bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 16
Matthew 16
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 17 →
1
Фарисейлер менен садукейлер Ыйсанын жанына келишти да, Аны сынаш үчүн, асмандан жышаан көрсөтүшүн суранышты.
2
Ыйса болсо аларга: «Кеч киргенде, силер: “Күн кызарып батып бара жатат, эртең күн ачык болот”, – дейсиңер.
3
Эртең менен болсо: “Асман түнөрүп турат, күн бузулат окшойт”, – дейсиңер. Анткорлор! Асманды карап, аба ырайын аныктай аласыңар да, анан убакытка байланыштуу жышаандарды айырмалап биле албайсыңар.
4
Бузулган, жаман муун жышаан көргүсү келет. Бирок ага Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан көрсөтүлбөйт», – деди да, ал жерден кетип калды.
5
Алар наркы өйүзгө сүзүп өтүштү. Шакирттер болсо нан алып алууну унутуп калышкан эле.
6
Ыйса аларга: «Фарисейлердин жана садукейлердин ачыткысынан сак болгула», – деди.
7
Алар болсо: «Нан албаганыбыз үчүн ушинтип айтып жатат го», – деп ойлошту.
8
Ыйса алардын оюн билип, мындай деди: «Ишеними аздар! Эмнеге нан алып албаганыңар жөнүндө ойлоп жатасыңар?
9
Дагы эле түшүнө элексиңерби? Беш нанга беш миң киши тойгону, канча себет ашып калганы эсиңерден чыгып кеттиби?
10
Жети нанга төрт миң киши тойгону, канча себет ашып калганы эсиңерден чыгып кеттиби?
11
Кантип түшүнгөн жоксуңар? Мен силерге: “Фарисейлер менен садукейлердин ачыткысынан сак болгула”, – дегенимде, нан жөнүндө айткан жокмун».
12
Анын нандын ачыткысынан эмес, фарисейлер менен садукейлердин окутуусунан сактандырганын шакирттер ошондо түшүнүштү.
13
Ыйса Филиптин шаары Кейсареяга келгенде, шакирттеринен: «Адамдар Мени, Адам Уулун, ким деп эсептешет?» – деп сурады.
14
Алар Ага: «Бирөөлөр: “Чөмүлдүрүүчү Жакан”, – деп, бирөөлөр: “Илияс”, – деп, дагы бирөөлөр: “Жеремия же пайгамбарлардын бири”, – деп эсептешет», – деп жооп беришти.
15
Ыйса алардан: «А силер Мени ким деп эсептейсиңер?» – деп сурады.
16
Шымон Петир Ага: «Сен тирүү Кудайдын Уулу Машайаксың», – деп жооп берди.
17
Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Бактылуусуң сен, Жунус уулу Шымон! Муну сага адам эмес, Асмандагы Атам ачып берди.
18
Мен да сага айтып коёюн, сен Петирсиң. Мен Өз Жыйынымды ушул таштын үстүнө курам, аны өлүм да жеңе албайт.
19
Сага Асман Падышачылыгынын ачкычтарын берем. Жер үстүндө эмнени байласаң, асманда да ошол байлануу болот. Жер үстүндө эмнени чечсең, асманда да ошол чечилүү болот».
20
Анан Ыйса Өзүнүн Машайак экендигин эч кимге айтпоону шакирттерине эскертти.
21
Ошол мезгилден тартып, Ыйса Өзүнүн Иерусалимге баруусу, аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулардын колунан көп азап чегүүсү, өлтүрүлүүсү, үчүнчү күнү тирилүүсү керектигин шакирттерине айта баштады.
22
Петир Аны четке алып чыгып: «Өзүңдү ая, Теңир! Бул Сенин башыңа түшпөсүн», – деп, каршы боло баштады.
23
Ыйса болсо Петирди карап: «Кет жанымдан, шайтан! Сен Мага тузак коюп жатасың. Анткени сенин ойлоруң – Кудайдын эмес, адамдын ойлору», – деди.
24
Анан Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ким Мени ээрчигиси келсе, ал өзүнөн баш тартсын жана өз айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин.
25
Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.
26
Эгерде адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанына зыян келтирсе, андан ага эмне пайда? Адам өз жанын куткарып алуу үчүн кандай кун төлөй алат?
27
Адам Уулу периштелери менен бирге Өз Атасынын даңкы менен келет, ошондо ар кимге ишине жараша тиешелүүсүн берет.
28
Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жерде тургандардын кээ бирөөлөрү Өз Падышачылыгы менен келген Адам Уулун көрмөйүнчө, өлүшпөйт».
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 17 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28