bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 3
Revelation 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 4 →
1
Сардестеги Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Колунда Кудайдын жети Руху жана жети жылдыз бар Теңир мындай дейт: “Мен сенин иштериңди билем. Сен тирүү болуп аталып жүргөнүң менен өлүксүң.
2
Сергек бол, өлүм алдында турган нерселериңди бекемде, анткени Мен сенин иштериңди Кудайымдын алдында жеткилең деп таппадым.
3
Эмнени кабыл алганыңды, эмнени укканыңды эстеп, ошону сакта, тобо кыл. Эгерде сен сергек болбосоң, анда Мен сага ууру сыяктуу келем, Менин кайсы саатта келеримди билбей каласың.
4
Бирок сенин Сардесте бир нече кишиң бар, алар кийимдерин кирдетишкен жок. Алар ак кийимдерин кийип, Мени менен жүрүшөт, анткени алар ошого татыктуу.
5
Жеңген адам ак кийим киет. Мен анын ысымын өмүр китебинен өчүрбөйм, анын ысымын Атамдын алдында жана Анын периштелеринин алдында ачык тааныйм.
6
Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун”.
7
Филаделфиядагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Ыйык, Чыныгы, Дөөттүн ачкычын алып жүрүүчү Теңир (Ал ачса, эч ким жаба албайт; Ал жапса, эч ким ача албайт) мындай дейт:
8
“Мен сенин иштериңди билем. Мына, Мен сенин алдыңда эшикти ачып койдум, аны эч ким жаба албайт. Анткени сен күчүң аз болгонуна карабастан, Менин сөзүмдү сактадың, Менин ысымымдан баш тарткан жоксуң.
9
Мына, Мен шайтанга таандык топтогу адамдардын кээ бирөөлөрүн, жүйүт эмес болушса да, жүйүтпүз деп калп айткандарды, сенин алдыңа алып келип, таазим кылдырам, ошондо алар Менин сени сүйгөндүгүмдү билишет.
10
Сен Менин чыдамкайлык жөнүндөгү сөзүмдү сактадың, ошондуктан Мен да сени жер үстүндө жашагандардын сыналуусу үчүн бүт дүйнөдө боло турган сыноо убагынан сактап калам.
11
Мен жакында келем. Бирөө сенин таажыңды тартып албаш үчүн, эмнең бар болсо, ошону бекем карма.
12
Жеңип чыккан адамды Мен Кудайымдын ийбадатканасынын тирөөчү кылам, ал ошол жерден эч качан чыкпайт. Тирөөчтүн бетине Мен Кудайымдын ысымын жана Кудайымдын шаарынын атын, Кудайымдан, асмандан түшкөн жаңы Иерусалимдин атын жана Өзүмдүн жаңы ысымымды жазып коём.
13
Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун”.
14
Лаодикеядагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Ысымы Оомийин, ишенимдүү жана чыныгы күбө, Кудайдын жаратуусунун башталышы, мындай дейт:
15
“Сенин иштериңди билем. Сен муздак да, ысык да эмессиң. Атаганат, сен муздак же ысык болсоң эмне!
16
Сен ысык да, муздак да эмес, жылуу болгонуң үчүн, Мен сени оозумдан бүркүп чыгарып салам.
17
Анткени сен: "Мен баймын, байып калдым, эч нерсеге муктаж эмесмин", – деп айтып жатасың. Бирок сен өзүңдүн бактысыз, аянычтуу, жакыр, сокур жана жылаңач экендигиңди билбейсиң.
18
Мен сага мындай кеңеш берем: байышың үчүн, сен Менден отко тазаланган алтын сатып алгын; жылаңач этиң көрүнбөш үчүн, Менден ак кийим сатып алып кий; көзүң көрүш үчүн, Менден көздүн майын сатып алып, көзүңө сыйпа.
19
Мен кимди сүйсөм, ошолорду ашкерелеп, жазалайм. Ошондуктан тырышчаак бол жана тобо кыл.
20
Мына, Мен эшиктин алдында туруп, эшикти чертип жатам. Ким Менин үнүмдү угуп, эшигин ачса, Мен аныкына кирип, аны менен бирге тамак ичем, ал да Мени менен бирге тамак ичет.
21
Мен жеңип чыгып, Атамдын жанына, Анын тактысына отурганымдай эле, жеңип чыккан адамды Өзүмдүн жаныма, тактыма отургузам.
22
Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун”».
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22