bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 26
Matthew 26
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 27 →
1
Бул сөздөрдү айткандан кийин, Ыйса шакирттерине мындай деди:
2
«Эки күндөн кийин Пасах майрамы болорун билесиңер. Адам Уулун айкаш жыгачка кадаш үчүн, адамдардын колуна салып беришет».
3
Ошол убакта башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар Кайапа деген башкы ыйык кызматчынын үйүнө чогулуп,
4
Ыйсаны амалкөйлүк менен колго түшүрүп, өлтүрүү жөнүндө кеңешишти.
5
Бирок алар: «Эл козголоң чыгарбашы үчүн, муну майрам күндөрү ишке ашырууга болбойт», – дешти.
6
Ыйса Бетаниядагы пес оорулуу Шымондун үйүндө эле.
7
Бир аял айнек идишке кымбат баалуу жыпар жыттуу май алып келип, дасторкондо отурган Ыйсанын башына куйду.
8
Шакирттери муну көргөндө: «Мындай ысырапчылыктын эмне кереги бар.
9
Муну кымбат баада сатып, акчасын жакырларга таратып берсе болот эле да», – деп, нааразы болушту.
10
Ыйса муну билип, аларга мындай деди: «Эмнеге аялды оңтойсуздандырып жатасыңар? Ал Мен үчүн жакшы иш кылды.
11
Анткени Мен силер менен дайыма эле боло бербейм, жардылар болсо дайыма жаныңарда болот.
12
Жыпар жыттуу майды денеме куюу менен, ал Мени көргө коюуга даярдады.
13
Силерге чындыкты айтып коёюн, бул Жакшы Кабар дүйнөнүн кайсы гана жеринде таратылбасын, бул аял эске алынып, анын кылганы жөнүндө да айтылат».
14
Ошондо он эки шакирттин бири Жүйүт Искариот башкы ыйык кызмат кылуучуларга барып:
15
«Аны колуңарга салып берсем, мага эмне бересиңер?» – деди. Алар ага отуз күмүш тыйын сунуш кылышты.
16
Ошол убакыттан тартып, Жүйүт Ыйсаны алардын колуна салып берүү үчүн, ыңгайлуу учурду күтүп жүрдү.
17
Ачыткысыз нан майрамынын биринчи күнү шакирттер Ыйсанын жанына келип: «Пасах тамагын Сага кайсы жерге даярдап берүүбүздү каалайсың?» – деп сурашты.
18
Ыйса аларга мындай деди: «Шаардагы баланчаныкына баргыла да: “Устат мындай дейт дегиле: "Менин убактым келип калды. Шакирттерим менен чогуу сеникинде Пасах майрамын өткөрөм"”».
19
Шакирттер Ыйса буйругандай кылып, Пасах тамагын даярдашты.
20
Кеч киргенде, Ыйса он эки шакирти менен дасторконго отурду.
21
Тамак ичип отурушканда, Ыйса аларга: «Силерге чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө Мага чыккынчылык кылат», – деди.
22
Буга аябай капа болгон алардын ар бири: «Мен эмесминби, Теңир?» – деп сурай баштады.
23
Ыйса аларга: «Мени менен бирге табакка колун салган адам Мага чыккынчылык кылат, – деп жооп берди.
24
Дегинкиси, Адам Уулу жөнүндө Ыйык Жазууда кандай жазылса, ошондой болуп жатат. Бирок Адам Уулуна чыккынчылык кылган адамга кайгы. Ал адам төрөлбөй эле койсо жакшы болмок».
25
Ошондо чыккынчылык кылган Жүйүт да: «Мен эмесминби, Устат?» – деп сурады. Ыйса ага: «Өзүң айтып жатасың», – деди.
26
Тамак ичип отурушканда, Ыйса нан алып, Кудайга ыраазычылык билдирди. Андан кийин нанды сындырып, шакирттерине берип жатып: «Алгыла, жегиле. Бул Менин Денем», – деди.
