bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 4
Matthew 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 5 →
1
Ошондон кийин Ыйса шайтан тарабынан сыналуу үчүн, Рух аркылуу чөлгө алынып барылды.
2
Ал кырк күн, кырк түн орозо кармап, акырында ачка болду.
3
Ошондо азгыруучу Ага жакын келип: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда мына бул таштарга нанга айланууну буйру!» – деди.
4
Ыйса ага: «“Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт”, – деп, Ыйык Жазууда жазылып турат», – деп жооп берди.
5
Ошондо шайтан Аны ыйык шаарга алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп, мындай деди:
6
«Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда боюңду таштап жибер. Анткени Ыйык Жазууда: “Ал Өзүнүн периштелерине буйрук берет. Сен бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар Сени колдоруна көтөрүп кетишет”, – деп жазылып турат».
7
Ыйса ага: «Ыйык Жазууда: “Кудай-Теңириңди сынаба”, – деп да жазылып турат», – деп жооп берди.
8
Шайтан кайрадан Аны алып, абдан бийик тоого чыгарды да, дүйнөдөгү бардык падышачылыктарды жана алардын атак-даңкын көрсөттү.
9
Анан Ага: «Алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын Сага берем», – деди.
10
Ошондо Ыйса ага: «Кет жанымдан, шайтан! Анткени: “Кудай-Теңириңе табын жана бир гана Ага кызмат кыл”, – деп жазылып турат», – деп жооп берди.
11
Ошондо шайтан Ыйсанын жанынан кетти. Периштелер келип, Ыйсага кызмат кыла башташты.
12
Ыйса Жакандын камакка алынганын угуп, Галилеяга кетти.
13
Ал Назарет шаарында калбастан, Забулун жана Напталы дубандарына, Галилея көлүнүн жээгиндеги Капернаум шаарына жайланышты.
14
Бул Ышайа пайгамбар аркылуу «Деңизди карай кеткен жолдогу Забулун жана Напталы жери, Иордандын наркы өйүзүндө жашаган бутпарастардын Галилеясы,
16
караңгычылыкта жашаган эл улуу жарыкты көрдү, өлүм көлөкөсү баскан өлкөдө жашагандарга жарык жаркырады» деп айтылган сөздүн аткарылышы үчүн болду.
17
Ошол убакыттан тартып, Ыйса мындай деп жар сала баштады: «Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды».
18
Ал Галилея көлүнүн жанынан өтүп бара жатып, Петир деген да ысым коюлган Шымонду жана анын бир тууганы Андрейди көрдү. Бул эки бир тууган көлгө тор ыргытып жатышкан, анткени алар балыкчылар эле.
19
Ыйса аларга: «Менин артымдан ээрчигиле, силерди Мен адам кармоочу кыламын», – деди.
20
Алар ошол замат торлорун таштап, Аны ээрчип жөнөштү.
21
Ыйса андан ары кетип бара жатып, башка эки бир тууганды, Зебедейдин уулдары Жакып менен Жаканды көрдү. Алар атасы Зебедей менен бирге кайыкта торлорун оңдоп жатышкан. Ыйса аларды да чакырды.
22
Алар ошол замат кайыкты да, атасын да таштап, Аны ээрчип жөнөштү.
23
Ыйса бүт Галилеяны аралап, синагогаларда элди окутуп, Асман Падышачылыгы жөнүндө Жакшы Кабар таратып, адамдардын ар кандай ооруларын жана кеселдерин айыктырып жүрдү.
24
Ошондо Ал жөнүндө бүт Сирия эли угуп, Ага бардык оорулууларды: ар түрдүү кеселге жана дартка чалдыгып кыйналгандарды, жин оорулууларды, элирме оорулууларды, шал оорулууларды алып келип жатышты. Ыйса болсо аларды айыктырып жатты.
25
Галилеядан, Декапол дубандарынан, Иерусалим шаарынан, Жүйүт аймагынан жана Иордан дарыясынын наркы өйүзүнөн келген топ эл Ыйсанын артынан ээрчип жүрдү.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28