bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 19
Numbers 19
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 20 →
1
Теңир Муса менен Арунга мындай деди:
2
«Теңирдин осуят кылган мыйзамы бул: “Ысрайыл уулдарына айт, алар сага кемчиликсиз, майып эмес, моюнтурук салынбаган күрөң кунажын алып келишсин.
3
Анан аны стандын сыртына алып чыгып, Элазардын көз алдында союшсун.
4
Анан ыйык кызмат кылуучу Элазар анын канына сөөмөйүн малып, жыйын чатырынын алдына жети жолу чачсын.
5
Анан кунажынды анын көз алдында өрттөшсүн: терисин да, этин да, канын да, кан-жинин да өрттөшсүн.
6
Анан ыйык кызмат кылуучу кедр жыгачын, иссоп жана кочкул кызыл жүндөн жасалган жип алып, күйүп жаткан кунажындын үстүнө таштасын.
7
Анан ыйык кызмат кылуучу кийимин жана денесин сууга жууп, станга келсин. Ал кечке чейин таза эмес болот.
8
Аны өрттөгөн адам кийимдерин, денесин сууга жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.
9
Анан таза адам өрттөлгөн кунажындын күлүн чогултуп, стандын сыртындагы таза жерге койсун. Ал Ысрайыл уулдарынын жамааты үчүн, тазартуучу суу үчүн сакталсын. Бул – күнөө үчүн чалынган курмандык.
10
Анан кунажындын күлүн чогулткан киши кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот. Бул Ысрайыл уулдары үчүн жана алар менен жашаган келгиндер үчүн түбөлүк мыйзам болсун.
11
Ким өлгөн кишинин денесине тийсе, ал жети күн таза эмес болот.
12
Бул суу менен ал өзүн үчүнчү жана жетинчи күнү тазаласын, ошондо таза болот. Эгерде ал үчүнчү күнү жана жетинчи күнү тазаланбаса, таза болбойт.
13
Өлгөн кишинин денесине колун тийгизип, бирок өзүн тазалабаган адам Теңирдин ыйык жайын булгаган болот, ал Ысрайыл элинин арасынан жок кылынсын, анткени ага тазартуучу суу чачылган эмес, ал таза эмес, анын таза эместиги өзүндө калды.
14
Мыйзам мындай: Эгерде адам чатырда өлсө, анда чатырга киргендин баары жана чатырдагылардын баары жети күн бою таза эмес болот.
15
Оозу байланбаган жана үстү жабылбаган ачык идиштердин баары таза эмес болот.
16
Талаада кылычтан өлгөн адамга же өлгөн адамга, же өлгөн адамдын сөөгүнө, же мүрзөсүнө тийген адам жети күн таза эмес болот.
17
Таза эмес адамды тазалаш үчүн, күнөө үчүн өрттөлгөн жанагы курмандыктын күлүн алып, идишке салып, үстүнө агын суудан куйсун.
18
Анан таза адам иссоптон бир тутам алып, аны сууга малып, чатырга жана чатырдын ичиндеги идиштерге, кишилерге, өлгөн адамдын сөөгүнө, же өлтүрүлгөн адамга, же өлгөн адамга, же табытка тийген адамга чачсын.
19
Таза адам таза эмес адамга үчүнчү жана жетинчи күнү ошентип чачсын, жетинчи күнү аны тазартсын. Анан ал кийимин, денесин суу менен жуусун, ал кечинде таза болот.
20
Ким таза эмес болуп туруп өзүн тазартпаса, ал эл ичинен жок кылынсын, анткени ал Теңирдин ыйык жайын булгады, ага тазартуучу суу чачылган эмес, ал таза эмес.
21
Бул алар үчүн түбөлүктүү мыйзам болсун. Тазартуучу суу чачкан адам да кийимин жуусун. Тазартуучу сууга тийген адам кечке чейин таза эмес болот.
22
Таза эмес адам эмнеге тийсе, ошонун баары таза эмес болот. Таза эмес адамга тийген адам да кечке чейин таза эмес болот”».
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 20 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36