27
Анан чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аны шакирттерине узатып жатып, мындай деди: «Баарыңар мындан ичкиле.
28
Анткени бул – көптөрдүн күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүп, жаңы келишимди беките турган Менин каным.
29
Силерге айтып коёюн, Атамдын Падышачылыгында силер менен жаңы шарап ичер күн келгенге чейин, Мен мындан ары жүзүм ширесинен ичпейм».
30
Кудайды даңктап ырдашкандан кийин, алар Зайтун тоосуна жөнөштү.
31
Ошондо Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ушул түнү баарыңар Менден шектенесиңер. Анткени Ыйык Жазууда: “Койчуну жок кылам, ошондо койлор туш-тушка чачырап кетет”, – деп жазылган.
32
Бирок Мен тирилгенден кийин, силерди Галилеядан тосуп алам».
33
Петир Ага: «Баары Сенден шектенишсе да, Мен эч качан шектенбейм», – деди.
34
Ыйса ага мындай деди: «Сага чындыкты айтып коёюн, ушул түнү, короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч ирет баш тартасың».
35
Петир Ага: «Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, мен Сенден баш тартпайм», – деди. Ушундай сөздөрдү башка шакирттер да айтышты.
36
Анан Ыйса шакирттери менен Гетсемани деген жерге келип, аларга: «Мен тигил жакка барып сыйынып келгиче, ушул жерде отура тургула», – деди.
37
Ал Петир менен Зебедейдин эки уулун жанына ээрчитип алды. Анын көңүлү чөгүп, жаны кейип турду.
38
Ыйса аларга: «Жаным аябай кыйналып турат. Бул жерде калып, Мени менен бирге сергек болгула», – деди.
39
Анан Ал бир аз нарыраак барып, жүзтөмөндөп жыгылып, сыйына баштады: «Ата! Мүмкүн болсо, ушул чөйчөк Менин жанымдан кыя өтүп кетсинчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун».
40
Кайтып келип, шакирттеринин уктап жатканын көрдү да, Петирге мындай деди: «Жада калса, бир саат Мени менен бирге сергек болуп тура албадыңарбы?
41
Азгырылып кетпеш үчүн, сергек болгула жана сыйынгыла, анткени рух сергек, дене алсыз».
42
Анан четке чыгып, дагы сыйынды: «Ата! Бул чөйчөктүн Менден кыя өтүп кетиши мүмкүн эмес болсо, эгерде Мен андан ичишим керек болсо, анда Сен каалагандай болсун».
43
Кайтып келип, алардын кайра уктап калганын көрдү, анткени аларды уйку басып жаткан эле.
44
Нарыраак барып, ошол эле сөздөрдү айтып, үчүнчү ирет сыйынды.
45
Анан шакирттеринин жанына келип, мындай деди: «Силер дагы эле уктап, эс алып жатасыңарбы? Мына, убакыт келип калды, Адам Уулун күнөөкөрлөрдүн колуна салып беришет.
46
Тургула, кетели. Мына, Мага чыккынчылык кыла турган адам жакын келип калды».
47
Ал сөзүн айтып бүткүчө, он эки шакирттин бири Жүйүт келип калды. Анын жанында башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар жиберген, кылыч, союл көтөргөн бир топ адам бар эле.
48
Ыйсага чыккынчылык кылуучу болсо: «Мен кимди өпсөм, Ал – Ошол. Ошону кармагыла», – деди да,
49
ошол замат Ыйсанын жанына келип: «Салам, Устат!» – деп, Аны өптү.
50
Ыйса болсо ага: «Досум, эмне үчүн келдиң?» – деди. Ошондо жиберилген адамдар жакын келип, Аны кармап алышты.
51
Ыйсанын жанында жүргөндөрдүн бири кылычын сууруп алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун кулагын шылый чапты.
