bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 25
Matthew 25
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 24
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 26 →
1
Ошондо Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: он кыз колдоруна чырактарын алып, күйөөнү утурлап чыгышат.
2
Алардын бешөө акылдуу, бешөө акылсыз эле.
3
Акылсыздары чырактарын ала чыгышканы менен, майын албай чыгышат.
4
Акылдуулары болсо чырактары менен кошо идиштерине май да ала чыгышат.
5
Күйөө кечиккенинен улам, баары үргүлөп, уктап калышат. Бирок түн ортосунда “Күйөө келе жатат, аны тосуп чыккыла” деген кыйкырык чыгат.
7
Ошондо кыздар тура калып, чырактарын оңдошот.
8
Акылсыздары акылдууларга: “Чырактарыбыз өчүп баратат, бизге майыңардан кайрылышкылачы”, – дешет.
9
Акылдуулар: “Бизге да, силерге да жетпей калбашы үчүн, сатуучуларга барып, сатып алгыла”, – дешет.
10
Алар май сатып алганы кеткенде, күйөө келип калат. Даяр турган кыздар аны менен бирге үйлөнүү тоюна киришет, алардын артынан эшиктер жабылат.
11
Андан кийин берки кыздар келип: “Кожоюн! Кожоюн! Эшикти ач!” – дешет.
12
Ал: “Силерге чындыкты айтып коёюн, Мен силерди тааныбайм”, – деп жооп берет.
13
Ошондуктан сергек болгула, себеби Адам Уулунун келер күнүн да, саатын да билбейсиңер.
14
Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: бир адам бөтөн жерге кетип жатып, кулдарын чакырып, аларга акча-каражатын тапшырат:
15
ар бирөөнүн алына жараша: бирине беш, бирине эки, бирине бир талант берип, жолго чыгат.
16
Беш талант алганы дароо барып, акчаны айландырып, беш талант пайда табат.
17
Эки талант алганы да эки талант пайда табат.
18
Бир талант алганы болсо барат да, кожоюнунун акчасын жерге көөмп коёт.
19
Арадан көп убакыт өткөндөн кийин, кожоюн келип, кулдардан эсеп-кысап талап кылат.
20
Беш талант алганы дагы беш талант алып келип: “Кожоюн! Сен мага беш талант бердиң эле, мына, беш талант пайда таптым”, – дейт.
21
Кожоюну ага: “Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул! Кичинекей иште ишенимдүүлүк көрсөттүң, сени чоң ишке коём. Кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол”, – дейт.
22
Эки талант алганы да келип: “Кожоюн! Сен мага эки талант бердиң эле, мына, эки талант пайда таптым”, – дейт.
23
Кожоюну ага: “Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул! Кичинекей иште ишенимдүүлүк көрсөттүң, сени чоң ишке коём. Кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол”, – дейт.
24
Бир талант алганы келип: “Кожоюн! Сенин экпеген жерден оруп, сеппеген жерден жыйнаган ырайымсыз адам экениңди билгем.
25
Коркконумдан, берген талантыңды жерге көөмп койгом. Мына, бергениңди ал!” – дейт.
26
Кожоюну ага мындай деп жооп берет: “Жаман, жалкоо кул! Экпеген жерден оруп, сеппеген жерден жыйнаган адам экенимди билесиң.
27
Ошон үчүн менин күмүшүмдү пайызга берип коюшуң керек эле. Мен келип, кирешеси менен алат элем.
28
Мунун колунан талантты алгыла да, он таланты бар кулга бергиле.
29
Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, аныкы мол болот. Ал эми кимде жок болсо, андан колунда болгон нерсеси да тартылып алынат.
30
Бул пайдасыз кулду сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот”». Ыйса муну айткандан кийин: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун», – деди.
31
Адам Уулу Өз атак-даңкы менен, Өзүнүн бардык периштелери менен келгенде, Өзүнүн даңктуу тактысына отурат.
32
Бардык эл Анын алдына чогулат. Койчу койлорду эчкилерден бөлүп алгандай эле, Ал адамдарды экиге бөлөт.
33
Койлорду Өзүнүн оң жагына, эчкилерди сол жагына коёт.
34
Анан Падыша Өзүнүн оң жагында тургандарга мындай дейт: “Атамдын батасын алгандар, келгиле. Дүйнө жарала электе эле силер үчүн даярдалган Падышачылыкты мураска алгыла.
35
Анткени Мен ачка болгондо, тамак, суусаганда, суу бердиңер. Жолоочу болгонумда, силер Мени кабыл алдыңар.
36
Жылаңач болгонумда, силер Мени кийинттиңер. Ооруганымда, силер Мага келдиңер. Түрмөдө отурганымда, силер Мага келдиңер”.
37
Ошондо адил адамдар Ага мындай деп жооп беришет: “Теңир! Качан биз Сенин ачка болгонуңду көрүп, тамак бердик эле? Качан биз Сенин суусаганыңды көрүп, суу бердик эле?
38
Качан биз Сенин жолоочу болгонуңду көрүп, кабыл алдык эле? Качан биз Сенин жылаңач болгонуңду көрүп, кийинттик эле?
39
Качан биз Сенин ооруп жатканыңды же түрмөдө отурганыңды көрүп, Сага келдик эле?”
40
Падыша аларга мындай деп жооп берет: “Силерге чындыкты айтып коёюн, Менин бул кичине бир туугандарымдын бирине жакшылык кылганыңар, Мага кылганыңар”.
41
Анан сол жагындагыларга мындай дейт: “Каргышка калгандар, Менин жанымдан кеткиле! Шайтан менен анын жиндери үчүн даярдалган түбөлүк отко түшкүлө.
42
Анткени Мен ачка болгондо, силер Мага тамак берген эмессиңер. Суусаганымда, суу берген эмессиңер.
43
Жолоочу болгонумда, силер Мени кабыл алган эмессиңер. Жылаңач болгонумда, кийинткен эмессиңер. Ооруганымда, түрмөдө отурганымда, силер Мага келген эмессиңер”.
44
Ошондо алар Андан: “Теңир! Сенин ачка болгонуңду, суусаганыңды, ооруганыңды, түрмөдө отурганыңды биз качан көрдүк эле, качан Сага кызмат кылбай койдук эле?” – деп сурашат.
45
Ал болсо аларга мындай деп жооп берет: “Силерге чындыкты айтып коёюн, Менин бул кичине бир туугандарымдын бирине жакшылык кылбаганыңар, Мага кылбаганыңар”.
46
Булар түбөлүккө азап чегишет, адил адамдар болсо түбөлүк өмүргө ээ болушат».
← Chapter 24
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 26 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28