bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 14
Matthew 14
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 15 →
1
Ошол күндөрү дубан акими Ирод Ыйса жөнүндө угуп,
2
өз карамагындагы адамдарына: «Бул – чөмүлдүрүүчү Жакан. Ал тирилиптир, ошондуктан кереметтерди көрсөтүп жатат», – деди.
3
Ирод өзүнүн бир тууганы Филиптин аялы Иродия үчүн Жаканды байлатып, түрмөгө отургуздурган эле.
4
Анткени Жакан ага: «Бул аялды албашың керек болчу», – деп айткан.
5
Ирод Жаканды өлтүргүсү келген, бирок элден корккон. Анткени эл аны пайгамбар деп эсептечү.
6
Ироддун туулган күнү белгиленип жатканда, Иродиянын кызы ортого чыгып бийлеп берди. Анын бийлегени Иродго жагып калгандыктан,
7
ал эмнени гана сурабасын, берерин айтып, ант берди.
8
Кыз болсо энесинин үйрөтүүсү боюнча: «Мага азыр чөмүлдүрүүчү Жакандын башын идишке салдырып келип бер», – деди.
9
Буга падыша капа болду. Бирок конокторунун алдында ант берип койгондугу үчүн, анын сураганын орундатууну буйруду.
10
Жакандын башын алууга түрмөгө киши жиберди.
11
Идишке салынган башты кызга алып келип беришти, кыз болсо аны энесине алып барып берди.
12
Шакирттери келип, анын сөөгүн коюшту. Андан кийин алар барып, Ыйсага кабарлашты.
13
Ыйса муну укканда, Өзү жалгыз кайыкка түшүп, ээн жерге сүзүп кетти. Бул жөнүндө уккан адамдар өз шаарларынан чыгып, Анын артынан жөө ээрчишти.
14
Жээкке чыгып, Ыйса чогулган көп элди көрдү. Аларга боору ооруп, оорулууларын айыктырды.
15
Кеч киргенде, шакирттери Ыйсанын жанына келип: «Бул ээн жер экен, кеч да болуп кетти. Элди тарат, айылдарга барып, өздөрүнө тамак-аш сатып алышсын», – дешти.
16
Ошондо Ыйса аларга: «Элди таратуунун кереги жок, аларга тамак-ашты силер бергиле», – деди.
17
Алар Ага: «Бизде беш нан, эки балык эле бар», – дешти.
18
Ошондо Ыйса: «Аларды бул жерге, Мага алып келгиле», – деди.
19
Элге чөпкө отурууну буйругандан кийин, Ал беш нан менен эки балыкты алды да, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди. Нандарды сындырып, шакирттерине берди, алар болсо элге таратышты.
20
Бардыгы тоё жешти. Артып калган нандарды чогултканда, он эки себет толду.
21
Аялдар менен бала-бакыраны эсептебегенде, тамактангандардын саны беш миңге жакын эле.
22
Ошондон кийин Ыйса Өзүнүн шакирттерине: «Кайыкка түшүп, Менден мурун наркы өйүзгө өтө бергиле», – деп буйруду. Өзү болсо элди таратыш үчүн калып калды.
23
Элди таратып жибергенден кийин, Өзү жалгыз сыйынуу үчүн, тоого чыкты. Түн ортосуна чейин Ыйса ал жерде жалгыз болду.
24
Ал убакта кайык көлдүн ортосуна жетип калган эле. Карама-каршы тараптан шамал соккондуктан, толкун кайыкты ары-бери чайпап жатты.
25
Түнкү төртүнчү күзөт убагында Ыйса көлдүн үстү менен басып, аларга келди.
26
Көлдүн үстүндө басып келе жаткан Ыйсаны көргөн шакирттер коркуп кетип: «Бул – элес!» – деп кыйкырып жиберишти.
27
Бирок Ыйса ошол замат аларга: «Кайраттангыла! Бул Менмин, коркпогула!» – деди.
28
Петир Ага: «Теңир! Эгерде бул Сен болсоң, буйрук бер, мен Сага суу үстү менен басып барайын», – деди.
29
Ыйса ага: «Кел», – деди. Петир кайыктан түшүп, суу үстү менен басып, Ыйсага жакын барды.
30
Бирок катуу шамалды көргөндө, коркуп кетип, чөгө баштады. Ошондо ал: «Теңир! Мени сакта!» – деп кыйкырды.
31
Ыйса колун сунуп, аны дароо кармап калды. Анан ага: «Ишеними аз, эмнеге шектендиң?» – деди.
32
Алар кайыкка түшкөндөн кийин, шамал басылып калды.
33
Кайыктагылар болсо: «Сен чын эле Кудайдын Уулу экенсиң», – деп, Ага таазим кылышты.
34
Наркы өйүзгө, Генисарет жерине сүзүп өтүштү.
35
Ал жердин тургундары Ыйсаны таанып, тегерек-четтегилердин баарына киши жиберишти. Ошондо Ыйсага оорулуулардын баарын алып келишип,
36
Андан: «Кийимиңдин этегине эле колубузду тийгизүүгө уруксат бер», – деп өтүнүп жатышты. Анын кийимине колун тийгизгендер айыгып жатышты.
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 15 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28