bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 1
Revelation 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 2 →
1
Бул – Ыйса Машайактын аяны. Жакында эмне болорун Өзүнүн кулдарына көрсөтүү үчүн, Кудай Ага ушул аянды берди. Кудай бул аянды Өзүнүн периштеси аркылуу Өзүнүн кулу Жаканга көрсөттү.
2
Жакан болсо Кудайдын сөзүн, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүн жана өзүнүн көргөндөрүн күбөлөндүрдү.
3
Ушул пайгамбарчылыктарды окугандар жана уккандар, ошондой эле аянда жазылганды кармангандар бактылуу, анткени убакыт жакындап калды.
4
Асиядагы жети Жыйынга Жакан мындай деп жазат: Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан Кудай, Анын тактысынын алдында турган жети рух,
5
ошондой эле ишенимдүү күбө, өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилген, жер үстүндөгү падышалардын падышасы болгон Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин! Бизди сүйгөндүктөн, күнөөлөрүбүздү Өзүнүн каны менен жууган,
6
бизди Өзүнүн Атасы Кудайга таандык падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар кылган Ал түбөлүккө даңкталып, бийлик кыла берсин! Оомийин!
7
Мына, Ал булуттар менен келе жатат, Аны бардык көздөр көрөт, Аны найза менен сайгандар да көрүшөт. Жер үстүндөгү бардык элдер Анын алдында боздоп ыйлашат. Ооба, ошондой болот, оомийин.
8
Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Теңир мындай дейт: «Мен Альфамын жана Омегамын, башымын жана аягымын».
9
Ыйса Машайактын азап чегүүсүнө, падышачылык кылуусуна жана чыдамкайлык көрсөтүүсүнө ортоктош болгон силердин бир тууганыңар мен, Жакан, Кудайдын сөзү үчүн жана Ыйса Машайак жөнүндө күбөлөндүргөнүм үчүн, Патмос аралында болдум.
10
Теңирдин күнүндө мен Рухка толдум. Ошондо мен арка жагымдан сурнайдын үнүндөй болгон катуу үндү уктум, ал үн мындай деп айтты: «Мен Альфамын жана Омегамын, биринчимин жана акыркымын.
11
Эмнени көрүп турсаң, ошону китепке жазып, аны Асиядагы Эфес, Смирна, Пергам, Тиатира, Сардес, Филаделфия жана Лаодикея Жыйындарына жибер».
12
Мага сүйлөгөн үн кимдин үнү экенин көрөйүн деп, артымды карадым. Ошондо мен жети алтын чыракты көрдүм.
13
Жети чырактын ортосунда Адам Уулуна окшогон бирөө туруптур. Ал узун кийим кийип, көкүрөгүн алтын кемер менен курчап алыптыр.
14
Анын башы менен чачы ак жүндөй жана кардай аппак, көздөрү оттун жалынындай,
15
буттары меште кызып жаркыраган жездей, үнү суулардын шаркыраган үнүндөй эле.
16
Анын оң колунда жети жылдыз бар экен, Анын оозунан эки миздүү кылыч чыгып туруптур. Анын жүзү болсо жаркырап тийип турган күндөй эле.
17
Мен Аны көргөндө, Анын бут алдына өлүк сыяктуу жыгылдым. Ошондо Ал менин үстүмө оң колун коюп, мындай деди: «Коркпо! Мен биринчимин жана акыркымын.
18
Мен тирүүмүн. Өлгөн элем, азыр болсо түбөлүккө тирүүмүн, оомийин. Өлгөндөр жаткан жай менен өлүмдүн ачкычтары Менде.
19
Ошондуктан эмнени көрсөң, азыр эмне болуп жатса, мындан кийин эмне боло турган болсо, ошонун баарын жаз.
20
Менин оң колумдагы сен көргөн жети жылдыздын жана жети алтын чырактын жашыруун сыры мындай: жети жылдыз – жети Жыйындын периштелери, ал эми сен көргөн жети чырак – жети Жыйындын өзү.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22