bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 21
Matthew 21
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 22 →
1
Иерусалимге жакын жердеги, Зайтун тоосунун этегиндеги Бейтфагия айылына келишкенде, Ыйса эки шакиртин мындай деп жөнөттү:
2
«Айылга кирcеңер, байланып турган бир ургаачы эшекти, кодикти, көрөсүңөр. Чечип алып, Мага алып келгиле.
3
Эгерде бирөө бирдеме десе, “Булар Теңирге керек” дегиле. Ошондо ал дароо берет».
4
Мунун баары пайгамбар аркылуу айтылган бул сөздөрдүн аткарылышы үчүн болду:
5
«Сион кызына: “Сага өзүңдүн момун Падышаң келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке, минип келет”, – деп айткыла».
6
Шакирттер барып, Ыйса буйругандай кылышты.
7
Ургаачы эшекти, кодикти, алып келип, үстүнө чапандарын салып, Ыйсаны мингизишти.
8
Элдин көпчүлүгү өздөрүнүн кийимдерин, айрымдары болсо дарактардын бутактарын кесип алып, жолго төшөп жатышты.
9
Ыйсанын алды-артындагы эл: «Дөөттүн Уулуна даңк! Теңирдин атынан Келе Жатканга алкыш! Эң Жогорудагыга даңк!» – деп, кыйкырып келе жатты.
10
Ыйса Иерусалимге киргенде, бүт шаар кыймылга келип: «Бул ким?» – деп сурап жатты.
11
Эл болсо: «Бул – Галилеянын Назарет шаарынан чыккан Ыйса пайгамбар», – деп жооп берип жатты.
12
Ыйса ийбадатканага кирип, андагы сатуучулар менен сатып алуучулардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн, көгүчкөн сатып отургандардын орундуктарын көңтөрүп таштады.
13
Аларга мындай деди: «Ыйык Жазууда: “Менин үйүм сыйынуу үйү деп аталат”, – деп жазылган. Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырып жатасыңар».
14
Ийбадатканада Ыйсанын жанына сокурлар жана майыптар келди. Ыйса аларды айыктырды.
15
Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Ыйса кылып жаткан ажайып иштерди, ийбадатканада: «Дөөттүн Уулуна даңк!» – деп кыйкырып жаткан балдарды көргөндө, кыжырданышып, Ыйсага:
16
«Булардын эмне деп жатканын угуп жатасыңбы?» – дешти. Ыйса аларга: «Ооба! Эмне, силер “Наристелер менен эмчектеги балдарга Өзүңдү даңктаттың” деген сөздөрдү такыр окуган жок белеңер?» – деди да, ал жерден кетип калды.
17
Шаардан чыгып, Бетанияга келип, түндү ошол жерде өткөрдү.
18
Эртең менен шаарга кайтып келе жатканда, Ыйса ачка болду.
19
Жолдун жээгиндеги анжыр дарагын көрүп, анын жанына келди. Жалбырагынан башка эч нерсеси жок экенин көрүп, даракка мындай деди: «Мындан ары сенде эч качан жемиш болбосун». Анжыр дарагы ошол замат куурап калды.
20
Муну көргөн шакирттер: «Анжыр дарагынын тез эле куурап калганы кандай?» – деп таң калышты.
21
Ыйса болсо аларга мындай деп жооп берди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде ишенимиңер болсо, шектенбесеңер, анда анжыр дарагына кылынганды гана эмес, мына бул тоого да: “Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш”, – десеңер, айтканыңардай болот.
22
Ишеним менен сыйынсаңар, сураганыңардын баарын аласыңар».
23
Ыйса ийбадатканага келип, элди окутуп жатканда, башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар жанына басып келип: «Муну Сен кайсы бийликтин негизинде кылып жатасың? Мындай бийликти Сага ким берди?» – деп сурашты.
24
Ыйса аларга мындай деди: «Мен да силерге бир суроо берейин. Эгерде Мага жооп берсеңер, Мен да силерге муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды айтам.
