bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 23
Matthew 23
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 24 →
1
Андан кийин Ыйса элге жана Өз шакирттерине мындай деди:
2
«Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Муса пайгамбардын ордун басышты.
3
Ошондуктан алардын айткандарынын баарын аткаргыла, сактагыла. Бирок алардын кылганын кылбагыла, анткени алар айткандарын өздөрү аткарышпайт.
4
Көтөрө алгыс оор жүктөрдү таңып, адамдардын ийнине артып коюшат. Өздөрү болсо ага колунун учун тийгизип коюуну да каалашпайт.
5
Бардык иштерин элдин көзүнө көрүнүү үчүн жасашат. Чекелери менен колдоруна байлаган мыйзам жазылган кайыш кутучаларынын көлөмүн чоңойтушуп, кийимдерине таккан чачыларын узартышат.
6
Ошондой эле тойлордо төрдө отурууну, синагогаларда алдыңкы орундарда отурууну,
7
эл чогулган жайларда алик алууну жана адамдардын аларга “Устат! Устат!” деп кайрылып турганын жакшы көрүшөт.
8
Ал эми силер “Устат” деп аталбагыла, анткени силердин бир гана Устатыңар бар, Ал – Машайак, силер болсо бир туугансыңар.
9
Жер үстүндө эч кимди “Ата” дебегиле, анткени силердин бир гана Атаңар бар, Ал – асмандагы Атаңар.
10
“Жол башчы” деп да аталбагыла, анткени силердин бир гана Жол башчыңар бар, Ал – Машайак.
11
Араңарда ким чоң болсо, ал силерге кызматчы болсун.
12
Анткени ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн басынтса, ал көтөрүлөт.
13
Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Асман Падышачылыгына адамдардын кирүүсүнө тоскоолдук кыласыңар. Өзүңөр кирбейсиңер, киргиси келгендерди да киргизбейсиңер.
14
Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Жесирлердин үй-жайын тонойсуңар, эки жүздүүлөнүп узакка сыйынасыңар. Ошого жараша алчу жазаңар да оор болот.
15
Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Ишенимиңерди бир адам болсо да кабыл алышы үчүн, жер-сууну айланып чыгасыңар. Кабыл алгандан кийин, аны өзүңөрдөн эки эсе ашып түшкөн оттуу көл уулуна айландырасыңар.
16
Сокур жол башчылар, силерге кайгы! Силер: “Ийбадаткананы оозанып ант берген эч нерсе эмес, ийбадаткананын алтынын оозанып ант берген адам антын аткарууга тийиш”, – дейсиңер.
17
Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү, алтынбы же алтынды ыйык кылган ийбадатканабы?
18
“Курмандык чалынуучу жайды оозанып ант берген эч нерсе эмес, курмандыкты оозанып ант берген адам антын аткарууга тийиш”, – деп да айтасыңар.
19
Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү, курмандыкпы же курмандыкты ыйык кылган курмандык чалынуучу жайбы?
20
Курмандык чалынуучу жайды оозанып ант берген адам курмандык чалынуучу жайды жана анын үстүндөгүнүн баарын оозанып ант берген болот.
21
Ийбадаткананы оозанып ант берген адам ийбадаткананы да, ийбадатканада жашаган Кудайды да оозанып ант берген болот.
22
Асманды оозанып ант берген адам Кудайдын тактысын жана тактыда отурган Кудайды оозанып ант берген болот.
23
Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, силерге кайгы! Эки жүздүүлөр! Силер жалбыздан, анистен жана зиреден ондук бергениңер менен, мыйзамдагы эң негизги нерселерди: акыйкаттыкты, ырайымдуулукту жана ишенимди таштап койдуңар. Тигини да кылыш керек, бирок муну калтырбаш керек эле!
24
Сокур жол башчылар! Чиркейди чыпкалап саласыңар, төөнү болсо жутуп коёсуңар!
25
Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Чөйчөгүңөр менен табагыңардын сыртын тазалайсыңар, бирок алардын ичи талап-тоноочулук менен адилетсиздикке толгон.
26
Сокур фарисей! Адегенде чөйчөгүң менен табагыңдын ичин тазала, ошондо алардын сырты да таза болот.
27
Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Силер сыртынан кооз көрүнгөн, бирок ичи өлүктөрдүн сөөктөрүнө жана ар кандай ыпылас нерселерге толгон, акталган мүрзөлөргө окшошсуңар.
28
Сыртыңардан адамдарга адил көрүнгөнүңөр менен, ичиңер эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкка толгон.
29
Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Пайгамбарларга күмбөз тургузуп, адил адамдардын эстелигин жасалгалайсыңар.
30
“Ата-бабаларыбыздын заманында жашаган болсок, аларга окшоп пайгамбарлардын канын төкмөк эмеспиз”, – дейсиңер.
31
Пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн уулдары экениңерди өзүңөр эле ушинтип күбөлөндүрүп жатпайсыңарбы.
32
Ата-бабаларыңардын кыянат иштерин чегине жеткиргиле.
33
Жыландар, жылан тукумдары! Оттуу көлдөн кантип качып кутуласыңар?
34
Ошон үчүн Мен силерге пайгамбарларды, даанышмандарды жана мыйзам окутуучуларды жиберип жатам. Силер болсо алардын кээ бирөөлөрүн өлтүрөсүңөр жана айкаш жыгачка кадайсыңар, кээ бирөөлөрүн синагогаларыңарда уруп-сабап, шаардан шаарга кууйсуңар.
35
Адилеттүү Абылдын канынан тартып, ийбадаткана менен курмандык чалынуучу жайдын ортосунда силер өлтүргөн Берехия уулу Захариянын канына чейинки адил адамдардын төгүлгөн каны силердин мойнуңарда!
36
Силерге чындыкты айтып коёюн, мунун баары ушул муундун башына келет.
37
Иерусалим! Пайгамбарларды өлтүргөн, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Канаттуу өз балапандарын канатынын астына чогулткандай, Мен да канча ирет сенин балдарыңды чогултууну кааладым, бирок сен каалаган жоксуң.
38
Мына, үйүң ээн калат!
39
Сага айтып коёюн, “Теңирдин атынан Келе Жатканга даңк!” деп айтканыңа чейин, Мени көрбөйсүң».
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 24 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28