Бала ошол замат айыгып калды.
19
Ыйса жалгыз калганда, шакирттер келип: «Эмне үчүн биз жинди кууп чыгара албай койдук?», – деп сурашты.
20
Ыйса аларга: «Ишенимиңердин аздыгынан улам! Силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде силердин сары кычы данындай эле ишенимиңер болсо, бул тоого: “Бул жерден тиги жерге жыл”, – десеңер, ал жылат. Силер үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе болбойт.
21
Жиндерди сыйынуу жана орозо менен гана кууп чыгарууга болот», – деди.
22
Галилеяда жүрүшкөн кезде, Ыйса аларга: «Адам Уулун адамдардын колуна салып беришет.
23
Аны өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү тирилет», – деди. Шакирттер буга абдан капа болушту.
24
Капернаумга келишкенде, дидрахма жыйнаган салык жыйноочулар Петирге келип: «Силердин Устатыңар дидрахма береби?» – деп сурашты.
25
«Берет», – деп жооп берип, Петир үйгө кирди. Ал эч нерсе айта электе эле, Ыйса андан: «Кандай деп ойлойсуң, Шымон, бул дүйнөдөгү падышалар алык-салыкты кимден алышат: өз уулдарынанбы же бөтөн кишилерденби?» – деп сурады.
26
«Бөтөн кишилерден», – деди Петир. Ыйса ага: «Демек, уулдары салык төлөшпөйт экен да.
27
Бирок салык жыйноочулар кыжырланбашы үчүн, көлгө барып, кайырмак сал. Кармаган биринчи балыгыңды тартып алып, оозун ачсаң, статирди көрөсүң. Аны алып, экөөбүз үчүн берип кой», – деди.
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28