bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 9
Numbers 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 10 →
1
Теңир Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыккандан кийин, экинчи жылдын биринчи айында, Синай чөлүндө Теңир Мусага мындай деди:
2
«Ысрайыл уулдары Пасах майрамын өзүнүн белгиленген убагында өткөрүшсүн.
3
Пасах майрамын ушул айдын он төртүнчү күнү кечинде, өзүнүн белгиленген убагында өткөргүлө. Аны бардык мыйзамы, тартиби боюнча өткөргүлө».
4
Анан Муса Ысрайыл уулдарына: «Пасахты өткөргүлө», – деди.
5
Ошондо алар биринчи айдын он төртүнчү күнү кечинде Синай чөлүндө Пасах өткөрүштү. Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылып өткөрүштү.
6
Ошол күнү өлгөн адамдын денесине кол тийгизип, таза эмес болгон адамдар да болду, ошондуктан алар Пасахты өткөрө алышкан жок. Ошол күнү алар Муса менен Арунга келип, мындай дешти:
7
«Биз өлгөн адамдын денесине кол тийгизип, таза эмес болуп калдык. Эмне үчүн бизди Ысрайыл уулдары менен бирге Теңирге белгиленген убакта курмандык алып келүү укугунан ажыратып жатышат?»
8
Ошондо Муса аларга: «Токтогула, силер тууралуу Теңир кандай буйрук берерин угайын», – деди.
9
Анан Теңир Мусага мындай деди:
10
«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Эгерде силердин араңардан же силердин тукумуңардын ичинен кимдир бирөө өлгөн адамдын денесине тийип, таза эмес болуп калса, же болбосо алыскы сапарда жүрсө, ошондо да ал Теңирдин Пасахын өткөрүүгө тийиш.
11
Андай адамдар экинчи айдын он төртүнчү күнү кечинде Пасахты ачыткысыз нан, ачуу чөп жеп өткөрүшсүн.
12
Пасахтын тамагынан эртең мененкиге калтырышпасын, анын сөөктөрүн сындырышпасын, Пасахты өзүнүн бардык эрежеси менен өткөрүшсүн.
13
Таза адам же сапарда жүрбөгөн адам Пасахты өткөрбөй койсо, ал эл арасынан жок кылынсын, анткени белгиленген убакта ал Теңирге курмандык алып келген жок, өз күнөөсүн өзү көтөрсүн.
14
Эгерде силердин араңарда келгин жашаса, ал да Теңирдин Пасахын өткөрүүгө тийиш. Ал аны бардык мыйзамы, тартиби менен өткөрүүгө тийиш. Келгин үчүн да, жергиликтүү тургун үчүн да бирдей мыйзам болсун».
15
Жыйын чатырын орноткон күнү жыйын чатырын булут каптап, ал жыйын чатырынын үстүндө кеч киргенден таң атканга чейин от сыяктуу болуп турду.
16
Дайыма ушундай болуп турду. Ал күндүз булут мамы, түнкүсүн от мамы болуп турду.
17
Булут жыйын чатырынан көтөрүлгөндө, Ысрайыл уулдары жолго чыгышчу, булут токтогон жерге Ысрайыл уулдарынын станы токточу.
18
Ысрайыл уулдары Теңирдин буйругу боюнча жолго чыгышчу, Теңирдин буйругу боюнча токтошчу. Булут жыйын чатырынын үстүндө канча турса, алар да ошончо турушчу.
19
Эгерде булут жыйын чатырынын үстүндө узак убакытка туруп калса, анда Ысрайыл уулдары Теңирдин ушул буйругу боюнча токтоп турушчу.
20
Кээде булут жыйын чатырынын үстүндө аз эле убакыт турчу, ошондо алар Теңирдин буйругу боюнча токтошчу, Теңирдин буйругу боюнча жолго чыгышчу.
21
Кээде булут жыйын чатырынын үстүндө кеч киргенден таң атканга чейин туруп, таң атканда көтөрүлчү, ошондо алар жолго чыгышчу же булут бир күн, бир түн туруп көтөрүлгөндө, алар жолго чыгышчу.
22
Булут жыйын чатырынын үстүндө эки күн, же бир ай, же бир нече күн турганда, Ысрайыл уулдары жолго чыгышчу эмес, ал көтөрүлгөн кезде гана алар жолго чыгышчу.
23
Алар Теңирдин көрсөтмөсү боюнча токтошчу, Теңирдин көрсөтмөсү боюнча жолго чыгышчу. Алар Теңирдин Муса аркылуу берген буйругу боюнча Теңирдин көрсөтмөсүн аткарышчу.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36