bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 35
Numbers 35
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 34
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 36 →
1
Теңир Мусага Жерихонун каршысындагы Иордандын боюнда, Маап түздүгүндө мындай деди:
2
«Ысрайыл уулдарына буйрук бер, алар өздөрүнүн үлүштөрүнөн лебилерге жашай турган шаарларды беришсин. Шаарлардын тегерегиндеги жерлерди да лебилерге бергиле.
3
Шаарлар алар үчүн жашай турган жай болот, талаалар болсо алардын малы үчүн жайыт, мал-мүлкү үчүн короо-жай, күндөлүк керектөөлөрү үчүн жер болот.
4
Лебилерге бере турган шаарлардын тегерегиндеги талаалар шаардын дубалдарынан эки миң чыканак ары болушу керек.
5
Шаардын сыртынан чыгышты карай эки миң чыканак, түштүккө карай эки миң чыканак, батышка карай эки миң чыканак, түндүккө карай эки миң чыканак ченегиле, ортосунда шаар турат: алардын шаардын сыртындагы талаалары ушундай болот.
6
Лебилерге бере турган шаарларыңардын ичинен алты шаарды баш калкалоо үчүн бергиле. Ал шаарларга киши өлтүргөн адам качып барат. Мындан тышкары кырк эки шаар бергиле.
7
Лебилерге талаалары менен кырк сегиз шаар бергиле.
8
Ысрайыл уулдарынын үлүштөрүнөн шаарларды бере баштаганыңарда, саны көп уруудан көбүрөөк үлүш, саны аз уруудан азыраак үлүш бергиле. Ар бир уруу алган үлүшүнө жараша өз шаарларынан лебилерге берүүгө тийиш».
9
Теңир Мусага дагы мындай деди:
10
«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Силер Иордан аркылуу Канаан жерине өткөнүңөрдө,
11
өзүңөргө баш калкалай турган шаарларды тандап алгыла. Ал шаарга кокусунан киши өлтүрүп алган адам качып кете алгыдай болсун.
12
Силердин ушул шаарларыңар киши өлтүргөн адам жамааттын алдына сотко келгенге чейин өч алуучунун колунан өлүп калбаш үчүн баш калкалай турган шаарлар болот.
13
Баш калкалоо үчүн алты шаар бергиле.
14
Yч шаарды Иордан суусунун берки өйүзүнөн, үч шаарды Канаан жеринен бергиле. Ал шаарлар баш калкалай турган шаарлар болсун.
15
Ысрайыл уулдары үчүн да, келгиндер үчүн да, силердин араңарга жер которуп келгендер үчүн да ушул алты шаар баш калкалай турган шаар болот, кокусунан киши өлтүрүп алган адам ошол шаарларга качып кетсин.
16
Ким кимдир бирөөнү темир курал менен уруп өлтүрсө, анда ал киши өлтүргөн адам болуп эсептелет. Киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылсын.
17
Ким кимдир бирөөнү таш менен уруп өлтүрсө, анда ал да киши өлтүргөн адам болуп эсептелет. Киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылсын.
18
Же жыгач курал менен уруп өлтүрсө, ал да киши өлтүргөн адам болуп эсептелет. Киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылсын.
19
Кан кууган адам киши өлтүргөн адамды өлтүрүп салса болот. Аны жолуктурары менен эле өлтүрүп салса болот.
20
Ким кимдир бирөөнү жек көрүп түртүп жиберип же ага атайы эле бирдеме ыргытып өлтүрсө,
21
же болбосо кастык кылып кол менен уруп өлтүрсө, анда урган адам өлүм жазасына тартылсын, анткени ал – киши өлтүргөн адам. Кан кууган адам киши өлтүргөн адамды жолуктурары менен эле өлтүрүп салса болот.
22
Эгерде ал аны кастыгы жок эле түртүп алып, же ага эч бир арам ою жок эле бирдеме ыргытып жиберип,
23
же ага тийсе өлтүрө турган ташты көрбөй ыргытып жиберип кокусунан өлтүрүп алса, бирок ал анын душманы болбосо, ага жамандык каалабаган болсо,
24
анда жамаат киши өлтүргөн адам менен кан кууган адамдын ортосундагы ишти бул мыйзам боюнча карап чыксын:
25
Жамаат кокустан киши өлтүрүп алган адамды кан кууган адамдан куткарып алып, аны баш калкалай турган шаарга кайра жөнөтүшү керек. Ал адам майлоочу май менен майланган башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөнгө чейин, ошол жерде жашап турсун.
26
Эгерде киши өлтүргөн адам качып барып баш калкалап турган шаардын сыртына чыкса,
27
кан кууган адам аны баш калкалай турган шаардын сыртынан кармап алып, кан үчүн өлтүрүп салса, анда ал кан төккөндүгү үчүн күнөөлүү болбойт.
28
Анткени ал башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөнгө чейин, баш калкалай турган шаарда жашап турушу керек эле. Киши өлтүргөн адам өзүнүн жерине башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөндөн кийин кайтышы керек болчу.
29
Бул силерге, силердин укум-тукумуңарга силер жашаган бардык жерлерде түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.
30
Ким киши өлтүрсө, анда киши өлтүргөн адамды күбөлөрдүн сөздөрү боюнча өлтүрүш керек, бирок өлүмгө өкүм кылыш үчүн, бир күбө жетишсиз.
31
Киши өлтүрүп, өлүм жазасына өкүм кылынган киши үчүн кун албагыла, ал өлүм жазасына тартылсын.
32
Баш калкалай турган шаарга качып кеткен кишиден өз жерине кайра кетиши үчүн кун төлөтүп албагыла. Башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөнгө чейин, ал ошол жерде жашап турсун.
33
Өзүңөр жашаган жерди булгабагыла, анткени жерди кан булгайт, кан төккөн кишинин каны төгүлмөйүнчө, жер төгүлгөн кандан тазаланбайт.
34
Өзүңөр жашап жаткан жерди булгабашыңар керек, анткени Мен силердин араңарда жашап жатам. Ысрайыл уулдарынын арасында жашап жаткан Теңир Менмин”».
← Chapter 34
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 36 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36