bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 17
Revelation 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 18 →
1
Жети чөйчөк кармаган жети периштенин бири келип, мага мындай деди: «Бери жакын кел, мен сага көптөгөн суулардын үстүндө отурган өтө бузулган аялдын үстүнөн болгон сотту көрсөтөм.
2
Ал аял менен жер үстүндөгү падышалар бузуктук кылышкан, ал аялдын бузуктугунун шарабына жер үстүндө жашагандар мас болушкан».
3
Анан ал мени Рух аркылуу чөлгө алып барды. Ошондо мен кыпкызыл жырткычтын үстүндө отурган аялды көрдүм. Жети башы, он мүйүзү бар ал жырткыч Кудайды жамандаган ысымдарга толо эле.
4
Аялдын кийими кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемеден, жасалгасы алтындан, кымбат баалуу таштардан жана берметтен эле. Ал колуна жийиркеничтүү нерселерге жана өзүнүн бузуктугунун ыпылас иштерине толгон алтын чөйчөк кармап алыптыр.
5
Анын чекесинде бир ысым жазылуу эле, жашыруун сыр: «Улуу Бабыл – жер үстүндөгү бузулган аялдардын жана жийиркеничтүү нерселердин энеси».
6
Мен бул аялдын ыйыктардын жана Ыйсанын күбөлөрүнүн канына тойгонун көрдүм. Аялды көрүп, мен аябай таң калдым.
7
Ошондо периште мага мындай деди: «Эмнеге таң калып жатасың? Мен сага бул аялдын жана аны көтөрүп жүргөн жети баштуу, он мүйүздүү жырткычтын жашыруун сырын айтып берем.
8
Сен көргөн жырткыч мурун бар болчу, азыр жок. Ал түпсүз туңгуюктан чыгып, кыйроого учурайт. Жер үстүндө жашагандардын ичинен ысымдары дүйнө жаралгандан тартып эле өмүр китебине жазылбагандар мурун бар болуп, азыр жок болуп кеткен жана келе турган бул жырткычты көрүп таң калышат.
9
Бул жерде акылмандык керек. Жети баш – аял отурган жети тоо, ошондой эле жети падыша.
10
Алардын бешөө кулаган, бирөө турат, бирөө али келе элек. Ал келгенде, көпкө турбайт.
11
Мурун бар болгон, азыр жок болгон жырткыч – сегизинчиси. Ал жетөөнүн бири болуп, кыйроого учурайт.
12
Сен көргөн он мүйүз – он падыша. Алар өздөрүнүн падышачылык бийлигин алыша элек, бирок алар падыша катары падышачылык бийликти жырткыч менен бирге бир саатка алышат.
13
Алардын ой-максаты бир, алар өздөрүнүн күчүн жана бийлигин жырткычка өткөрүп беришет.
14
Алар Козу менен согушушат, бирок Козу аларды жеңет, анткени Ал – теңирлердин Теңири, падышалардын Падышасы. Анын жанындагылар – чакырылгандар, тандалгандар жана ишенимдүүлөр».
15
Анан периште мага мындай деди: «Сен көргөн, бузулган аял отурган суулар – адамдар, элдер, уруулар жана тилдер.
16
Сен көргөн он мүйүз жана жырткыч бузулган аялды жек көрүп, талап-тонойт, жылаңачтайт. Анын этин жеп, өзүн өрттөп жиберет.
17
Анткени Кудай алардын жүрөгүнө Өзүнүн каалоосун аткарууну, Өзүнүн ушул каалоосун аткарууну, Кудайдын сөзү аткарылганга чейин, алардын падышачылыгын жырткычка өткөрүп берүүнү салган.
18
Сен көргөн аял болсо – жер үстүндөгү падышалардын үстүнөн бийлик жүргүзгөн улуу шаар».
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22