bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 26
Numbers 26
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 27 →
1
Ошол кыйроодон кийин Теңир Мусага жана ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Элазарга мындай деди:
2
«Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатындагы жыйырма жана андан жогорку жаштагы согушка жарактууларын уруусу боюнча санап чыккыла».
3
Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар аларга мындай дешти:
4
«Теңир Мусага буйругандай, Мисир жеринен чыккан Ысрайыл уулдарынын жыйырма жана андан жогорку жаштагыларынын бардыгын санап чыккыла.
5
Ысрайылдын туну – Рубейин. Рубейиндин уулдарынан тараган уруулар: Ханохтон тараган Ханох уруусу, Палудан тараган Палу уруусу,
6
Хесрондон тараган Хесрон уруусу, Кармиден тараган Карми уруусу.
7
Мына ушулар – Рубейиндин уруулары. Булардын саны кырк үч миң жети жүз отуз болду.
8
Палунун уулу – Элийап.
9
Элийаптын уулдары: Немуел, Датан жана Абырам. Теңирге каршы чыккан Корактын таламдаштарына кошулуп, Муса менен Арунга каршы чыккан Датан менен Абырам ушул.
10
Ошондо жер араанын ачып, аларды жана Коракты жутуп алган. От эки жүз элүү кишини өрттөп кеткенде, алар менен бирге таламдаштары да өлүшкөн. Бул аларга эскертүү болуп калган.
11
Бирок Корактын уулдары өлгөн эмес.
12
Шымондун уулдарынан тараган уруулар: Немуелден тараган Немуел уруусу, Жаминден тараган Жамин уруусу, Жахинден тараган Жахин уруусу,
13
Зерактан тараган Зерак уруусу, Шабулдан тараган Шабул уруусу.
14
Мына ушулар – Шымондун уруулары, алардын саны – жыйырма эки миң эки жүз.
15
Гат уулдарынан тараган уруулар: Сепондон тараган Сепон уруусу, Хагиден тараган Хаги уруусу, Шуниден тараган Шуни уруусу,
16
Озниден тараган Озни уруусу, Эйриден тараган Эйри уруусу,
17
Ароттон тараган Арот уруусу, Арейлиден тараган Арейли уруусу.
18
Мына ушулар – Гат уруулары, алардын саны – кырк миң беш жүз.
19
Жүйүттүн уулдары: Эйир жана Онан. Бирок Эйир менен Онан Канаан жеринде өлүшкөн.
20
Жүйүттүн уулдарынан тараган уруулар: Шейладан тараган Шейла уруусу, Перестен тараган Перес уруусу, Зерактан тараган Зерак уруусу.
21
Перестин уруулары: Кесрондон тараган Кесрон уруусу, Хамулдан тараган Хамул уруусу.
22
Мына ушулар – Жүйүт уруулары, алардын саны – жетимиш алты миң беш жүз.
23
Исахар уулдарынан тараган уруулар: Толадан тараган Тола уруусу, Пубадан тараган Пуба уруусу,
24
Жашуптан тараган Жашуп уруусу, Шимрондон тараган Шимрон уруусу.
25
Мына ушулар – Исахар уруулары, алардын саны – алтымыш төрт миң үч жүз.
26
Забулун уулдарынан тараган уруулар: Сереттен тараган Серет уруусу, Эйлондон тараган Эйлон уруусу, Жахлиелден тараган Жахлиел уруусу.
27
Мына ушулар – Забулун уруулары, алардын саны – алтымыш миң беш жүз.
28
Жусуптун уулдарынан тараган уруулар: Менаше менен Эпрайым.
29
Менашенин уулдары: Махирден тараган Махир уруусу. Махирден Гилат туулган, Гилаттан Гилат уруусу тараган.
30
Гилаттын уулдары булар: Жезерден тараган Жезер уруусу, Хейлектен тараган Хейлек уруусу,
31
Асриелден тараган Асриел уруусу, Шехемден тараган Шехем уруусу,
32
Шемиттен тараган Шемит уруусу, Хейперден тараган Хейпер уруусу.
33
Хейпер уулу Салапаттын эркек балдары болгон эмес, кыздары гана болгон. Салапаттын кыздарынын аттары: Махла, Ноя, Хогла, Милка жана Тирса.
34
Мына ушулар – Менаше уруулары, алардын саны – элүү эки миң жети жүз.