25
Жакандын чөмүлдүрүүсү кимден эле: Кудайданбы же адамданбы?» Алар өз ара акылдашып: «Эгерде Кудайдан десек, анда Ал бизге: “Анда эмне үчүн Жаканга ишенген жоксуңар?” – дейт,
26
“Адамдардан”, – десек, элден коркобуз. Анткени баары Жаканды пайгамбар деп эсептешет», – дешти.
27
Анан Ыйсага: «Билбейбиз», – деп жооп беришти. Ошондо Ыйса аларга: «Кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды Мен да силерге айтпайм», – деди.
28
«Кандай деп ойлойсуңар? Бир адамдын эки уулу болгон экен. Ал биринчисине келип: “Уулум, барып, жүзүмдүгүмдө иштегин”, – дейт.
29
Бирок ал: “Барбайм”, – деп коюп, кийин анысына өкүнүп, иштегени барат.
30
Экинчи уулуна келип, ошону эле айтат. Анысы: “Баратам, кожоюн”, – деп коюп, барбай коёт.
31
Экөөнүн кимиси атасынын каалоосун аткарды?» «Биринчиси», – деп жооп беришти. Ыйса аларга мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, салык жыйноочулар менен бузулган аялдар Кудайдын Падышачылыгына силерден мурун барышат.
32
Анткени Жакан силерге туура жолду көрсөткөнү келген, бирок силер ага ишенген жоксуңар. Салык жыйноочулар менен бузулган аялдар ага ишеништи. Муну көргөндөн кийин да өкүнгөн жоксуңар, ишенген жоксуңар.
33
Дагы бир үлгү-насаат аңгемени угуп алгыла. Бир кожоюн жүзүм багын отургузат. Аны дубал менен курчап, жүзүм сыгылуучу жай жасап, күзөт мунарасын салат. Анан жүзүмдүгүн жүзүмчүлөргө тапшырып, өзү башка жакка кетет.
34
Түшүм жыйноо убагы жакындаганда, жүзүм жемишинен алдыртыш үчүн, кулдарын жумшайт.
35
Жүзүмчүлөр болсо анын кулдарын кармап алып, бирин сабашат, бирин өлтүрүшөт, бирин таш бараңга алышат.
36
Ошондо ал мурункудан да көп кулун жөнөтөт. Жүзүмчүлөр аларга да ошондой эле мамиле кылышат.
37
Акырында кожоюн: “Уулумдан уялышар”, – деп, уулун жөнөтөт.
38
Бирок жүзүмчүлөр анын уулун көрүшкөндө, өз ара: “Бул – мурасчы. Жүргүлө, аны өлтүрүп, мурасына ээ бололу”, – дешет.
39
Аны кармап алып, жүзүмдүктүн сыртына алып чыгып, өлтүрүп салышат.
40
Жүзүмдүктүн кожоюну кайтып келгенде, бул жүзүмчүлөрдү эмне кылат?»
41
Алар Ага: «Бул зулумдарга ал азаптуу өлүм өкүмүн чыгарат, жүзүмдүктү болсо түшүмүн өз маалында жыйнап бере турган жүзүмчүлөргө тапшырат», – деп жооп беришти.
42
Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Ыйык Жазуудагы “Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды. Бул Теңирден, бул биздин көзүбүзгө укмуштуу көрүнөт” деген сөздөрдү такыр окуган жок белеңер?
43
Ошондуктан силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышачылыгы силерден тартылып алынып, жемишин бере турган адамдарга берилет.
44
Ал ташка жыгылган адам өлөт. Ал эми ал таш кимдин үстүнө куласа, аны басып өлтүрөт».
45
Бул үлгү-насаат аңгемелерди уккан башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Ыйсанын өздөрү жөнүндө айтып жатканын түшүнүштү.
46
Алар Ыйсаны колго түшүрүүгө аракет кылышты, бирок элден коркушту. Анткени эл Аны пайгамбар деп эсептечү.
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 22 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28