bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 20
Revelation 20
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 21 →
1
Анан мен асмандан түшүп келе жаткан периштени көрдүм. Анын колунда түпсүз туңгуюктун ачкычы жана чоң чынжыр бар эле.
2
Ал шайтан жана ибилис болуп эсептелген байыркы жыланды – ажыдаарды кармап алып, миң жылга чынжырлап койду.
3
Миң жыл өткөнгө чейин элдерди азгырбасын деп, ал аны түпсүз туңгуюкка кулатып түшүрүп, камап салды, анан үстүнөн мөөр басып койду. Ал ошондон кийин гана бир аз убакытка бошотулууга тийиш эле.
4
Анан мен тактыларды жана аларда отургандарды көрдүм. Аларга сот жүргүзүүгө укук берилди. Ошондой эле мен Ыйсаны күбөлөндүрүшкөнү үчүн жана Кудайдын сөзү үчүн башы алынгандардын жандарын – жырткычка жана анын бейнесине табынбаган, өздөрүнүн чекесине да, колуна да белги койдурбагандарды көрдүм. Алар тирилип, Машайак менен бирге миң жыл падышачылык кылышты.
5
Калган өлгөндөр миң жыл өткөнгө чейин тирилишкен жок. Бул – биринчи тирилүү.
6
Биринчи тирилүүгө катышкан адамдар – бактылуу жана ыйык адамдар: экинчи өлүм алардын үстүнөн бийлик кыла албайт, алар Кудайдын жана Машайактын ыйык кызмат кылуучулары болушат жана Аны менен бирге миң жыл падышачылык кылышат.
7
Миң жыл өткөндөн кийин шайтан камалган жеринен бошотулуп, жердин төрт тарабында жашаган элдерди, Гок менен Магокту азгыруу үчүн чыгат, аларды согушка чогултат. Алардын саны деңиз кумундай көп.
8
Алар дүйнөнүн төрт тарабына чыгып, ыйыктардын кошуунун жана Кудайдын сүйүктүү шаарын курчап алышты.
9
Ошондо асмандан, Кудайдан от түшүп, аларды өрттөп жиберди.
10
Ал эми аларды азгырган шайтан күйүп жаткан күкүрттүү көлгө ыргытылды. Ал жерде жырткыч жана жалган пайгамбар бар. Алар күнү-түнү, түбөлүк кыйналышат.
11
Анан мен чоң ак тактыны жана анда Отурганды көрдүм. Анын жүзүнөн асман менен жер качты: аларга орун табылбай калды.
12
Ошондо мен тактынын алдында турган өлгөндөрдү – чоңдорду да, кичинелерди да көрдүм. Китептер ачылды. Дагы бир китеп ачылды, ал өмүр китеби эле. Өлгөн адамдар китептерде жазылган өздөрүнүн иштерине жараша соттолушту.
13
Ошондо деңиз өзүндөгү өлгөн адамдарды кайрып берди, өлүм жана өлгөндөр жаткан жай да өздөрүндөгү өлгөн адамдарды кайрып беришти. Ар бир адам өз иштерине жараша соттолду.
14
Анан өлүм жана өлгөндөр жаткан жай күйүп турган көлгө ыргытылды. Күйүп турган көл – экинчи өлүм.
15
Ал эми ким өмүр китебине жазылбаган болсо, ал күйүп турган көлгө ыргытылды.
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22