bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 12
Revelation 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 13 →
1
Асмандан улуу жышаан: күн жамынган аял көрүндү. Анын бутунун астында ай, башында он эки жылдыздуу таажы бар экен.
2
Ал кош бойлуу болгондуктан, төрөт азабынан кыйналып, кыйкырып жатты.
3
Асмандан дагы бир жышаан: жети башы, он мүйүзү, жети таажысы бар чоң кызыл ажыдаар көрүндү.
4
Ал өзүнүн куйругу менен асмандагы жылдыздардын үчтөн бир бөлүгүн жерге шыпырып түштү. Ажыдаар наристени төрөлөрү менен жеп салуу үчүн, төрөр маалы келип калган аялдын алдына келип турду.
5
Аял бардык элдерди темир таяк менен кайтара турган эркек бала төрөдү. Бала Кудайдын жана Анын тактысынын жанына көтөрүлүп кетти.
6
Аял болсо чөлгө, Кудай даярдап койгон жерге, качып кетти. Анткени ал жерде ал бир миң эки жүз алтымыш күн багылышы керек эле.
7
Анан асманда согуш чыкты: Михаел жана анын периштелери ажыдаарга каршы согушушту, ажыдаар жана анын жин-перилери тигилерге каршы согушушту,
8
бирок жеңилип калышты, аларга андан ары асманда орун жок эле.
9
Ошентип, чоң ажыдаар – бүткүл ааламды азгырган, шайтан жана ибилис деп аталган байыркы жылан жерге кулатылды, аны менен кошо жин-перилери да кулатылды.
10
Анан мен асмандан мындай деп сүйлөгөн катуу үндү уктум: «Биздин Кудайыбыздын куткаруу иши иш жүзүнө ашты, Анын күчү көрүндү, Анын падышачылыгы орноду, Анын Машайагы бийликти колуна алды, анткени биздин бир туугандарыбызды Кудайдын алдында күндүр-түндүр жамандаган ушакчы жерге кулатылды.
11
Алар аны Козунун каны менен, өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү менен жеңишти. Алар өз өмүрлөрүн аяшкан эмес, өлүмгө баш байлашкан.
12
Ошондуктан, асман жана анда жашагандар, кубангыла! Бирок жер үстүндө жана деңизде жашагандарга кайгы! Анткени шайтан өз убагынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү!»
13
Ажыдаар өзүнүн жерге кулатылганын көргөндө, эркек бала төрөгөн аялдын артынан сая түштү.
14
Ошондо чөлдөгү ордуна качып кетиши үчүн, аялга чоң бүркүттүн эки канаты берилди. Ага жыландан алыс жерде бир мезгил, мезгилдер жана жарым мезгил кам көрүлдү.
15
Аялды агызып кетиши үчүн, анын артынан жылан өзүнүн оозунан чоң суу коё берди.
16
Бирок аялга жер жардам берди. Ал өзүнүн оозун ачып, ажыдаар коё берген сууну жутуп алды.
17
Ошондо ажыдаар аялга аябай ачууланып, аялдын башка балдары менен – Кудайдын осуяттарын аткарган, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүнө ээ балдары менен согушууга жөнөдү.
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22