bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Numbers 27
Numbers 27
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 28 →
1
Ошондо Салапаттын кыздары келишти. Салапат Хейпердин, Хейпер Гилаттын, Гилат Махирдин, Махир Менашенин, Менаше Жусуптун уулу. Салапаттын кыздарынын аттары Махла, Ноя, Хогла, Милка жана Тирса эле.
2
Алар Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазардын, төрөлөр менен бардык жамааттын алдына келип, жыйын чатырынын оозунда туруп, мындай дешти:
3
«Биздин атабыз чөлдө өлгөн, ал Теңирге каршы чыккан Корактын таламдаштарынын арасында болгон эмес, ал өз күнөөсү үчүн өлгөн, анын эркек балдары болгон эмес.
4
Эркек баласы жок болсо эле, атабыздын аты өз уруусунун арасынан өчүп калышы керекпи? Атабыздын бир туугандарынын арасынан бизге да жер бергиле».
5
Муса бул ишти Теңирдин алдына койду.
6
Ошондо Теңир Мусага мындай деди:
7
«Салапаттын кыздары туура айтып жатат, аларга атасынын бир туугандарынын арасынан мураска жер бер, аларга атасынын үлүшүн бер.
8
Анан Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Ким эркек бала көрбөй өлсө, анда анын энчисин кыздарына өткөрүп бергиле.
9
Эгерде кыздары жок болсо, анда анын энчисин бир туугандарына бергиле.
10
Эгерде бир туугандары жок болсо, анда анын үлүшүн атасынын бир туугандарына бергиле.
11
Эгерде атасынын бир туугандары жок болсо, анда анын үлүшүн мураска калтыруу үчүн, өз уруусундагы жакын туугандарынын бирине бергиле. Теңир Мусага буйругандай, бул мыйзам Ысрайыл уулдарына түбөлүккө калсын”».
12
Теңир Мусага дагы мындай деди: «Мына бул Абарым тоосуна чыгып, Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерди кара.
13
Ал жерди карап чыккандан кийин, бир тууганың Арун өз элине кошулгандай, сен да өз элиңе кошул.
14
Анткени силер Син чөлүндө Менин буйругумду аткарбай койгонсуңар, бүт жамаат наалып жатканда, Мериба суусунун боюнда аларга Менин ыйыктыгымды көрсөткөн эмессиңер».
15
Муса Теңирге мындай деди:
16
«Теңир, бардык адамдардын рухунун Кудайы, ушул жамаатты башкара турган адамды дайындап койсо экен.
17
Теңирдин жамааты кайтаруучусу жок койлордой болбошу үчүн, алардын алдында кирип-чыга турган, аларды алып чыгып, алып кире турган адам болсо экен».
18
Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Ичинде Рух бар Нундун уулу Жашыяны өзүңө чакырып, башына колуңду кой,
19
аны ыйык кызмат кылуучу Элазардын алдына, бүт жамааттын алдына тургузуп, алардын көз алдында ага акыл-насаат айт.
20
Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты ага баш ийиши үчүн, өз даңкыңдан бер.
21
Ал ыйык кызмат кылуучу Элазарга кайрылып турсун. Элазар болсо Теңирдин чечимин урим аркылуу сурасын. Ысрайылдын бардык уулдары менен бүткүл жамааты аны менен бирге болуп, анын айтканы боюнча кирип-чыгып турууга тийиш».
22
Теңир буйругандай, Муса Жашыяны чакырып, ыйык кызмат кылуучу Элазардын жана бүт жамааттын алдына койду.
23
Анан ал Жашыянын башына колун коюп, Теңир кандай айтса, ошондой кылып, ага акыл-насаат айтты.
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 28 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36