bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 5
Numbers 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 6 →
1
Теңир Мусага мындай деди:
2
«Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук бер: Өздөрү жашап жаткан станды булгабашы үчүн, алар бардык пес оорулууларды, жыныстык мүчөсүнөн ириң аккандарды, өлүккө тийип булгангандарды,
3
эркек болобу, аял болобу, стандын сыртына чыгарып салышсын, алардын арасында Мен жашап жатам».
4
Ысрайыл уулдары ошондой кылышты, аларды стандын сыртына чыгарып салышты. Теңир Мусага кандай айтса, Ысрайыл уулдары ошондой кылышты.
5
Теңир Мусага мындай деди:
6
«Ысрайыл уулдарына айт: “Эркек болобу, аял болобу, адамга каршы кандайдыр бир күнөө кылса, анда ал Кудайга каршы кылмыш кылган болот, ал адам күнөөлүү.
7
Ал кылган күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурасын, кандай зыян келтирсе, ошону толугу менен төлөп берсин. Кимге каршы күнөө кылса, ошол адамдын кунунун үстүнө кунунун бештен бир бөлүгүн кошуп төлөп берсин.
8
Эгерде ал адамдын кунун ала турган мураскору жок болсо, анда анын кунун Теңирге берсин. Анын кунун күнөөсү үчүн чалынуучу кочкор менен кошо ыйык кызмат кылуучуга берсин.
9
Ысрайыл уулдарынын алып келген ыйык курмандыктарынын ичинен өйдө көтөрүп алып келген тартууларынын баары ыйык кызмат кылуучуга таандык.
10
Кимдир бирөө тарабынан арналган нерсе ыйык кызмат кылуучуга таандык. Ким ага эмне алып келсе, ошонун баары ага таандык”».
11
Теңир Мусага дагы мындай деди:
12
«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Кимдин аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, бейопалык кылса,
13
ким ал аял менен жатып, эрендигин агызса, бирок муну күйөөсү билбесе, аялы муну жашыруун кылса, үстүнөн чыккан күбөлөр болбосо, бети ачылбаса,
14
бирок ал аялдын күйөөсү шектенип кызганса, же аялы бузулса-бузулбаса да шектенип кызганса,
15
анда ал аялын ыйык кызмат кылуучуга алып келсин. Аялы үчүн курмандыкка эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк арпа унунан алып келсин, бирок ага зайтун майын куйбасын, ладан салбасын, анткени бул – мыйзамсыздыкты эске салган, кызганыч үчүн алып келинген курмандык.
16
Ыйык кызмат кылуучу ал аялды, Теңирдин алдына алып келсин да,
17
чопо идишке ыйык суудан куюп, жыйын чатырынын жеринен топурак алып, сууга салсын.
18
Анан ыйык кызмат кылуучу ал аялды Теңирдин алдына алып келип, жылаңбаштап, мыйзамсыздыкты эске салган, кызганыч үчүн алып келинген курмандыкты колуна берсин, ыйык кызмат кылуучунун колунда каргышка калтыра турган ачуу суу болсун.
19
Ыйык кызмат кылуучу аялга: “Эгерде эч ким менен жатпасаң жана булганбасаң, күйөөңдүн көзүнө чөп салбасаң, анда каргышка калтыра турган мына бул ачуу суудан эч кандай зыян тартпайсың.
20
Эгерде күйөөңдүн көзүнө чөп салсаң, булгансаң, күйөөңдөн бөлөк бирөө менен жатсаң,
21
анда сага Теңирдин каргышы тийсин, элиңдин да каргышы тийсин, жатының куурап, ичиң шишип кетсин.
22
Каргышка калтыра турган мына бул суу ичиңди аралап өтсүн, ичиң шишип, жатының куурап калсын”, – деп каргыш айтып, ант ичирсин. Аял болсо “Оомийин, оомийин” десин.
23
Анан ыйык кызмат кылуучу кагазга ошол каргыш сөздөрдү жазып, аны ачуу сууга жууп салсын.
24
Анан каргышка калтыра турган сууну аялга ичирсин, ошондо каргышка калтыра турган суу аялдын ичине кирип, ага зыян келтирет.
25
Анан ыйык кызмат кылуучу аялдын колунан кызганыч үчүн алып келинген нан курмандыгын алып, Теңирдин алдында өйдө көтөрүп, курмандык чалынуучу жайга алып барсын.
26
Анан ыйык кызмат кылуучу мыйзамсыздыкты эске салган нан курмандыгынан бир ууч алып, аны курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн, андан кийин аялга жанагы сууну ичирсин.
27
Сууну ичиргенден кийин, эгерде аял таза эмес болсо, күйөөсүнө каршы кылмыш кылса, каргышка калтыра турган ачуу суу ичине кирип, зыян келтирип, ичин шишитип, жатынын кургатат, ал аял эл ичинде жек көрүндү болот.
28
Эгерде аял булганбаган болсо, таза болсо, анда ал эч кандай зыян тартпайт, бала төрөй алат.
29
Кызганыч жөнүндөгү мыйзам ушул. Аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салып булганса,
30
же күйөөсү аялынан шектенип кызганса, анда ал аялын Теңирдин алдына алып келсин, ошондо ыйык кызмат кылуучу ушул мыйзамды аткарсын.
31
Ошондо күйөөсү күнөөдөн таза болот да, аялы өз күнөөсүн өзү көтөрөт».
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36