bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 18
Numbers 18
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 19 →
1
Теңир Арунга мындай деди: «Сен жана уулдарың, укум-тукумуң ыйык жайга шалаакы мамиле кылгандардын күнөөсү үчүн жооп бересиңер. Сен жана уулдарың ыйык кызматыңарды туура эмес аткаргандыгыңар үчүн жооп бересиңер.
2
Ошондой эле Леби уруусундагы бир туугандарыңды, атаңдын уруусун өзүңө кошуп ал. Алар сенин кол алдыңда болуп, сага кызмат кылышсын, сен болсо уулдарың менен бирге жыйын чатырынын алдында бол.
3
Алар сага жана жыйын чатырында кызмат кылышсын, бирок алар ыйык жайдын буюмдарына жана курмандык чалынуучу жайга жакындашпасын, болбосо алар да, силер да өлүп каласыңар.
4
Алар сенин кол алдыңда болуп, жыйын чатырында кызмат кылышсын, жыйын чатырындагы бардык жумуштар алардын мойнунда, башка бирөө силерге жакын жолобосун.
5
Мындан ары Ысрайыл уулдарына Теңирдин каары төгүлбөшү үчүн, ыйык жайда жана курмандык чалынуучу жайда ушундай кызмат аткаргыла.
6
Анткени силердин бир туугандарыңар болгон лебилерди Мен Ысрайыл уулдарынын арасынан бөлүп алгам жана жыйын чатырында кызмат кылсын деп, аларды Теңирге тартуу катары силерге бергем.
7
Сен жана уулдарың көшөгөнүн ички жагында жана курмандык чалынуучу жайда ыйык кызматыңарды аткаргыла. Мен силерге ыйык кызмат кылуучулук кызматты тартуу катарында бердим. Ал кызматты башка бирөө аткарса, ал өлүм жазасына тартылсын».
8
Теңир Арунга дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын Мага арнап алып келген курмандыктарына көз салууну Мен сага тапшырдым. Аларды Мен сага жана сенин уулдарыңа ыйык кызматыңар үчүн үлүш кылып бердим. Бул мыйзам силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калсын.
9
Өрттөлүүчү эң ыйык курмандыктардын ичинен сага тиешелүү курмандыктар булар: алардын Мага алып келген нан курмандыктары, күнөө үчүн чалынуучу курмандыктары, айып үчүн чалынуучу курмандыктары. Бул – сен үчүн жана сенин уулдарың үчүн эң ыйык курмандык.
10
Аларды эң ыйык жерде жегиле, аларды бардык эркектер жесе болот. Бул сен үчүн ыйык нерсе болсун.
11
Ысрайыл уулдарынын өйдө көтөрө турган курмандыктарынын баары сага тиешелүү. Аларды Мен сага, сенин уулдарыңа, сенин кыздарыңа бердим. Бул мыйзам сенин укум-тукумуңа түбөлүккө калсын. Аларды сенин үйүңдөгү таза адамдардын бардыгы жесе болот.
12
Ысрайыл уулдарынын Теңирге алып келген зайтун майынын, жүзүмү менен нанынын эң жакшысын, биринчи түшүмдөрүн Мен сага бердим.
13
Алардын Теңирге алып келген биринчи түшүмү сеники болсун. Сенин үйүңдөгү таза адамдардын бардыгы алардан жесе болот.
14
Ысрайыл жериндеги Теңирге арналгандын бардыгы сеники болсун.
15
Теңирге алып келинген тунгучтардын бардыгы: адам болобу, мал болобу, сеники болсун. Бирок адамдын тун баласы менен арам малдын биринчи төлүнүн куну төлөнсүн.
16
Алар үчүн төлөнө турган кунга: бир айдан жогоркулардан баштап өзүңдүн бааң боюнча беш күмүш шекел ал. Ыйык шекел менен алганда, бир шекел жыйырма герге барабар.
17
Бирок өгүздүн, койдун, эчкинин биринчи төлү үчүн кун алба, анткени алар ыйык. Алардын канын курмандык чалынуучу жайга чач, майын жыты Теңирге жаккан курмандык катары өрттө.
18
Төш менен оң сан сыяктуу эле, өйдө көтөрүлө турган курмандыктын бардыгы сага тиешелүү.
19
Ысрайыл уулдарынын Теңирге арнап өйдө көтөрүп алып келген курмандыктарынын бардыгын сага жана өзүң менен жашаган уулдарың менен кыздарыңа бердим. Бул мыйзам сенин укум-тукумуңа түбөлүккө калсын. Бул – сага жана сенин укум-тукумуңа Теңир алдында берилген түбөлүктүү туз келишими».
20
Теңир Арунга дагы мындай деди: «Алардын жеринде өз энчиң болбойт, алардын арасында өз үлүшүң да болбойт. Ысрайыл уулдарынын ичинен сенин үлүшүң да, энчиң да Менмин.
21
Бирок Мен Леби уулдарына алардын кызматы үчүн, жыйын чатырында кызмат кылганы үчүн, Ысрайылдын бардык нерсесинин ондон бир бөлүгүн үлүш кылып бердим.
22
Ысрайыл уулдары күнөөгө батып өлүп калбашы үчүн, мындан ары жыйын чатырына жакындашпасын.
23
Лебилер жыйын чатырында кызмат кылышсын, алардын күнөөсүн көтөрүшсүн. Бул мыйзам силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын. Ысрайыл уулдарынын ичинен алар үлүш алышпайт,
24
себеби Ысрайыл уулдарынын Теңирге алып келген ондуктарынын баарын Мен лебилерге үлүш катары бердим. Ошондуктан Мен аларга: “Ысрайыл уулдарынын ичинен алар үлүш алышпайт”, – деп айткам».
25
Анан Теңир Мусага мындай деди:
26
«Лебилерге мындай деп айт: “Мен силерге Ысрайыл уулдарынын ондуктарын үлүш кылып бердим, ошол ондуктардын ондугун Теңирге тартуулагыла.
27
Ошондо ширени жүзүмдүктөн, данды кырмандан силер алып келген болуп эсептелинесиңер.
28
Ысрайыл уулдарынан алган бардык ондугуңардан силер да Теңирге арнап алып келгиле, алардан алган ондуктун ондон бир бөлүгүн ыйык кызмат кылуучу Арунга бергиле.
29
Силерге тартуулаган бардык нерселердин ичинен эң жакшысын, ыйыгын Теңирге тартуулагыла”.
30
Анан аларга мындай де: “Силер эң жакшысын алып келгенде, ширени жүзүмдүктөн, данды кырмандан лебилер алып келген болуп эсептелинет.
31
Буларды силер үй-бүлөңөр менен каалаган жериңерде жесеңер болот, анткени бул – силердин жыйын чатырында кылган кызматыңардын акысы.
32
Алардын эң жакшысын алып келгиле, ошондо күнөөлүү болбойсуңар. Ысрайыл уулдарынын тартууларын булгабагыла, ошондо өлбөйсүңөр”».
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 19 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36