bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 23
Numbers 23
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 24 →
1
Ошондо Билам Балакка: «Мага бул жерге жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, жети букачар, жети кочкор даярдап бер», – деди.
2
Балак Билам айткандай кылды. Ар бир курмандык чалынуучу жайда Балак менен Билам бирден букачар, бирден кочкор чалышты.
3
Анан Билам Балакка: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңдын жанында туруп тур, мен барып келейин. Балким, Теңир мага жолугар. Ал мага эмнени айтса, ошону сага айтам», – деп айтып, бийик жерге чыгып кетти.
4
Ошондо Кудай Биламга жолукту. Билам Кудайга: «Мен жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, ар бир курмандык чалынуучу жайда бирден букачар, бирден кочкор чалдым», – деди.
5
Ошондо Теңир Биламдын айтчу сөзүн оозуна салып: «Балакка кайра барып, ушул сөздөрдү айт», – деди.
6
Билам Балакка кайтып келсе, ал өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгынын жанында Маап төрөлөрү менен туруптур.
7
Ошондо Билам мындай деди: «Маап падышасы Балак мени Месопотамиядан, чыгыш тоолорунан алдырып алып: “Кел, Жакыпты каргап бер, кел, Ысрайыл элин каргап бер”, – деди.
8
Кудай аны каргабаса, мен аны кантип каргайын? Теңир ага жамандык кылбаса, мен ага кантип жамандык кылайын?
9
Мен аны аскалардын чокусунан көрүп турам, адырлардын башынан карап турам: бул өзүнчө жашаган, эсепке кирбеген эл экен.
10
Кумдай сансыз Жакыпты ким санап чыгат да, Ысрайылдын төрттөн бир бөлүгүн ким эсептеп чыгат? Ошол адил адамдар өлгөн сыяктуу өлсөм экен, күнүм ошолордуку сыяктуу эле бүтсө экен!»
11
Ошондо Балак Биламга: «Бул эмне кылганың? Мен сени кас душмандарымды каргап берсин деп алдырбадым беле, сен болсо бата берип жатасың!» – деди.
12
Билам болсо: «Теңир оозума эмнени салса, мен так ошону айтышым керек эмеспи», – деп жооп берди.
13
Балак ага: «Жүр мени менен башка жерге, сен ал элди ошол жерден көрөсүң, бирок бүт бойдон көрбөйсүң, бир бөлүгүн гана көрөсүң, ошол жерден каргап бер», – деди.
14
Анан аны Пизги тоосунун чокусундагы сакчылар турган жерге алып келип, жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, ар бир курмандык чалынуучу жайда бирден букачар, бирден кочкор чалды.
15
Ошондо Билам Балакка: «Ушул жерде, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңдын жанында туруп тур, мен болсо тигил жакка Кудай менен жолукканы барып келейин», – деди.
16
Теңир Биламга жолугуп, айтар сөзүн оозуна салып: «Балакка кайра барып, ушул сөздөрдү айт», – деди.
17
Ал кайра келсе, Балак өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгынын жанында Маап төрөлөрү менен туруптур. Ошондо Балак андан: «Теңир эмне деп айтты?» – деп сурады.
18
Ал мындай сөздөрдү айтты: «Тур, Балак, мени ук, Сипор уулу, сөзүмө кулак сал.
19
Калп айткыдай, Кудай адам эмес, өзгөрүлүп кеткидей, Кудай адам баласы эмес. Ал айтканын аткарбай коймок беле? Ал дегенин кылбай коймок беле?
20
Мына, мен бата бере баштадым, анткени Ал Өзү бата берип жатат, ошондуктан мен муну өзгөртө албайм.
21
Жакыптын башына мүшкүл түшөрү көрүнбөйт, Ысрайылдын башына бактысыздык келери билинбейт. Кудай, анын Теңири, аны менен, Ысрайылдан падыша сурнайынын үнү чыгат.
22
Аларды Мисирден Кудай алып чыккан, алардын күчү буйволдун күчүндөй.
23
Жакыпка эч кандай көз байлоочулук таасир этпейт, Ысрайылга сыйкыр таасир этпейт. Өз учурунда Жакып тууралуу, Ысрайыл тууралуу: “Карагылачы, Кудай кандай укмуштарды жаратты!” – деп айтышат.
24
Бул эл ургаачы арстандай комдонуп, эркек арстандай турду. Эми ал олжосун басып жемейинче, жайлаганынын канына канмайынча жатпайт».
25
Балак Биламга мындай деди: «Аны каргабасаң каргабай эле кой, бата бербесең бербей эле кой».
26
Билам Балакка мындай деп жооп берди: «Теңир мага эмнени айтса, ошону аткарам деп, мен сага айтпадым беле?»
27
Ошондо Балак Биламга: «Жүр, мен сени башка жерге алып барайын, балким, бул Кудайга жагар, ошол жактан элди каргап берерсиң», – деди.
28
Анан Балак Биламды чөлдү караган Пейор тоосунун чокусуна алып чыкты.
29
Билам Балакка: «Мага ушул жерге жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, жети букачар, жети кочкор даярдап бер», – деди.
30
Балак Билам айткандай кылып, ар бир курмандык чалынуучу жайда бирден букачар, бирден кочкор чалды.
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 24 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36