bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 7
Revelation 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 8 →
1
Андан кийин мен жердин төрт бурчунда турган төрт периштени көрдүм. Алар жерге, деңизге, бир да даракка шамал тийбесин деп, жердин төрт тарабынын шамалын кармап турушуптур.
2
Анан мен чыгыштан көтөрүлүп келе жаткан, колунда тирүү Кудайдын мөөрү бар башка периштени көрдүм. Ал жерге жана деңизге зыян келтирүүгө буйрук алган төрт периштеге катуу үн менен мындай деди:
3
«Кудайыбыздын кулдарынын чекелерине биз мөөр басканга чейин, жерге да, деңизге да, дарактарга да зыян келтирбегиле».
4
Анан мен мөөрлөнгөндөрдүн санын уктум: Ысрайылдын бардык урууларынан мөөрлөнгөндөрдүн саны жүз кырк төрт миң экен.
5
Жүйүт уруусунан он эки миң адамга, Рубейин уруусунан он эки миң адамга, Гат уруусунан он эки миң адамга,
6
Ашыр уруусунан он эки миң адамга, Напталы уруусунан он эки миң адамга, Менаше уруусунан он эки миң адамга,
7
Шымон уруусунан он эки миң адамга, Леби уруусунан он эки миң адамга, Исахар уруусунан он эки миң адамга,
8
Забулун уруусунан он эки миң адамга, Жусуп уруусунан он эки миң адамга, Бенжемин уруусунан он эки миң адамга мөөр басылыптыр.
9
Ошондон кийин карасам, ар бир уруудан, ар бир улуттан, ар бир элден, ар бир тилден эч ким санай алгыс, эбегейсиз көп адамдар тактынын жана Козунун алдында ак кийим кийип, колдоруна курма пальмасынын бутагын кармап турушуптур.
10
Алар үндөрүн бийик чыгарып: «Тактыда отурган биздин Кудайдан жана Козудан куткарылуу келет!» – деп айтып жатышты.
11
Бардык периштелер тактыны, аксакалдарды жана төрт тирүү жандыкты тегеректеп алып, тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга мындай деп табынып жатышты:
12
«Оомийин! Алкыш, даңк, даанышмандык, ыраазычылык, урмат-сый, күч-кубат жана кудурет түбөлүккө биздин Кудайыбызга таандык! Оомийин».
13
Анан аксакалдардын бири сөз баштап, менден: «Бул ак кийимчендер кимдер, булар кайдан келишкен?» – деп сурады.
14
Мен ага: «Сен аны билесиң, мырза», – деп жооп бердим. Ошондо ал мага мындай деди: «Булар – улуу кайгыдан келгендер. Алар өздөрүнүн кийимдерин жуушкан, алар өздөрүнүн кийимдерин Козунун канына агартышкан.
15
Ошон үчүн алар азыр Кудайдын тактысынын алдында туруп, Анын ийбадатканасында Ага күнү-түнү кызмат кылып жатышат. Тактыда Отурган алардын арасында жашайт.
16
Алар эми эч качан ачка болушпайт, суусашпайт, аларды күн жана эч кандай ысык куйкалабайт.
17
Анткени аларды тактынын ортосундагы Козу кайтарып, тирүү суунун башатына алып барат. Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт».
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22