bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 30
Numbers 30
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 31 →
1
Теңир Мусага эмнени буйруса, ошонун баарын Муса Ысрайыл уулдарына айтып берди.
2
Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларына Муса мындай деди: «Теңир мындай буйрук берди:
3
“Ким Теңирге убада берсе же өзүн өзү тыюуга сөз берип карганса, анда ал айткан сөздөрүн бузбасын, оозунан чыккандын бардыгын аткарсын.
4
Эгерде Теңирге аял убада берсе же жаш чагында, атасынын төрүндө жүргөндө өзүн өзү тыюуга сөз берсе,
5
атасы кызынын убадасын же өзүн өзү тыюуга сөз бергенин угуп, макул болсо, анда кызы бардык убадасын орундатсын, өзүн өзү тыюуга берген сөзүн аткарсын.
6
Эгерде атасы аны угуп, бирок тыйып койсо, анда кызы убадасын, өзүн өзү тыюуга берген сөзүн аткарбай эле койсун, Теңир кызды кечирет, анткени аны атасы тыйып койгон.
7
Эгерде ал кыз күйөөгө чыгып кетип, анын мойнунда өзүн байлаган убадасы же оозунан чыккан сөзү калса,
8
аны күйөөсү билип, макул болсо, анда аял убадасын орундатсын, өзүн өзү тыюуга берген сөзүн аткарсын.
9
Эгерде күйөөсү билип, ага тыюу салса, анда анын мойнундагы убадасын же өзүн байлаган оозунан чыккан сөзүн жокко чыгарган болот. Ошондо аялды Теңир кечирет.
10
Жесир аял же күйөөсү менен ажырашып кеткен аял кандай гана убада бербесин, өзүн өзү тыюуга кандай гана сөз бербесин, бардыгын аткарсын.
11
Эгерде аял күйөөсүнүн үйүндө убада берсе же өзүн өзү тыюуга сөз берсе,
12
аны күйөөсү угуп, макул болуп, тыюу салбаса, анда аял бардык убадасын орундатсын, өзүн өзү тыюуга берген сөздөрүнүн баарын аткарсын.
13
Эгерде күйөөсү угуп, аларды жокко чыгарса, анда аял оозунан чыккан бардык убадаларын жана өзүн өзү тыюуга берген сөздөрүн аткарбай эле койсо болот. Аны күйөөсү жокко чыгаргандыктан, Теңир аны кечирет.
14
Бардык убаданы жана өзүн өзү тыюуга берген бардык сөздү аялдын күйөөсү беките алат жана жокко чыгара алат.
15
Эгерде күйөөсү ал тууралуу уккандан кийин көп күн өтсө да унчукпай койсо, анда ошонусу менен аялынын убадасын жана анын мойнундагы өзүн өзү тыюуга берген сөзүн бекиткен болот, анткени ал тууралуу уккандан кийин да унчуккан жок.
16
Эгерде аларды уккандан кийин жокко чыгарса, анда ал аялынын күнөөсүн өз мойнуна алган болот”».
17
Күйөөсү менен аялынын ортосундагы, жаш чагында атасынын үйүндө жүргөн кыз менен атасынын ортосундагы мамиле тууралуу Теңирлин Мусага осуяттаган мыйзамы ушундай.
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 31 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36