bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 13
Numbers 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 14 →
1
Ошондон кийин эл Хатсейроттон чыгып, Паран чөлүнө келип токтоду.
2
Ошондо Теңир Мусага мындай деди:
3
«Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан Канаан жерин көрүп келүүгө киши жибер. Ар бир уруудан бирден киши жибер, алар уруу башчыларынан болсун».
4
Муса аларды Теңирдин буйругу боюнча Паран чөлүнөн жөнөттү, алардын баары Ысрайыл уулдарынын башчылары эле.
5
Алардын аттары мындай: Рубейин уруусунан Закурдун уулу Шамуя,
6
Шымон уруусунан Хоринин уулу Шапат,
7
Жүйүт уруусунан Жепундун уулу Калеп,
8
Исахар уруусунан Жусуптун уулу Игал,
9
Эпрайым уруусунан Нундун уулу Ошуя,
10
Бенжемин уруусунан Рапанын уулу Палтий,
11
Забулун уруусунан Содинин уулу Гадиел,
12
Жусуптан тараган Менаше уруусунан Сусинин уулу Гади,
13
Дан уруусунан Гемалинин уулу Амиел,
14
Ашыр уруусунан Михаелдин уулу Сетур,
15
Напталы уруусунан Бопсинин уулу Нахбий,
16
Гат уруусунан Махинин уулу Гуел.
17
Муса жерди көрүп келүүгө жиберген адамдардын аттары ушулар. Ошондо Муса Нундун уулу Ошуяга Жашыя деген ат койду.
18
Муса аларды Канаан жерин көрүп келүүгө жөнөтүп жатып, мындай деди: «Түштүк тараптагы ошол өлкөгө барып, тоосуна чыгып,
19
жерин карап көргүлө. Анда жашаган эл күчтүүбү же алсызбы, көппү же азбы, билип келгиле.
20
Ал эл жашаган жер жакшыбы же жаманбы, жашаган шаарлары кандай, ал эл чатырларда жашайбы же чептүү жердеби, билип келгиле.
21
Ал жердин топурагы семизби, арыкпы, бак-дарак өсөбү же жокпу, билип келгиле. Кайраттуу болгула, ал жердин мөмө-жемиштеринен ала келгиле». Бул убак жүзүм бышкан маал эле.
22
Ошентип, алар жолго чыгып, Син чөлүнөн Хаматтын жанындагы Рехопко чейинки жерлерди карап чыгышты.
23
Анан түштүктү карай бет алып, Анактын тукумдары Акиман, Шейшай, Талмай жашаган Хебронго чейин барышты. Хеброн болсо Мисирдеги Соан шаарынан жети жыл мурда курулган эле.
24
Анан Эшкол өрөөнүнө барып, бир шиңгил жүзүмдү кыйып алып, шыргыйга илип, эки киши көтөрдү. Алар анар, анжыр мөмөлөрүн да алышты.
25
Ысрайыл уулдары ошол жерден жүзүм шиңгилин кыйып алгандыктан, ал өрөөндү Эшкол деп аташты.
26
Ошентип, алар жерди карап чыгып, кырк күндөн кийин кайтып келишти.
27
Алар Паран чөлүнө, Кадешке, Муса менен Арунга жана Ысрайыл уулдарынын жамаатына келип, аларга көргөндөрүн айтып беришти жана ал жердин жемиштерин көрсөтүштү.
28
Алар Мусага мындай деп айтып беришти: «Сен бизди жиберген жерге барып келдик, чын эле, ал жер сүт менен бал аккан жер экен, ал жердин жемиштери мына.
29
Бирок ал жерде жашаган эл күчтүү экен, шаарлары да өтө чоң, чеп менен курчалган экен. Биз ал жерден Анактын тукумун да көрдүк.
30
Ал жердин түштүк жагында амалыктыктар, тоолорунда хеттиктер, жебустуктар жана аморлуктар, деңиз жээги менен Иордан боюнда канаандыктар жашашат экен».
31
Бирок Калеп Мусанын алдында турган элди тынчтандырып: «Жүргүлө, ал жерди ээлеп алалы, анткени биз ал жерди оңой эле басып ала алабыз», – деди.
32
Аны менен барып келгендер болсо: «Жок, биз ал жердин элдерине каршы бара албайбыз, анткени алар бизден алда канча күчтүү экен», – дешти.
33
Ошентип, алар карап келген жерлери жөнүндө Ысрайыл уулдарынын арасына мындай жаман сөз таратышты: «Биз карап чыккан жерлер кызыл кыргын, кара сүргүн кетпеген жерлер экен, биз көргөн кишилердин бардыгы алп кишилер экен.
34
Ал жерден биз Анактын алп тукумунан чыккан алптарды көрдүк, алардын жанында биз өзүбүздү чегирткедей сездик, алардын көзүнө да чегирткедей көрүндүк».
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36