bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 12
Numbers 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 13 →
1
Муса эфиопиялыктардан аял алды. Эфиопиялыктардан аял алганы үчүн, Мириям менен Арун аны жемеледи.
2
Алар мындай деп айтышты: «Теңир Мусага эле сүйлөдү беле? Ал бизге деле сүйлөбөдү беле?» Ошондо бул сөздү Теңир укту.
3
Муса жер үстүндөгү бардык адамдардын ичинен эң момун адам болгон.
4
Теңир күтүлбөгөн жерден Мусага да, Арунга да, Мириямга да мындай деди: «Yчөөңөр тең жыйын чатырына келгиле». Үчөө тең жыйын чатырына келди.
5
Теңир булут мамынын ичинде келип, жыйын чатырынын алдына туруп калды да, Арун менен Мириямды чакырды. Алар келишти.
6
Ошондо Теңир мындай деди: «Менин сөзүмө кулак салгыла. Эгерде силердин араңарда Теңирдин пайгамбары бар болсо, анда Мен ага көрүнүштөрдө ачылып, аны менен түштөрүндө сүйлөшөм.
7
Бирок Өзүмдүн кулум Мусага андай кылбайм, анткени ал – Менин бүт элимдин ичинен ишенимдүү киши.
8
Мен аны менен табышмактатпай, оозмо-ооз, ачык сүйлөшөм, ал Теңирдин бейнесин да көрүп турат. Силер Менин кулум Мусаны жемелегенден кантип корккон жоксуңар?»
9
Теңир аларга каарданып, кетип калды.
10
Булут мамысы жыйын чатырынан алыстап кетти. Ошондо Мириямды кардай ак пес оорусу каптап калды. Арун Мириямды караса, ал пес оорулуу болуп калыптыр.
11
Ошондо Арун Мусага мындай деди: «Муса мырзам! Биздин күнөөбүздү кечир, биз акылсыздыктан күнөө кылдык.
12
Аны энесинин ичинен чыга электе эле денесинин жарымы чирип, өлүү төрөлгөн баладай кылба».
13
Ошондо Муса Теңирге: «О Кудай, аны айыктыра көр!» – деп жалынып жиберди.
14
Теңир Мусага мындай деди: «Эгерде атасы анын бетине түкүрсө, анда ал жети күн уялып жүрмөк. Ошондуктан ал стандын сыртында жети күн камалып, анан кайтып келсин».
15
Мириям стандын сыртында жети күн камалды. Мириям кайрылып келгиче, эл жолго чыкпай, ордунда турду.
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36