bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 13
Revelation 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 14 →
1
Мен деңиздин жээгиндеги кум үстүндө туруп, деңизден чыгып келе жаткан жырткычты көрдүм. Анын жети башы, он мүйүзү, мүйүздөрүндө болсо он таажы, ал эми баштарында Кудайды жамандаган ысымдар бар эле.
2
Мен көргөн ал жырткыч илбирске окшош экен. Анын буттары аюунукундай, оозу арстандыкындай экен. Ажыдаар ага өзүнүн күчүн, тактысын жана улуу бийлик берди.
3
Мен ал жырткычтын бир башынын оор жарадар экенин көрдүм, бирок ал оор жаракат айыгып калды. Бүт жер жүзү таң калып, жырткычтын артынан ээрчиди. Алар жырткычка бийлик берген ажыдаарга таазим кылып жатышты.
4
«Бул жырткычка ким тең келе алат? Аны менен ким салгылаша алат?» – деп, алар жырткычка табынып жатышты.
5
Ага текеберденип сүйлөгөн жана Кудайды жамандаган ооз берилди, ошондой эле ага өз бийлигин колдонууга кырк эки ай берилди.
6
Ошондо ал Кудайды, Анын ысымын, Анын жашаган жайын жана асманда жашагандарды жамандоо үчүн оозун ачты.
7
Ага ыйыктар менен согушуп, аларды жеңүүгө жол берилди. Ага бардык уруулардын, элдердин, тилдердин, улуттардын үстүнөн бийлик берилди.
8
Жер үстүндө жашагандардын бардыгы, ысымдары дүйнө жаралганда эле союлган Козунун өмүр китебине жазылбаган адамдар ага таазим кылышат.
9
Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун.
10
Ким бирөөнү туткундаса, ал өзү туткундалат. Ким кылыч менен бирөөнү өлтүрсө, ал өзү да кылычтан өлөт. Бул жерде ыйыктардын чыдамкайлыгы жана ишеними керек.
11
Анан мен жерден чыгып келе жаткан башка жырткычты көрдүм. Анын козунукундай эки мүйүзү бар экен, бирок ал ажыдаардай сүйлөйт экен.
12
Ал биринчи жырткычтын алдында анын бүт бийлиги менен иш жүргүзүп, бүт жер жүзүн жана анда жашагандардын баарын оор жаракаты айыккан биринчи жырткычка таазим кылууга мажбурлайт.
13
Ал улуу кереметтерди көрсөтөт. Атүгүл, адамдардын көз алдында асмандан жер үстүнө от да түшүрөт.
14
Ага жырткычтын алдында кереметтерди жасоого бийлик берилген. Ал ошол кереметтери менен жер үстүндө жашагандарды азгырып, аларга: «Кылычтан жаракат алып, бирок тирүү калган жырткычтын айкелин жасагыла», – деп айтат.
15
Жырткычтын айкели сүйлөшү үчүн, өз ишин жүргүзүп, өзүнүн айкелине табынбаган ар бир адамды өлтүрүшү үчүн, ага анын айкелине рух киргизүүгө бийлик берилди.
16
Ал чоңго да, кичинеге да, байга да, жакырга да, эркин адамга да, кулга да – бардыгынын оң колуна же чекесине белги салдырат.
17
Ошондо ушул белги: же жырткычтын ысымы, же анын ысымын билдирген сан коюлбаган адамга сатууга же сатып алууга болбойт.
18
Бул жерде акылмандык керек. Кимдин акылы бар болсо, ал жырткычтын санын эсептеп алсын, анткени бул – адамдын саны. Бул сан – алты жүз алтымыш алты.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22