bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 14
Revelation 14
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 15 →
1
Анан мен Козунун Сион тоосунда турганын көрдүм. Анын жанында чекелерине Анын жана Атасынын ысымы жазылган жүз кырк төрт миң адам туруптур.
2
Анан мен асмандан суулардын шаркыраганындай, күндүн катуу күркүрөгөнүндөй болгон үндү уктум. Мен уккан үн гусли чертип ырдагандардын гуслисинин үнүндөй эле.
3
Алар тактынын алдында, төрт тирүү жандыктын жана аксакалдардын алдында жаңы ыр ырдап жатышкандай болду. Ал ырды жер үстүнөн сатылып алынган бул жүз кырк төрт миң адамдан башка эч ким үйрөнө алган жок.
4
Булар – аял заты менен булганбагандар, анткени алар аял затына жакындашкан эмес. Алар – Козу кайда гана барбасын, Анын артынан ээрчигендер. Алар – Кудайга жана Козуга арналган, адамдардын арасынан сатылып алынган туңгучтар.
5
Алардын оозунан эч кандай жалган сөз чыккан эмес, алар кемчиликсиз.
6
Анан мен асмандын ортосунда учуп келе жаткан периштени көрдүм. Ал периштеде жер үстүндө жашаган бардык урууларга жана улуттарга, тилдерге жана элдерге таратыла турган түбөлүктүү Жакшы Кабар бар эле.
7
Ал катуу үн менен мындай деди: «Кудайдан корккула, Аны даңктагыла, анткени Анын соттой турган убагы келди. Асман менен жерди, деңиз менен булактарды Жаратканга табынгыла».
8
Анын артынан дагы бир периште келе жатты. Ал мындай деди: «Кулады! Улуу шаар Бабыл кулады, анткени ал өзүнүн бузуктугунун ачуу шарабы менен бардык элдерди мас кылган».
9
Бул периштенин артынан дагы бир периште келе жатты. Ал катуу үн менен мындай деди: «Ким жырткычка жана анын айкелине табынса, анын белгисин чекесине же колуна койдурса,
10
ал Кудайдын каарынын шарабын – Анын каары толтурулган чөйчөктөгү таза шарапты ичет. Ал ыйык периштелердин жана Козунун алдында отко жана күкүрткө күйүп кыйналат.
11
Алардын кыйналуусунан чыккан түтүн түбөлүккө көтөрүлүп турат. Жырткычка жана анын айкелине табынгандар, анын ысымынын белгисин койдургандар күн да, түн да тынч ала алышпайт.
12
Бул жерде Кудайдын осуяттарын аткарган жана Ыйсага болгон ишенимди сактаган ыйыктардын чыдамкайлыгы талап кылынат».
13
Анан мен асмандан сүйлөгөн үндү уктум, ал үн мага мындай деди: «Жаз: “Ушул учурдан баштап, Теңирге таандык болуп өлгөндөр бактылуу. Ооба, – дейт Рух, – алар өздөрүнүн иштеринен эс алышат, иштери алардын артынан барат”».
14
Анан мен ак булутту көрдүм. Анын үстүндө Адам Уулуна окшогон бирөө отуруптур. Анын башында алтын таажы, колунда курч орок бар экен.
15
Ийбадатканадан бир периште чыгып, булуттун үстүндө отурганга катуу үн менен мындай деди: «Орогуңду шилтеп, оро башта, анткени түшүм жыйноо убагы келди, себеби жер үстүндө эгин бышты».
16
Ошондо булуттун үстүндө отурган колундагы орогун жерге шилтеди эле, жер орулуп калды.
17
Асмандагы ийбадатканадан дагы бир периште чыкты. Анын колунда да курч орок бар экен.
18
Оттун үстүнөн бийлиги бар бир периште курмандык чалынуучу жайдан чыгып, курч ороктууга катуу үн менен мындай деп кыйкырды: «Курч орогуңду ал да, жер үстүндөгү жүзүм шиңгилдерин кес, анткени жүзүм бышты».
19
Ошондо периште орогун жерге шилтеди да, жер үстүндөгү жүзүмдү кесип, Кудайдын каары толтурулган жүзүм сыгылуучу жайга ыргытты.
20
Жүзүм шаардын сыртындагы жүзүм сыгылуучу жайда тебеленди. Ошондо жүзүм сыгылуучу жайдан аккан кан аттын жүгөнүнчөлүк бийиктикке чейин көтөрүлүп, бир миң алты жүз стадий аралыкка чейин жетти.
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 15 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22