bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 11
Revelation 11
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 12 →
1
Анан мага ченегич камыш таяк берилип, мындай деп айтылды: «Ордуңдан туруп, Кудайдын ийбадатканасын жана курмандык чалынуучу жайды чене, ал жерде табынып жаткандардын санын эсепте.
2
Ал эми ийбадаткананын сырткы короосун ченебей эле кой, анткени ал бутпарастарга берилген: алар ыйык шаарды кырк эки ай тебелеп-тепсешет.
3
Мен Өзүмдүн эки күбөмө бийлик берем, алар зумбал кийип алып, бир миң эки жүз алтымыш күн пайгамбарчылык кылышат».
4
Алар – бүт дүйнө жүзүнүн Кудайынын алдында турган эки зайтун дарагы жана эки шам чырак.
5
Эгерде аларга кимдир бирөө зыян келтирүүнү кааласа, анда алардын ооздорунан от чыгып, душмандарын жалмап коёт. Ким аларга зыян келтирүүнү кааласа, ал өлтүрүлүшү керек.
6
Пайгамбарчылык кылып жаткан күндөрүндө жер бетине жамгыр жаабашы үчүн, аларда асманды жаап коюу бийлиги бар. Аларда сууларды канга айландыруу жана каалаган убактыларында жерди ар кандай жазалар менен кыйратуу бийлиги бар.
7
Күбөлөндүрүп бүтүшкөндөн кийин, түпсүз туңгуюктан чыккан жырткыч алар менен согушуп, аларды жеңет, аларды өлтүрөт.
8
Алардын өлүктөрүн каймана мааниде Содом жана Мисир деп аталган улуу шаардын көчөсүнө ташташат. Алардын Теңири да ошол шаарда айкаш жыгачка кадалган.
9
Ар бир элден, ар бир уруудан, ар бир тилден жана ар бир улуттан көптөгөн адамдар үч жарым күн алардын өлүктөрүн мүрзөгө коюуга жол бербей, карап тура беришет.
10
Жер үстүндө жашап жаткан адамдар алардын өлтүрүлгөнүнө кубанып, шаттанып, бири-бирине белектерди жиберишет, анткени бул эки пайгамбар аларды кыйнашкан эле.
11
Бирок үч жарым күндөн кийин аларга Кудайдан өмүр руху кирип, экөө тең орундарынан турушту. Ошондо аларды карап тургандарды чоң коркунуч басты.
12
Анан ал экөө асмандан катуу үндү угушту, ал үн аларга: «Бул жакка чыккыла», – деди. Ошондо алар булут менен асманга көтөрүлүп кетишти, душмандары болсо аларды карап турушту.
13
Ошол учурда катуу жер титирөө болуп, шаардын ондон бир бөлүгү кулап калды. Жер титирөөдөн жети миң адам өлдү. Калган адамдарды коркунуч басып, асмандагы Кудайды даңкташты.
14
Экинчи кайгы өтүп кетти. Мына, үчүнчү кайгы жакындап келе жатат.
15
Жетинчи периште сурнай тартканда, асмандан «Бул дүйнөнүн үстүнөн болгон падышачылык биздин Теңирдин жана Анын Машайагынын колуна өттү, Ал түбөлүккө падышачылык кылат» деген катуу үндөр чыкты.
16
Кудайдын алдында, өздөрүнүн тактыларында отурган жыйырма төрт аксакал жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга мындай деп табынып жатышты:
17
«Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир, биз Сага ыраазычылыгыбызды билдиребиз, анткени Сен Өзүңдүн улуу бийлигиңди колуңа алып, падышачылык тактыңа отурдуң.
18
Бутпарастар ачууланышты. Ошон үчүн Сенин Өз каарыңды төгө турган, өлгөндөрдү соттой турган, Өзүңдүн кулдарыңа – пайгамбарларыңа, ыйыктарыңа жана Өзүңдүн ысымыңдан корккондорго, чоңдорго да, кичинелерге да өздөрүнүн тиешесин бере турган, жерди кыйраткандарды жок кыла турган убагың келди».
19
Ошондо Кудайдын асмандагы ийбадатканасы ачылып, андан Анын келишим сандыгы көрүндү. Чагылган чартылдап, катуу добуштар чыгып, күн күркүрөп, жер титиреп, мөндүр төктү.
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 12 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22