bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 18
Revelation 18
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 19 →
1
Ошондон кийин мен асмандан түшүп келе жаткан, улуу бийлиги бар периштени көрдүм. Жер анын даңкы менен жарык болуп турду.
2
Ал катуу үн менен мындай деди: «Кулады! Улуу шаар, бузуктук кылуучу Бабыл кулады, ал жиндердин турак жайы, таза эмес рухтардын баш калкалар жайы, бардык арам жана жийиркеничтүү канаттуулардын жашай турган жайы болду. Анткени анын бузуктук кумарынын шарабынан бардык элдер ичип мас болушкан.
3
Жер үстүндөгү падышалар аны менен бузуктук кылышкан, анын байлыгы менен бүт жер жүзүндөгү көпөстөр байышкан».
4
Анан мен асмандан мындай деп сүйлөгөн башка үндү уктум: «Менин элим, анын күнөөлөрүнө ортоктошуп, анын башына түшө турган алааматтарга кабылып калбашың үчүн, андан чык!
5
Анткени анын күнөөлөрү асманга чейин жетти, Кудай анын адилетсиздиктерин эсине алды.
6
Ага силерге кылган иштерине жараша тиешесин бергиле, анын кылган иштерине жараша эки эсе тиешесин бергиле. Анын шарап даярдаган чөйчөгүнө аныкынан эки эсе көп шарап даярдап бергиле.
7
Ал өзүн канчалык даңктаса, канчалык сайран курса, ага ошончолук азап, ошончолук кайгы тарттыргыла. Анткени ал өз ичинен: “Мен тактыда отурган ханышамын, мен жесир эмесмин. Мен кайгы тартпайм!” – деп айтып жатат.
8
Ошон үчүн ага бир күндүн ичинде алааматтар – өлүм, кайгы жана ачарчылык келет. Ал өрттөлөт, анткени аны соттогон Кудай-Теңир күчтүү.
9
Аны менен бирге бузуктук кылып жыргалчылык көргөн жер үстүндөгү падышалар анын өртүнөн чыккан түтүндү көрүшкөндө, аны жоктоп, боздоп ыйлашат.
10
Анын кыйналганын көрүп үрөйлөрү учкан алар алыста туруп алып мындай дешет: “Башыңа каран түн түштү, улуу шаар, бекем шаар Бабыл! Анткени сенин үстүңөн бир сааттын ичинде өкүм чыгарылды”.
11
Бүт жер жүзүндөгү көпөстөр аны жоктоп ыйлашат, анткени алардын дүнүйө-мүлктөрүн:
12
алтын менен күмүштөн жасалган буюмдарын, асыл таштарын, берметин, зыгыр буласын, кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемелерин, жибектерин, ар кандай жыпар жыттуу жыгачтарын, пилдин сөөгүнөн, эң кымбат жыгачтан, жезден, темирден жана мармардан жасалган ар кандай буюмдарын,
13
дарчиндерин, жыпар жыттуу заттарын, миросун, ладанын, шарабын, зайтун майын, ак унун, буудайын, малын, койлорун, аттарын жана арабаларын, кулдарын, адамдардын жандарын эми эч ким сатып албайт.
14
“Өзүң жактырган жемиштериң калбай калды, баалуу жана жаркыраган нерселериңдин баарынан ажырадың, эми сен аларды таба албайсың”.
15
Ушулардын баары менен соода кылгандар, ушул шаардын аркасы менен байыгандар анын кыйналганын көрүп, корккондорунан жакын бара албай, жоктоп ыйлап, мындай дешет:
16
“Башыңа каран түн түштү, зыгыр буласынан, кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемеден кийим кийип, алтын менен, асыл таштар жана бермет менен жасалгаланган улуу шаар, башыңа каран түн түштү!
17
Анткени ушундай байлык бир сааттын ичинде жок болду”. Кеме башкаруучулар менен кеме жүргүнчүлөрүнүн бардыгы, кемечилер жана деңиз аркылуу соода кылган соодагерлер алыста туруп алып,
18
анын өртүнөн чыккан түтүндү карап: “Ушул улуу шаарга тең келген шаар бар беле!” – деп боздошот.
19
Алар баштарына күл чачып, боздоп ыйлап: “Башыңа каран түн түштү, улуу шаар! Деңизде кемеси барлардын бардыгы сенин байлыктарың менен байышчу эле! Бир сааттын ичинде кыйрадың”, – дешет.
20
Асман, ыйыктар, элчилер жана пайгамбарлар, буга кубангыла, анткени Кудай алардын үстүнөн сот жүргүзүп, силер үчүн өч алды».
21
Анан бир күчтүү периште тегирмендин ташындай болгон чоң ташты алып, деңизге ыргытты да: «Улуу шаар Бабыл да ушундай күч менен кулатылат, ал таптакыр жок болот.
22
Сенде мындан ары гусли черткендердин, ырчылардын, чоорчулардын жана сурнайчылардын үнү угулбайт. Мындан ары сенде эч кандай уста, эч кандай устачылык болбойт, мындан ары жаргылчактын үнү угулбайт.
23
Мындан ары сенде шам чырактын жарыгы жаркырабайт, күйөө менен колуктунун үнү угулбайт, анткени сенин көпөстөрүң бул дүйнөнүн төрөлөрү эле, сенин сыйкырчылыгың менен бардык элдер адашкан.
24
Бул шаардан пайгамбарлардын, ыйыктардын жана жер үстүндөгү бардык өлтүрүлгөн адамдардын каны табылган», – деди.
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 19 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22