52
Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Кылычыңды кынына сал. Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт.
53
Же, эмне, Атамдан азыр жардам сурап ала албайт деп ойлойсуңбу? Ал Мага он эки түмөндөн көп периштени жиберер.
54
Ушундай болуш керек экендигин билдирген Ыйык Жазуулар анда кантип аткарылмак?»
55
Анан элге кайрылып: «Каракчыны кармачудай болуп, Мени кармаш үчүн, кылыч, союл алып чыктыңарбы? Күн сайын ийбадатканада элди окутуп, силер менен отурганымда, Мени кармаган жок элеңер.
56
Пайгамбарчылыктардын аткарылышы үчүн ушундай болду», – деди. Ошондо шакирттери Аны таштап, качып кетишти.
57
Ыйсаны туткундагандар Аны башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапанын алдына алып барышты. Ал жерге башкы ыйык кызмат кылуучулар, аксакалдар чогулушкан эле.
58
Петир Аны алыстан ээрчип, башкы ыйык кызмат кылуучунун короосуна чейин келди. Аягы эмне менен бүтөр экен деп, ичкери кирип, сакчылардын жанына отурду.
59
Ыйсаны өлүм жазасына тартуу үчүн, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана синедриондогулардын баары жалган күбөлөндүрүү издешти.
60
Жалаа жабуучулар көп келгени менен, Ыйсага айып коё алышкан жок. Акырында эки адам келип, мындай деди:
61
«Бул Адам: “Мен Кудайдын ийбадатканасын бузуп, аны кайра үч күндүн ичинде тургуза алам”, – деп айткан».
62
Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу ордунан туруп: «Эмне жооп бербейсиң? Булардын Сага каршы айткан айыптоолоруна эмне дейсиң?» – деди.
63
Ыйса үндөгөн жок. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Ага: «Тирүү Кудайдын алдында айт, Теңирдин Уулу Машайак Сенсиңби?» – деди.
64
Ыйса Ага: «Өзүң айтып турасың. Бирок Мен айтып коёюн, Адам Уулунун кудуреттүү Кудайдын оң жагында отурганын жана асмандагы булут үстүндө келе жатканын көрөсүңөр», – деди.
65
Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу өзүнүн кийимин айрып жиберип, мындай деди: «Бул Кудайга акарат келтирип жатат! Бизге дагы кандай күбөлөр керек? Мына, Анын Кудайга акарат келтиргенин азыр өзүңөр уктуңар!
66
Буга эмне дейсиңер?» Алар: «Өлүм жазасына татыктуу», – деп жооп беришти.
67
Ошондо Анын бетине түкүрүштү, сабашты. Кээ бирөөлөр жаакка чаап:
68
«Кана, пайгамбарчылык кылчы, Машайак, Сени ким урду?» – дешти.
69
Сыртта, короодо отурган Петирдин жанына бир күң келип: «Сен да галилеялык Ыйса менен чогуу жүрбөдүң беле», – деди.
70
Бирок Петир баарынын алдында: «Сенин эмнени айтып жатканыңды билбейм», – деп танып койду.
71
Дарбазадан чыкканда, аны башка бир күң көрүп, ошол жерде тургандарга: «Бул да назареттик Ыйса менен чогуу жүргөн болчу», – деди.
72
Петир карганып: «Ал Адамды тааныбайм», – деп, дагы танып койду.
73
Бир аз убакыттан кийин, ошол жерде тургандар Петирге келип: «Чын эле, сен да ошолордон экенсиң. Сүйлөгөнүңөн эле билинип турат», – дешти.
74
Петир ого бетер карганып: «Ал Адамды тааныбайм», – деди. Ошол маалда короз кыйкырды.
75
Ыйсанын «Короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч жолу баш тартасың» деген сөзү Петирдин эсине түштү. Ошондо ал сыртка чыгып, өксөп ыйлады.
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 27 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28