bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 8
Revelation 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 9 →
1
Козу жетинчи мөөрдү ачканда, асманда жарым саатча тынчтык өкүм сүрдү.
2
Андан кийин мен Кудайдын алдында турган жети периштени көрдүм, аларга жети сурнай берилди.
3
Анан башка бир периште келип, курмандык чалынуучу жайдын алдына турду. Анын колунда жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү алтын чөйчөк бар экен. Ага көп жыпар жыттуу зат берилди. Анткени ал аны бардык ыйыктардын сыйынуулары менен бирге тактынын алдында турган, алтындан жасалган курмандык чалынуучу жайдын үстүнө коюшу керек эле.
4
Жыпар жыттуу заттардын түтүнү ыйыктардын сыйынуулары менен бирге периштенин колунан Кудайдын алдына көтөрүлдү.
5
Анан периште жыпар жыттуу заттар түтөтүлүүчү чөйчөктү алды да, аны курмандык чалынуучу жайдагы от менен толтуруп, жерге ыргытып жиберди. Ошондо катуу дабыштар чыгып, күн күркүрөп, чагылган чартылдап, жер титиреди.
6
Анан жети сурнайы бар жети периште сурнай тартууга даярданды.
7
Биринчи периште сурнай тартканда, жерге кан аралаш мөндүр жана от түштү. Ошондо дарактардын үчтөн бир бөлүгү өрттөндү, көк чөптүн баары күйүп кетти.
8
Экинчи периште сурнай тартканда, жалындап күйүп жаткан чоң тоо сыяктуу бир нерсе деңизге кулады. Ошондо деңиздин үчтөн бир бөлүгү канга айланды.
9
Деңизде жашаган тирүү жандыктардын үчтөн бир бөлүгү өлүп, кемелердин үчтөн бир бөлүгү кыйрады.
10
Yчүнчү периште сурнай тартканда, асмандан шам чырактай күйгөн чоң жылдыз түштү. Ал дарыялардын үчтөн бир бөлүгүн жана булактарды басып калды.
11
Бул жылдыздын аты «Эрмен» эле. Ошондо суунун үчтөн бир бөлүгү уулуу болуп калды. Бул суудан көп адамдар өлүштү, анткени суу ачуу болуп калган эле.
12
Төртүнчү периште сурнай тартканда, күндүн, айдын жана жылдыздардын үчтөн бир бөлүгү кыйрады. Ошондо алардын үчтөн бир бөлүгү караңгыланып, күндүзгү убактын да, түнкү убактын да үчтөн бир бөлүгү жарыгы жок болуп калды.
13
Анан мен асмандын ортосунда учуп келе жаткан бүркүттү көрдүм жана анын катуу үн менен мындай дегенин уктум: «Жер үстүндө жашап жаткандарга кайгы, кайгы! Үч периште тарта турган калган сурнайлардын үнү чыкканда, алардын башына кайгы түшөт!»
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22