bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Revelation 16
Revelation 16
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 17 →
1
Анан мен ийбадатканадан чыккан катуу үндү уктум, ал үн жети периштеге: «Баргыла, Кудайдын жети чөйчөктөгү каарын жерге төккүлө», – деди.
2
Биринчи периште барып, өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн жерге төктү. Ошондо жырткычтын белгисин койдурган, анын бейнесине табынган адамдарга жугуштуу жана жийиркеничтүү ириңдүү жаралар чыкты.
3
Экинчи периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн деңизге төктү. Ошондо деңиз суусу өлгөн адамдын канындай болуп калды, деңиздеги тирүү жандыктын бардыгы өлдү.
4
Yчүнчү периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн дарыяларга жана булактарга төктү. Ошондо алар канга айланды.
5
Анан мен суулардын периштесинин мындай деп сүйлөгөнүн уктум: «Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон Теңир, Сен адилетсиң жана ыйыксың, анткени Сен туура өкүм чыгардың.
6
Алар ыйыктардын жана пайгамбарлардын канын төгүштү. Ошон үчүн Сен аларга кан ичирдиң, алар ошого татыктуу».
7
Анан мен курмандык чалынуучу жайдан мындай деп сүйлөгөн үндү уктум: «Ооба, бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир, Сенин өкүмдөрүң туура жана адилет».
8
Төртүнчү периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн күнгө төктү. Ошондо күнгө адамдарды от менен күйгүзүүгө бийлик берилди.
9
Адамдар катуу ысыкка күйүп, ушул алааматтардын үстүнөн бийлиги бар Кудайдын ысымына тил тийгизип жатышты. Алар тобо кылышкан жок, Аны даңкташкан жок.
10
Бешинчи периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн жырткычтын тактысына төктү. Ошондо анын падышачылыгын караңгылык каптады. Адамдар оор азаптан кыйналып, тилдерин тиштешти,
11
өздөрүнүн тарткан азабы жана жаралары үчүн асмандагы Кудайга тил тийгизип жатышты. Алар өздөрүнүн иштери үчүн өкүнүп тобо кылышкан жок.
12
Алтынчы периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн улуу Эфрат дарыясына төктү. Ошондо күн чыгыштан келе турган падышаларга жол даяр болуш үчүн, дарыя соолуп калды.
13
Анан мен ажыдаардын, жырткычтын жана жалган пайгамбардын оозунан курбакага окшогон үч таза эмес рух чыкканын көрдүм.
14
Бул рухтар – жышаандарды көрсөткөн жиндердин рухтары. Алар бүт дүйнөнүн падышаларына барып, аларды бардыгын кармап туруучу Кудайдын улуу күнүндө боло турган согушка чогултуп келишет.
15
«Мен ууру сыяктуу күтүлбөгөн жерден келем. Сергек жүргөн жана жылаңач калып уят болбош үчүн, өзүнүн кийимдерин сактап жүргөн адам бактылуу».
16
Ал рухтар падышаларды эврейче Армагедон деп аталган жерге чогултушту.
17
Жетинчи периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн абага төктү. Ошондо асмандагы ийбадатканадагы тактыдан «Аткарылды!» деген катуу үн чыкты.
18
Чагылган чартылдап, күн күркүрөп, дабыштар чыгып, катуу жер титирөө болду. Адамдар жер үстүндө жашагандан бери мындай катуу жер титирөө болуп көргөн эмес. Бул ушунчалык катуу жер титирөө эле.
19
Ошондо улуу шаар үч бөлүккө бөлүндү, бутпарастардын шаарлары кулады. Өзүнүн каары толтурулган шарап чөйчөгүн берүү үчүн, Кудай улуу Бабылды эсине алды.
20
Ошондо аралдардын баары жок болуп кетти, тоолор да жер менен жексен болду.
21
Асмандан адамдардын үстүнө салмагы бир талант болгон мөндүр жаады. Ошондо адамдар мөндүр алааматы үчүн Кудайга тил тийгизишти, анткени мөндүр алааматы аябай оор эле.
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 17 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22