bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 20
Matthew 20
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 21 →
1
Анткени Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырууга болот: таң заардан бир кожоюн өзүнүн жүзүмдүгүнө жумушчуларды жалдаганы чыкты.
2
Ал күнүнө бир динарийден төлөп бере турган болуп, жумушчулар менен макулдашкандан кийин, аларды жүзүмдүгүнө жөнөттү.
3
Үчүнчү саат чамасында кайра чыгып, ал базар аянтында жумушсуз жүргөн адамдарды көрдү да,
4
аларга: “Силер да менин жүзүмдүгүмө баргыла, тийиштүү акыңарды төлөп берем”, – деди. Алар жүзүмдүккө кетишти.
5
Ал алтынчы жана тогузунчу саат чамасында кайра чыгып, дагы ошондой кылды.
6
Ал он биринчи саат чамасында кайра чыгып, жумушсуз жүргөн дагы бирөөлөрдү көрүп: “Бир күн бою бул жерде бош турганыңар кандай?” – деди.
7
Алар болсо: “Бизди эч ким ишке жалдаган жок”, – деп жооп беришти. Ошондо ал аларга: “Силер да менин жүзүмдүгүмө баргыла, тийиштүү акыңарды төлөп берем”, – деди.
8
Кеч киргенде, жүзүмдүктүн ээси чарба иштерин башкаруучусуна: “Жумушчуларды чакырып, аларга, акыркыларынан баштап, биринчилерине чейин, эмгек акыларын бер”, – деди.
9
Он биринчи саат чамасында жалданып иштегендер келип, бир динарийден алышты.
10
Биринчи келгендер көбүрөөк алабыз деп ойлошкон, бирок алар да бир динарийден алышты.
11
Алгандан кийин, кожоюнга нааразы боло башташты.
12
Алар кожоюнга: “Бул акыркы келгендер бир эле саат иштешти. Бирок сен аларды керээли-кечке күндүн ысыгында иштеген бизге теңеп койдуң”, – дешти.
13
Ошондо жүзүмдүк ээси алардын бирине мындай деди: “Досум, мен сени алдаган жокмун. Сен мени менен бир динарийге макулдашпадың беле?
14
Өз акыңды алгын да, кете бергин. Сага канча берсем, акыркы келген буга да ошончо бергим келет.
15
Өзүмдүкүн өзүм каалагандай пайдаланууга акым жокпу? Же менин берешендигимди көрө албай жатасыңбы?”
16
Ошентип, акыркылар биринчи, биринчилер акыркы болот. Анткени чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз».
17
Иерусалимге бара жаткан жолдо Ыйса он эки шакиртин четке чыгарып алып, мындай деди:
18
«Мына, биз Иерусалимге бара жатабыз. Адам Уулун башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулардын колуна салып беришет. Алар болсо Аны өлтүрүүгө өкүм чыгарышат.
19
Аны бутпарастардын колуна салып беришет, алар болсо Аны шылдыңдашат, сабашат, айкаш жыгачка кадашат. Үчүнчү күнү Ал тирилет».
20
Ошондо Зебедей уулдарынын энеси уулдары менен Ыйсанын жанына келип таазим кылды да, бир нерсе сурамакчы болду.
21
Ыйса аялдан: «Эмне каалайсың?» – деп сурады. Аял Ага: «Сенин Падышачылыгыңда бул эки уулумдун бири оң жагыңда, бири сол жагыңда отурса экен. Ушундай буйрук берчи», – деди.
22
Ыйса мындай деп жооп берди: «Эмне сурап жатканыңарды өзүңөр билбейсиңер. Мен иче турган чөйчөктөн иче аласыңарбы? Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлө аласыңарбы?» «Ошенте алабыз», – дешти алар.
23
Ошондо Ыйса аларга: «Мен иче турган чөйчөктөн ичесиңер. Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлөсүңөр. Бирок оң жагыма же сол жагыма отургузуу Менин колумда эмес. Атам кимге даярдаган болсо, ошол отурат», – деди.
24
Муну уккан берки он шакирт эки бир тууганга ачууланды.
25
Ыйса аларды чакырып алып: «Элге башчылар үстөмдүк кылып, төрөлөр бийлик жүргүзөрүн билесиңер.
26
Бирок силердин араңарда мындай болбосун. Араңарда ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун.
27
Араңарда ким биринчи болгусу келсе, ал силерге кул болсун.
28
Анткени Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген», – деди.
29
Алар Жериходон чыгып бара жатышканда, Ыйсанын артынан көп эл ээрчиди.
30
Жол боюнда отурган эки сокур адам Ыйсанын өтүп бара жатканын угуп: «Теңир, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыла көр!» – деп кыйкыра башташты.
31
Элдин тыйганына болбой, алар ого бетер катуу кыйкырып жатышты: «Теңир, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыла көр!»
32
Ыйса токтоп, аларды жанына чакырды да: «Менин эмне кылышымды каалайсыңар?» – деп сурады.
33
Алар Ага: «Теңир, көзүбүз көрсө экен», – дешти.
34
Ыйса боор ооруп, алардын көзүнө колун тийгизди. Ошол замат алардын көзү көрүп калды. Анан алар Ыйсанын артынан ээрчип жөнөштү.
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28