bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 5
Revelation 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 6 →
1
Анан мен тактыда Отургандын оң колунан эки бетине тең жазылган, жети мөөр басылган түрмөк китепти көрдүм.
2
Ошондой эле күчтүү периштени көрдүм, ал: «Мөөрлөрдү алып таштап, китепти ачууга ким татыктуу?» – деп, катуу үн менен сурап жатты.
3
Бирок асманда да, жерде да, жер астында да ал китепти ачууга, анын ичин кароого эч ким табылган жок.
4
Ошондо мен ал китепти ачып окууга, атүгүл, анын ичин кароого татыктуу эч ким табылбагандыгы үчүн аябай ыйладым.
5
Ошондо аксакалдардын бири мага мындай деди: «Ыйлаба, мына, Жүйүт уруусунан, Дөөттүн тукумунан чыккан Арстан жеңип чыкты. Мына Ошол жети мөөрдү алып таштап, китепти ача алат».
6
Анан мен тактынын, төрт тирүү жандыктын жана аксакалдардын ортосунда мууздалган сыяктуу Козу турганын көрдүм. Анын жети мүйүзү жана жети көзү бар экен. Алар – Кудайдын бүт дүйнөгө жиберген жети руху.
7
Ошол Козу келип, тактыда Отургандын оң колунан китепти алды.
8
Ал китепти алганда, төрт тирүү жандык жана жыйырма төрт аксакал Козунун алдына жыгылышты. Алардын ар биринде гусли жана жыпар жыттуу затка толгон алтын чөйчөктөр бар эле. Ал чөйчөктөрдөгү жыпар жыттуу зат – ыйыктардын сыйынуусу.
9
Анан алар мындай жаңы ыр ырдашты: «Сен китепти алууга, анын мөөрлөрүн ачууга татыктуусуң, анткени Сен мууздалдың, Өз каның менен ар бир уруудан, ар бир тилден, ар бир элден жана ар бир улуттан бизди Кудайга сатып бердиң.
10
Бизди Кудайыбызга падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар кылдың. Биз жер үстүндө падышачылык кылабыз».
11
Анан мен тактынын, тирүү жандыктардын жана аксакалдардын тегерегинен көптөгөн периштелерди көрдүм, алардын үндөрүн уктум. Алар миң-миңдеп, миң-түмөндөп саналат экен.
12
Алар катуу үн менен: «Мууздалган Козу бийликке жана байлыкка, даанышмандыкка жана кудуретке ээ болууга, урматталууга, даңкталууга жана макталууга татыктуу», – деп айтып жатышты.
13
Ошондо мен асмандагы жана жердеги, жер астындагы жана деңиздеги, бүт дүйнө жүзүндөгү тирүү жандыктардын баарынын: «Тактыда Отурган жана Козу түбөлүккө макталсын, урматталсын, даңкталсын жана бийлик кыла берсин!» – деп айтышканын уктум.
14
Ошондо төрт тирүү жандык: «Оомийин», – дешти. Жыйырма төрт аксакал болсо жерге жыгылып, түбөлүк Жашоочуга таазим кылды.
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22