bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 10
Numbers 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 11 →
1
Теңир Мусага дагы мындай деди:
2
«Күмүштөн эки сурнай жаса, аларды чегип жаса. Сурнайларды сен жамаатты чакырыш үчүн, станды ордунан жылдырыш үчүн колдон.
3
Сурнайлар тартылганда, бүткүл жамаат жыйын чатырынын алдына чогулат.
4
Бир сурнай тартылганда, төрөлөр менен Ысрайылдын миң башылары чогулат.
5
Сурнайды үзүп-үзүп тартканда, жыйын чатырынын чыгыш тарабында турган стандар козголот.
6
Сурнайды экинчи ирет үзүп-үзүп тартканда, жыйын чатырынын түштүк тарабында турган стандар козголот. Стан жолго чыгарда, сурнайларды үзүп-үзүп тартышсын.
7
Элди жыйынга чакырарда, сурнайларды үзбөй тарткыла.
8
Сурнайларды Арундун уулдары – ыйык кызмат кылуучулар гана тартышсын. Бул көрсөтмө силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын.
9
Жериңерге кол салган душмандарыңар менен согушарда, сурнайларыңарды үзүп-үзүп тарткыла, ошондо Кудай-Теңириңер силерди эстеп, душмандарыңардан куткарат.
10
Көңүл ачкан күндөрүңөрдө, майрамдарыңарда, ай жаңырганда, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалганыңарда, сурнайларыңарды тарткыла. Бул сурнай силерди Кудайыңар эсине алышы үчүн тартылат. Мен силердин Кудай-Теңириңермин».
11
Экинчи жылдын экинчи айынын жыйырманчы күнү жыйын чатырынын үстүнөн булут көтөрүлдү.
12
Ошондо Ысрайыл уулдары станы менен Синай чөлүнөн чыгышты. Булут болсо Паран чөлүнө келип токтоду.
13
Ошентип, алар биринчи жолу Теңирдин Муса аркылуу берген буйругу боюнча жолго чыгышты.
14
Биринчи болуп Жүйүт станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Аминадаптын уулу Нахшон турду.
15
Исахар уруусунун кошуун башында Суардын уулу Натанаел турду.
16
Забулун уулдарынын кошуун башында Хейлондун уулу Элийап турду.
17
Жыйын чатыры чечилгенден кийин, аны Гейиршон уулдары менен Мерари уулдары көтөрүп жөнөштү.
18
Анан Рубейин станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Шедейурдун уулу Элитсур турду.
19
Шымон уулдарынын кошуун башында Суришадайдын уулу Шелумиел турду.
20
Гат уулдарынын кошуун башында Ребуелдин уулу Элийасап турду.
21
Андан кийин ыйык жайды көтөргөн Кааттын уулдары жөнөштү. Жыйын чатырын болсо алар келгиче орнотуп коюшчу.
22
Анан Эпрайым станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Амийуттун уулу Элишама турду.
23
Менаше уулдарынын кошуун башында Пыдатсурдун уулу Гамлиел турду.
24
Бенжемин уулдарынын кошуун башында Гидонинин уулу Абидан турду.
25
Акыркы болуп Дан станы туусун көтөрүп, кошуундары менен жолго чыкты. Алардын кошуун башында Амишадайдын уулу Ахиезер турду.
26
Ашыр уулдарынын кошуун башында Охрандын уулу Пагиел турду.
27
Напталы уулдарынын кошуун башында Эйнандын уулу Акира турду.
28
Ысрайыл уулдарынын кошуундары ушундай тартип менен жолго чыгышты.
29
Ошондо Муса мидиандык тууганы Ребуелдин уулу Хобапка мындай деди: «Биз азыр Теңир берем деп убада кылган жерге жөнөйбүз. Биз менен жүр, биз сага жакшылык кылабыз, анткени Теңир Ысрайылга жакшылык убада кылган».
30
Бирок ал: «Барбайм, мен өз жериме, өз мекениме барам», – деди.
31
Ошондо Муса ага мындай деди: «Бизди таштаба, анткени сен станыбызды чөлдө кантип жайгаштырып жатканыбызды билесиң, бизге жол көрсөтүүчү бол.
32
Эгерде биз менен барсаң, Теңирдин бизге кыла турган жакшылыгына үлүштөш болосуң».
33
Анан алар Теңирдин тоосунан жолго чыгып, үч күн жол жүрүштү. Теңирдин келишим сандыгын көтөргөндөр кошуун токтой турган жерди табыш үчүн, үч күн бою алдыда жол жүрүштү.
34
Алар жолго чыкканда, күндүз Теңирдин булуту аларга жол көрсөтүп турду.
35
Келишим сандыгын көтөргөндөр жолго чыкканда, Муса мындай дечү: «Теңир, ордуңан тур! Сен ордуңан турганда, Сенин душмандарың чачырап кетсин, Сени жек көргөндөр Сенин жүзүңдөн качсын!»
36
Келишим сандыгын көтөргөндөр токтогондо, Муса мындай дечү: «Теңир, миңдеген, түмөндөгөн Ысрайыл уулдарына кайрылып кел!»
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36