bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 4
Revelation 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 5 →
1
Ошондон кийин мен өйдө карап, асмандын эшиги ачылганын көрдүм. Мен мурун уккан, сурнайдын үнүндөй болгон, мага сүйлөгөн үн мындай деди: «Бул жакка чык, Мен сага мындан кийин эмне болушу керек экендигин көрсөтөм».
2
Ошол замат мен Рухка толдум. Ошондо мен асманда такты турганын, тактыда Бирөө отурганын көрдүм.
3
Анын көрүнүшү яспис жана акак таштарындай экен. Ал эми тактыны көрүнүшү зымырыт ташындай болгон жаа тегерете курчап турат экен.
4
Ал тактынын тегерегинде жыйырма төрт такты бар экен. Ал тактыларда үстүлөрүнө ак кийим, баштарына алтын таажы кийген жыйырма төрт аксакал отурганын көрдүм.
5
Такты тараптан чагылган чартылдап, күн күркүрөп, катуу дабыштар чыгып жатты. Ал эми тактынын алдында Кудайдын жети руху болгон жети чырак жалындап күйүп туруптур.
6
Тактынын алдында кристаллга окшогон, тунук айнектей болгон деңиз, тактынын ортосунда жана тегерегинде алды-арты бүт көз болгон төрт тирүү жандык бар экен.
7
Биринчи жандык арстанга, экинчиси торпокко, үчүнчүсүнүн бети адамдыкына, төртүнчүсү болсо учуп бара жаткан бүркүткө окшош экен.
8
Төрт тирүү жандыктын ар биринин алтыдан канаты бар эле, ал эми алардын тула бою көзгө толо эле. Алар күнү-түнү тыным албастан: «Башынан бери эле бар болгон, азыр да бар болуп турган, келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир ыйык, ыйык, ыйык!» – деп жатышты.
9
Бул тирүү жандыктар тактыда отурган, түбөлүк жашоочу Кудайды даңктап, Ага урмат көрсөтүп, ыраазычылык билдиришкен сайын,
10
жыйырма төрт аксакал тактыда Отургандын алдына жыгылып, түбөлүк Жашоочуга таазим кылып, таажыларын тактынын алдына коюп, мындай деп жатышты:
11
«Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат».
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22