bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 1
Numbers 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 2 →
1
Ысрайыл эли Мисир жеринен чыккандан кийин, экинчи жылдын экинчи айынын биринчи күнүндө Синай чөлүндө, жыйын чатырында Теңир Мусага мындай деди:
2
«Арун экөөңөр Ысрайылдын бүткүл жамаатындагы ар бир урууну, ар бир үй-бүлөнү санап чыккыла. Эркек аттууларынын бирин да калтырбай, аттарын атап санап чыккыла.
3
Ысрайыл элинин жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактууларынын баарын кошуундары боюнча санап чыккыла.
4
Ар бир уруунун уруу башчысы силерге жардам берсин.
5
Силерге жардамдаша турган эркектердин аттары мындай: Рубейин уруусунан Шедейурдун уулу Элитсур,
6
Шымон уруусунан Суришадайдын уулу Шелумиел,
7
Жүйүт уруусунан Аминадаптын уулу Нахшон,
8
Исахар уруусунан Суардын уулу Натанаел,
9
Забулун уруусунан Хейлондун уулу Элийап,
10
Жусуптун уулдарынан: Эпрайым уруусунан Амийуттун уулу Элишама, Менаше уруусунан Пыдатсурдун уулу Гамлиел,
11
Бенжемин уруусунан Гидонинин уулу Абидан,
12
Дан уруусунан Амишадайдын уулу Ахиезер,
13
Ашыр уруусунан Охрандын уулу Пагиел,
14
Гат уруусунан Ребуелдин уулу Элийасап,
15
Напталы уруусунан Эйнандын уулу Акира.
16
Булар – жамааттын тандалган уулдары, өз-өз урууларынын уруу башчылары, Ысрайыл миң башылары».
17
Муса менен Арун аттары аталган ушул эркектерди алып жөнөштү.
18
Алар экинчи айдын биринчи күнү бүткүл жамаатты жыйнашты. Ошондо алар жыйырма жана андан жогорку жаштагы эркек аттуулардын бирин калтырбай, уруусу, үй-бүлөсү боюнча аттарын атап санап чыгышты.
19
Муса Теңирдин айтканындай кылып, аларды Синай чөлүндө санап чыкты.
20
Ошондо Ысрайылдын тун уулу Рубейинден тараган, жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бири калбай, уруусу, тукуму, үй-бүлөсү боюнча аттары аталды.
21
Рубейин уруусундагы эркектердин саны кырк алты миң беш жүз болду.
22
Шымондун уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.
23
Шымон уруусундагы эркектердин саны элүү тогуз миң үч жүз болду.
24
Гаттын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.
25
Гат уруусундагы эркектердин саны кырк беш миң алты жүз элүү болду.
26
Жүйүттүн уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.
27
Жүйүт уруусундагы эркектердин саны жетимиш төрт миң алты жүз болду.
28
Исахардын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.
29
Исахар уруусундагы эркектердин саны элүү төрт миң төрт жүз болду.
30
Забулундун уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.
31
Забулун уруусундагы эркектердин саны элүү жети миң төрт жүз болду.
32
Жусуптун уулу Эпрайымдын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.
33
Эпрайым уруусундагы эркектердин саны кырк миң беш жүз болду.
34
Жусуптун уулу Менашенин уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.
35
Менаше уруусундагы эркектердин саны отуз эки миң эки жүз болду.
36
Бенжеминдин уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.
37
Бенжемин уруусундагы эркектердин саны отуз беш миң төрт жүз болду.
38
Дандын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.
39
Дан уруусундагы эркектердин саны алтымыш эки миң жети жүз болду.
40
Ашырдын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.
41
Ашыр уруусундагы эркектердин саны кырк бир миң беш жүз болду.
42
Напталынын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактуу эркек аттууларынын бирин калтырбай, аттарын атап санап чыгышты.
43
Напталы уруусундагы эркектердин саны элүү үч миң төрт жүз болду.
44
Санакка киргендер мына ушулар. Аларды Муса менен Арун жана Ысрайылдын уруу башчылары – он эки уруу башчы санап чыгышты.
45
Алар Ысрайыл уулдарынын согушка жарактуу жыйырма жана андан жогорку жаштагы эркек аттууларынын баарын үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.
46
Алардын жалпы саны алты жүз үч миң беш жүз элүү болду.
47
Леби уруусу алар менен кошо санакка кирген жок.
48
Анткени Теңир Мусага мындай деп айткан:
49
«Леби уруусун гана тизмеге киргизбе, Ысрайыл уулдарындай кылып аларды санаба.
50
Лебилерге жыйын чатырын жана ага тиешелүү бардык нерселерди тапшырып бер. Алар жыйын чатырын жана ага тиешелүү нерселердин баарын көтөрүп жүрүшсүн, ошол жерде кызмат кылышсын жана анын тегерегине өздөрүнүн станын жайгаштырышсын.
51
Жыйын чатырын көчүргөндө, лебилер жыйнаштырсын; жыйын чатырын орноткондо, лебилер орнотсун. Эгерде бул ишке лебилерден бөлөк бирөө жакындаса, ал өлүм жазасына тартылсын.
52
Ысрайыл уулдары өз станынын, өз туусунун жанында турушсун.
53
Теңирдин каары Ысрайыл уулдарына төгүлбөш үчүн, лебилер өз стандарын жыйын чатырынын тегерегине жайгаштырышсын. Лебилер жыйын чатырынын жанында күзөттө турушсун».
54
Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылышты.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36