35
Эпрайымдын уулдарынан тараган уруулар: Шутелахтан тараган Шутелах уруусу, Бехерден тараган Бехер уруусу, Тахандан тараган Тахан уруусу.
36
Шутелахтын уулдары булар: Эйрондон тараган Эйрон уруусу.
37
Мына ушулар – Эпрайым уулдарынан тараган уруулар, алардын саны – отуз эки миң беш жүз. Өз-өз уруулары боюнча Жусуптун уулдары ушулар.
38
Бенжеминдин уулдарынан тараган уруулар мына булар: Беладан тараган Бела уруусу, Ашбелден тараган Ашбел уруусу, Акирамдан тараган Акирам уруусу,
39
Шепупамдан тараган Шепупам уруусу, Хупамдан тараган Хупам уруусу.
40
Беланын уулдары: Арт менен Нааман. Арттан Арт уруусу, Наамандан Нааман уруусу тараган.
41
Бенжеминдин уулдарынан тараган уруулар ушулар, алардын саны – кырк беш миң алты жүз.
42
Дандын уулдарынан тараган уруулар мына булар: Шухамдан тараган Шухам уруусу. Дандын уулдарынан тараган уруулар ушулар.
43
Шухамдын урууларын санап чыкканда, алтымыш төрт миң төрт жүз болду.
44
Ашырдын уулдарынан тараган уруулар булар: Имнадан тараган Имна уруусу, Ишпадан тараган Ишпа уруусу, Бириядан тараган Бирия уруусу.
45
Бириянын уулдары: Хеберден тараган Хебер уруусу, Малкиелден тараган Малкиел уруусу.
46
Ашырдын кызынын аты Сара эле.
47
Ашырдын уулдарынан тараган урууларды санап чыкканда, элүү үч миң төрт жүз болду.
48
Напталынын уулдарынан тараган уруулар булар: Жахсиелден тараган Жахсиел уруусу, Гуниден тараган Гуни уруусу,
49
Жетсерден тараган Жетсер уруусу, Шилемден тараган Шилем уруусу.
50
Напталынын уулдарынан тараган урууларды санап чыкканда, кырк беш миң төрт жүз болду.
51
Ысрайыл уулдарынын жалпы саны алты жүз бир миң жети жүз отуз болду.
52
Анан Теңир Мусага мындай деди:
53
«Жер адам санына жараша бөлүнсүн.
54
Кайсы уруунун саны көп болсо, ага көбүрөөк жер бер. Кайсы уруунун саны азыраак болсо, ага азыраак жер бер. Жерди ар бир уруунун санына жараша бөлүштүр.
55
Жер өкчөмө таш менен бөлүштүрүлсүн, алар ата-бабаларынын урууларынын аттарына жараша үлүш алышсын.
56
Жер саны көп урууга да, саны аз урууга да өкчөмө таш менен бөлүштүрүлсүн».
57
Өз-өз уруулары боюнча эсепке кирген Леби уруулары булар: Гейиршондон тараган Гейиршон уруусу, Кааттан тараган Каат уруусу, Мерариден тараган Мерари уруусу.
58
Лебиден тараган уруулар булар: Либни уруусу, Хеброн уруусу, Махли уруусу, Муши уруусу, Корак уруусу. Кааттан Амрам төрөлгөн.
59
Амрамдын аялынын аты – Жохебет, ал – Лебинин кызы. Аны Лебинин аялы Мисирде төрөгөн. Ал Амрамга Арун менен Мусаны жана алардын карындашы Мириямды төрөп берген.
60
Арундан Надап менен Абыйут, Элазар менен Итамар төрөлгөн.
61
Бирок Надап менен Абыйут Теңирдин алдына башка от алып келгени үчүн өлүшкөн.
62
Ошентип, бир айлык жана андан жогорку жаштагы эркек аттуулардын саны жыйырма үч миң болду. Алар Ысрайыл уулдары менен чогуу эсептелген жок, анткени Ысрайыл уулдарынын арасынан аларга жер бөлүнгөн эмес.
63
Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар санап чыккан Ысрайыл уулдарынын эсепке киргендери ушулар.
64
Булардын эсебине Муса менен ыйык кызмат кылуучу Арун Синай чөлүндө санап чыккан Ысрайыл уулдарынан бир да киши кирген жок.
65
Анткени Теңир алар жөнүндө: «Алар чөлдө өлүшөт», – деп айткан. Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыядан башка алардан эч ким калган жок.
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 27 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36