bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 9
Revelation 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 10 →
1
Бешинчи периште сурнай тартканда, мен асмандан жерге түшкөн жылдызды көрдүм. Ал жылдызга түпсүз туңгуюктун ачкычы берилди.
2
Ал түпсүз туңгуюкту ачканда, чоң мештен түтүн чыккансып, андан түтүн чыкты. Түпсүз туңгуюктан чыккан түтүндөн улам, аба карарып, күн көрүнбөй калды.
3
Ошондо түтүндөн жер үстүнө чегиртке чыкты, ага жер үстүндөгү чаяндыкындай бийлик берилди.
4
Ал чегирткеге мындай деп айтылды: «Жер үстүндөгү чөпкө, эч бир өсүмдүккө, эч бир даракка зыян келтирбе, чекесинде Кудайдын мөөрү жок адамдарга гана зыян келтир».
5
Ага аларды өлтүрүүгө эмес, беш ай кыйноого гана уруксат берилди. Чаян чакканда адам кандай кыйналса, анын кыйноосу да ошондой эле.
6
Ошол күндөрдө адамдар өлүмдү издешет, бирок таба алышпайт; алар өлүмдү каалашат, бирок өлүм алардан качып кетет.
7
Чегирткенин сырткы көрүнүшү согушка даярдалган аттардай эле. Анын баштарында алтын таажыларга окшогон нерселер бар эле, анын беттери болсо адам баласынын бетиндей эле.
8
Чачтары аялдын чачындай, тиштери арстандын тишиндей эле.
9
Анын кийгени темир соотко окшогон сооттор эле, ал эми канаттарынын шуулдоосу согушка бара жаткан, көп атка чегилген арабалардын калдыраганына окшош эле.
10
Анын чаяндыкындай куйруктары, куйруктарында болсо уусу бар эле. Ага адамдарды беш ай кыйноого бийлик берилди.
11
Анын падышасы туңгуюктун периштеси эле. Ал периштенин аты эврейче Абадон, ал эми грекче Аполион экен.
12
Биринчи кайгы өтүп кетти. Мына, анын артынан дагы эки кайгы келе жатат.
13
Алтынчы периште сурнай тартканда, мен Кудайдын алдында турган, алтындан жасалган курмандык чалынуучу жайдын төрт мүйүзүнөн чыккан бир үндү уктум.
14
Ал үн сурнай кармап турган алтынчы периштеге: «Улуу Эфрат дарыясынын боюнда байланып турган төрт периштени бошот», – деди.
15
Ушул жылга, ушул айга, ушул күнгө жана ушул саатка даярдалган төрт периште адамдардын үчтөн бир бөлүгүн өлтүрүү үчүн бошотулду.
16
Атчан аскерлердин саны эки жүз миллион экенин уктум.
17
Ошентип, мен көрүнүштө аттарды жана аларга мингендерди көрдүм. Атчандардын оттой кызыл, кара көк жана күкүрттөй сары сооттору бар эле. Аттардын баштары арстандын башындай эле. Алардын ооздорунан от, түтүн жана күкүрт чыгып турду.
18
Алардын ооздорунан чыккан бул үч жазадан – оттон, түтүндөн жана күкүрттөн адамдардын үчтөн бир бөлүгү кырылды.
19
Анткени бул аттардын күчү ооздорунда жана куйруктарында эле. Алардын куйруктары жыландарга окшош эле. Жыландардын баштары бар болчу, ошолор менен зыян келтиришчү.
20
Бул үч жазадан өлбөгөн адамдар болсо жиндерге жана өздөрүнүн колу менен алтындан, күмүштөн, жезден, таштан, жыгачтан жасалган, көрбөгөн, укпаган, баспаган кудайларга табынышканы үчүн өкүнүп тобо кылышкан жок.
21
Алар өздөрүнүн киши өлтүрүшкөнү үчүн да, сыйкырчылык кылышканы үчүн да, ойноштук кылып нике бузушканы үчүн да, уурулук кылышканы үчүн да өкүнүп тобо кылышкан жок.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22