bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 8
Matthew 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 9 →
1
Ыйса тоодон түшкөндө, көп эл Аны ээрчиди.
2
Ошондо бир пес оорулуу Ага жакын келип, таазим кылды да: «Теңир! Эгерде кааласаң, мени таза кыла аласың», – деди.
3
Ыйса ага колун тийгизип: «Каалайм, таза бол!» – деди. Ал ошол замат пес оорусунан айыгып, таза болуп калды.
4
Анан Ыйса ага: «Эч кимге айтпагын! Баргын да, ыйык кызмат кылуучуга көрүнүп, Муса буйруган курмандыкты чал, бул аларга күбөлөндүрүү болсун», – деди.
5
Ыйса Капернаум шаарына келгенде, бир жүз башы Ага жакын келип:
6
«Теңир! Үйдө менин кулум катуу ооруп, кыйналып жатат», – деп, Андан жардам сурады.
7
Ошондо Ыйса ага: «Мен барып, аны айыктырамын», – деди.
8
Бирок жүз башы мындай деди: «Теңир! Үйүмө кирүүңө мен татыксызмын. Сен бир ооз сөз айтсаң эле, менин кулум айыгат.
9
Анткени мен да бийлик астындагы адаммын, бирок менин кол астымда да аскерлер бар. Алардын бирине: “кет”, – десем, кетет; дагы бирине: “кел”, – десем, келет; кулума: “муну кыл”, – десем, кылат».
10
Муну угуп таң калган Ыйса Өзүнүн артында келе жаткандарга мындай деди: «Мен силерге чындыкты айтып коёюн, Ысрайыл жеринен да мындай ишенимди таппадым.
11
Силерге айтып коёюн, чыгыш менен батыштан көптөр келип, Асман Падышачылыгында Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен бирге болушат.
12
Ал эми Падышачылыктын уулдары сырттагы караңгылыкка ыргытылат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот».
13
Анан Ыйса жүз башыга: «Бара бер, сен ишенгендей болсун», – деди. Кул ошол замат айыкты.
14
Ыйса Петирдин үйүнө келип, анын кайын энеси ысытма оорусу менен ооруп жатканын көрдү.
15
Ыйса Өзүнүн колун анын колуна тийгизери менен, ал ысытма оорусунан айыгып калды. Анан ал аял туруп, Ага кызмат кыла баштады.
16
Кеч киргенде, Ыйсага жин оорусуна чалдыккан көп кишини алып келишти. Сөзү менен жиндерди кууп чыгарып, Ал бардык оорулууларды айыктырды.
17
Бул Ышайа пайгамбар аркылуу айтылган төмөнкү сөздүн аткарылышы үчүн болду: «Ал биздин кеселдерибизди Өзүнө алды, ооруларыбызды алып кетти».
18
Ыйса Өзүнүн тегерегиндеги элди көргөндө, шакирттерине көлдүн наркы өйүзүнө сүзүп өтүүнү буйруду.
19
Ошондо Ага бир мыйзам окутуучу келип: «Устат! Кайда барсаң да, мен Сенин артыңдан барам», – деди.
20
Ыйса ага: «Түлкүлөрдүн ийини бар, асмандагы канаттуулардын уясы бар. Ал эми Адам Уулунун баш калкалар жери жок», – деди.
21
Шакирттердин бири Ага: «Теңир! Адегенде атамдын сөөгүн коюп келейин, мага уруксат бер», – деди.
22
Бирок Ыйса ага: «Менин артымдан ээрчи. Өлүктөр өлгөн адамдарын өздөрү коюп алышсын», – деди.
23
Ыйса кайыкка түшкөндө, шакирттери кошо түшүштү.
24
Күтүлбөгөн жерден көлдө чоң толкун башталды. Кайыкты толкун ура баштады. Ыйса болсо уктап жаткан эле.
25
Шакирттери Ага келип: «Теңир, бизди сактай көр, чөгүп баратабыз», – деп, Аны ойготушту.
26
Ошондо Ыйса аларга: «Эмне мынча корктуңар, ишеними аздар?!» – деди да, ордунан туруп, шамал менен көлгө тыюу салды. Ошондо улуу тынчтык орноду.
27
Адамдар: «Шамалды да, көлдү да баш ийдирген бул ким?» – деп таң калышты.
28
Ыйса көлдүн наркы өйүзүндөгү Гадара аймагына келгенде, Аны мүрзөлүк үңкүрлөрдүн ичинен жин оорулуу эки адам тосуп чыкты. Алар аябай жаалдуу болгондуктан, бул жолдон эч ким өтө алчу эмес.
29
Анан алар: «Кудайдын Уулу, бизде эмне ишиң бар? Сен бизди белгиленген убакыт келе электе эле кыйнаганы келдиңби?» – деп кыйкыра башташты.
30
Алардан анча алыс эмес жерде чочколор жайылып жүргөн эле.
31
Жиндер Ыйсадан: «Эгерде Сен бизди кууп чыгара турган болсоң, анда бизди чочколорго жиберчи», – деп өтүнүштү.
32
Ыйса аларга: «Баргыла!» – деди. Алар бул адамдардын ичинен чыгып, чочколорго киришти. Ошондо чочколор тик жардан көлгө кулап, сууга чөгүп өлүштү.
33
Чочко кайтаруучулар болсо качып жөнөштү. Алар шаарга кирип, болгон окуяны айтып беришти, жин оорулуу адамдар жөнүндө да айтышты.
34
Ошондо шаардын бүт эли Ыйсаны утурлап чыкты. Аны көргөндө, алар Андан өздөрүнүн аймагынан чыгып кетүүсүн өтүнүштү.
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28