bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Matthew 3
Matthew 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 4 →
1
Бир нече жылдан кийин чөмүлдүрүүчү Жакан келип, Жүйүт жериндеги ээн талаада мындай деп жар сала баштады:
2
«Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды».
3
Жакан жөнүндө Ышайа пайгамбар: «Теңирге жол даярдагыла, Ал үчүн жолду түздөгүлө деп, ээн талаада жар салган үн угулат», – деп айткан.
4
Жакан болсо төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып жүрчү. Жегени чегиртке менен жапайы бал эле.
5
Ошондо Иерусалимдеги, Жүйүт аймагындагы жана Иордан дарыясынын айланасындагы элдин баары ага келип,
6
күнөөлөрүн моюндарына алып, ачык айтып жатышты. Жакан аларды Иордан дарыясында сууга чөмүлдүрүп жатты.
7
Чөмүлдүрүлүү үчүн келе жаткан бир топ фарисейлер менен садукейлерди көргөндө, Жакан мындай деди: «Жылан тукумдары! Кудайдын келечектеги каарынан качып кутулууну силерге ким айтты?
8
Тобо кылганыңарды иштериңер аркылуу көрсөткүлө!
9
“Биздин атабыз – Ыбрайым”, – деп ойлобой эле койгула. Силерге айтып коёюн, Кудай Ыбрайымга мына бул таштардан да балдарды жаратып бере алат.
10
Балта дарактардын тамырынын жанына коюлган. Демек, жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат.
11
Мен силерди тобо кылуу чөмүлдүрүүсү менен сууга чөмүлдүрүп жатам, бирок менин артымдан Келе Жаткан менден күчтүү. Мен Анын бут кийимин көтөрүп жүрүүгө да татыксызмын. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт.
12
Анын күрөгү Өз колунда, Ал Өз кырманын тазалап, буудайын кампага жыйнайт, ал эми саманды өчпөс отко салат».
13
Ошондо Ыйса Жакан тарабынан сууга чөмүлдүрүлүү үчүн, Галилеядан Иорданга келди.
14
Жакан Аны токтотуп: «Мени Сен чөмүлдүрүшүң керек эле. А Сен болсо мага келе жатасыңбы?» – деди.
15
Бирок Ыйса ага: «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилеттүү ишти ушундайча аткарышыбыз керек», – деп жооп берди. Ошондо Жакан Ага жол берди.
16
Чөмүлдүрүлөрү менен Ыйса суудан чыкты. Ошол учурда (Жакан) асмандын ачылганын жана Кудайдын Рухунун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын, Анын үстүнө түшкөнүн көрдү.
17
Ошондо асмандан «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын» деген үн угулду.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28