bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 22
Matthew 22
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 23 →
1
Ыйса үлгү-насаат аңгемелерин улантты:
2
«Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: бир падыша өзүнүн уулунун үйлөнүү тоюн өткөрмөкчү болот.
3
Ал тойго чакырылгандарды чакырыш үчүн, кулдарын жөнөтөт. Бирок алардын келгиси келбейт.
4
Ошондо ал башка кулдарын жөнөтүп: “Дасторконумду даярдап койдум. Торпокторум, борго байланган малым союлду, баары даяр. Тойго келгиле!” – деп айттырат.
5
Бирок чакырылгандар кайдыгер мамиле кылып, бири талаасына кетсе, бири соода кылганы кетет.
6
Дагы бирөөлөрү кулдарын кармап алып кордоп, өлтүрүп салышат.
7
Муну уккан падыша каарданып, аскерлерин жиберет. Алар канкорлорду өлтүрүп, шаарын күлгө айландырышат.
8
Ошондо падыша кулдарына мындай дейт: “Той даяр, бирок чакырылгандар татыктуу эмес болуп чыкты.
9
Ошондуктан тогуз жолдун тоомуна баргыла да, жолуккандардын баарын тойго чакыргыла”.
10
Кулдар жолго чыгышат да, жолуккандардын баарын – жаманын да, жакшысын да чогултушат. Ошентип, той өткөргөн жай мейманга толот.
11
Падыша меймандарды көрүш үчүн кирип, ал жерден той кийимин кийбеген бир адамды көрөт.
12
Ага: “Досум, той кийимин кийбей, бул жерге кантип кирдиң?” – дейт. Тиги адам унчукпайт.
13
Ошондо падыша кулдарына мындай дейт: “Колу-бутун байлап, муну сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот”.
14
Анткени чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз».
15
Ошондон кийин фарисейлер барып, Ыйсаны сөзүнөн кармоо жөнүндө кеңешишти.
16
Анан алар Ироддун адамдарын жана өз шакирттерин Ыйсага жөнөтүштү. Алар келип: «Устат! Сенин адилеттүү адам экениң бизге белгилүү. Кудайдын мыйзамдарын туура окутасың. Эч кимге жагынбайсың, бет карамалык кылбайсың.
17
Оюңду айтчы, Рим падышасына салык төлөө туурабы же туура эмеспи?» – дешти.
18
Ыйса алардын арам оюн билип: «Эки жүздүүлөр! Эмнеге Мени сынап жатасыңар?
19
Мага салыкка төлөнүүчү тыйынды көрсөткүлөчү!» – деди. Ага бир динарий алып келип беришти.
20
Ыйса алардан: «Мына бул сүрөт менен жазуу кимдики?» – деп сурады.
21
«Падышаныкы», – деп жооп беришти алар. Ошондо Ыйса аларга: «Анда падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле», – деди.
22
Алар муну укканда таң калып, Ыйсанын жанынан кетип калышты.
23
«Өлгөндөр тирилбейт» деген садукейлер ошол күнү Ыйсанын жанына келип, мындай деп сурашты:
24
«Устат! Муса мындай дебеди беле: “Ким бала көрбөй көз жумса, анда анын аялын бир тууганы алып, анын тукумун уласын”.
25
Арабызда жети бир тууган бар эле. Биринчиси үйлөнүп, бала көрбөй өлүп калды. Аялы инисине калды.
26
Экинчиси, үчүнчүсү, атүгүл, жетинчиси да ошондой болду.
27
Акырында аял да өлдү.
28
Өлгөндөр тирилгенден кийин, ал аял бул жети бир туугандын кимисинин аялы болот? Анткени аны баары аялдыкка алышкан».
29
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силер Ыйык Жазууну жана Кудайдын күчүн билбегендиктен жаңылып жатасыңар.
30
Анткени өлгөндөр тирилгенден кийин, аял алуу, күйөөгө тийүү деген болбойт. Алар асмандагы Кудайдын периштелериндей болуп калышат.
31
Ал эми өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө болсо, Кудайдын
32
“Мен Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын” деген сөзүн окуган жок белеңер? Кудай – өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы».
33
Буларды уккан эл Анын окутуусуна таң калды.
34
Фарисейлер Ыйсанын садукейлерди сөзгө жыкканын угуп, чогула калышты.
35
Алардын арасындагы бир мыйзам окутуучу Ыйсаны сынап, мындай деп сурады:
36
«Устат! Мыйзамдагы эң маанилүү осуят кайсы?»
37
Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт акылың менен сүй.
38
Биринчи жана эң маанилүү осуят ушул.
39
Экинчиси ушуга эле окшош: “Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй”.
40
Бүт мыйзам жана пайгамбарчылыктар ушул эки осуятка негизделген».
41
Фарисейлер чогулганда, Ыйса алардан:
42
«Машайак жөнүндө кандай ойдосуңар, Ал кимдин Уулу?» – деп сурады. «Дөөттүн», – деп жооп беришти алар.
43
Ыйса аларга: «Дөөт Ыйык Рухтун жетеги менен Машайакты “Теңирим” деп айткандыгын кандай түшүнөсүңөр? Анткени Дөөт мындай дебеди беле:
44
“Теңир менин Теңириме мындай деди: "Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур"”.
45
Ошентип, эгерде Дөөт Аны “Теңир” деп атаган болсо, кантип Ал анын Уулу болсун?» – деди.
46
Ошондо эч ким жооп бере алган жок. Ошол күндөн тартып, эч ким Ага суроо берүүгө даабай калды.
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 23 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28